Ысык-Көлгө 150 баланы алып баруу демилгеси 23 жаштагы жаштагы кызга таандык. Аты-жөнүн коомчулукка жарыя кылгысы келбеген кыз балдарды алып келүүгө демөөрчүлүк да кылган.
Биз көл жээгине барганда бир топ бала ойноп жүргөн экен. Ичинен бир баланы кепке тарттык:
- Иман катуу чуркайсыңбы?
-Ооба, аябай катуу чуркайм, бирок, мени чоң балдар менен тургузуп коюшту. Мага чоңдор менен ойногон жагат, кызыктуу...
Каратору, тыпылдаган он жаштагы Иман, өзү курдуулардан кичинекей бою менен айырмаланат. Бала айткандай эле биринчи чуркап келип, катарлаштарын уят кылган жок. Оюн аянтчасында Иман сыяктуу, көл жээгинде алгач эс алып жаткан дагы 130дан ашык баланын жылмайган жүздөрүн көрө аласың. Алардын ар биринин тагдыры ар кандай. Айрымдары чоң адам көтөрө алгыс жүктү көтөрүп, бели катый элек маалында иштеп өгөйлөнгөндөр болсо, көбү ата-энесинен томолой жетим калып же алардын бирин жоготкондор.
- Мен жакшы үй-бүлө күтүп, турмушка чыксам деп кыялданам. Балдарым да көп болсун, ушинтип көлгө аларды алып келип эс алдырып, чогуу ойномокмун. Азыр мен, балдар үйүндө досторум менен жашайм. Жакын үч курбум бар. Балдар үйү деле жакшы, кызыктуу, сабак окутуп, курсагыбызды тойгузуп карашат, бирок, апа деген андан жакшы да!
Өзү орус болсо да, кыргызча таптак сүйлөгөн 10 жаштагы Анжела эне мээриминен эрте ажырап, үч жылдан бери Бишкектеги балдар үйүнүн биринде. Буга анын өз энесин ата-энелик укуктан ажыратканы себеп болгон. Анжела үй-бүлөдө жалгыз эмес. Анын дагы алты бир тууганы ар кайсы балдар үйүндө тарбияланып келишет. Анжела чоңойгондо милиция кызматкери болгусу келет:
- Чоңойсом милицияда иштесем деп көп кыялданам. Себеби, алар жаман адамдарды, ууруларды кармап, уурдаган акчаларын элге кайтарып беришет. Бирок, фотомодель болсом деп да ойлонуп калдым. Сүрөткө түшкөн жагат. Мына минтип түшмөкмүн.
Рональдодой болсом дейм...
Айылыма барарымда аптыгып, Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып, Балбалактайм бар-жогумду унутуп, Балалыгым келүүчүдөй бастырып. Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп, Мен алыстан сагынганда атамды. Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп, Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды...
Он төрт жаштагы Мээрим ата-энеге кусалыгын ушул ыр менен туюнтат. Мээримдин атасы эки жыл мурда дүйнө салган экен. Өспүрүм кыз келечекте мугалим болгусу келет. Сегиз бир туугандын ортончусу, үй жумуштары менен көп алектенгендиктен, айрым сабактарынан жетишпей каларын айтты:
- Жетишкенге аракет кылам, бирок, кээ бир сабактарымдан жакшы баа албайм. Үйдө көп жумуш кылганда, сабак окуганга убактым болбой калат. Мектептен келер замат эжеме жардам берем, үй жыйнайм, тамак жасайм. Мен көп бир тууганмын да, баарыбыз бири-бирибизге, апабызга жардам берип турабыз. Кийин чоңойгондо көп балалуу болгум келет, бирок, алар тентек болушпаса экен.
12 жаштагы Арген Кара-Балта шаарынын балдар интернатынын тарбиялануучусу. Каарманыбыз бир канча жыл мурда ата-энесинен ажыраган. Бирок төрт бир тууганы менен жолугуп турат. Курдаштары менен топту катыра ойногон бала, келечекте Рональдо сыяктуу футболчу болсом дейт. Анын бул кыялынан да артык көргөн максаты бар:
- Бүгүн бул жакта гол киргизе албай жатам. Өзүмдүн аянтчамда аябай жакшы ойночумун. Келечекте көп балалуу болгум келет. Бирок, мен алардын ата-энеси жок өсүшүн каалабайм, өзүм багам, эркелетем. Байкем, эжелерим чоңоюп калдың деп, көп эркелетишпейт.
Балдар менен сүйлөшүп жатып алардын көбү Ысык-Көлгө алгач ирет келгенин, эс алуудан рахат алып жатканын байкадым. Айтмакчы, жетим балдардын бир жума эс алуусун макаланын башында айткандай 23 жаштагы кыз каржылап, «Элим, барсыңбы?» коомдук-кайрымдуулук фонду ишке ашырды. Кызыгы, ал кыз маек берүүдөн баш тартып, атын атаганга да уруксат берген жок. А биз өз учурунда балдардын кыялдары орундалсын деген тилек менен кайтып келе бердик…