Маркумдун туугандары эгиз уулдарын көрбөй кеткен Мээрим Дайырбекованын өлүмүнө дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болгонун айтып жатышат. Төрөтканада келиндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталды.
26 жашында төрөттөн кийин өзүнө келбей каза болгон Мээримдин сиңдиси Сезим Дайырбекова эжеси Бишкектеги №4 перинаталдык борборго “Тез жардам” менен 27-августта келгенин айтууда.
Эгиз төрөгөндөн кийин Мээримдин абалы начарлап, температурасы көтөрүлүп түшпөй койгон. Мына ушундан кийин эжесинин каралбай калганын белгилеген Сезим дарыгерлерди, алардын кайдыгерлигин айыптады:
Элет көзүнөн учкан төрөткана
Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.
- Дарыгерлердин катасынан, кайдыгерлигинен улам өтүп кетти. "Тез жардам" менен барып, мөөнөтүнөн мурда төрөдү. Төрөт жакшы өттү, бирок көз жаргандан кийин дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, бир сутка бою түшпөй койгон. Төрөттөн кийин ичи катуу ооруп баштаганын нөөмөттөгү дарыгерлерге айтса эч нерсе кылышкан эмес. Таңга чейин көп кан жоготуп, эси ооп калган. Операцияга алып киришип, ал жакта беш-алты саат жатты. Врачтар жатын калсынбы же калбасынбы деп чечим чыгарганча эки саат жатты окшойт. Наркоздон чыкпай эле ошол түнү өтүп кетти. Дарыгерлердин кайдыгерлигинен ушундай болду.
№4 төрт үйү бул окуя боюнча кызматтык иликтөө баштады.
Борбордун башкы врачы Бурул Алмазбекованын айтымында, маркум Мээрим Дайырбекова жарык дүйнөгө алып келген ымыркайлардын абалы дурус. 1 килограмм 700 грамм жана 1 килограмм 860 грамм төрөлгөн балдар азыр вакуумда жатышат.
Алмазбекова келин төрөттөн кийин каралбай калган дегенге толук кошула бербейт. Ал өлүмдүн себебин аныктоо үчүн медициналык экспертиза керектигин, бирок буга келиндин туугандары каршы чыгып, окуяны териштирүү үчүн милицияга кайрылганын айтты:
- Эки эгиз эркек балдар төрөлдү. Алардын салмагы аз. Себеби келин ичтеги балдарга 31 жума болгондо эле көз жарды. Төрөт залында энени эки саат эле караш керек, бирок булар беш саат карашыптыр. Түнү менен палатада жаткан, акушерлер бир нече жолу карап турушкан. Эгиз төрөгөн аялдын жатыны чоңураак болот. Төрөттөн кийин анча-мынча кайсы бир убакта кан кетип аткан. Бирок аны нормалдуу деп баамдашыптыр.
Алмазбекованын айтымында, температурасы көтөрүлгөн келиндин жатынында кан топтолуп калганы айтылып, операция жасалган. Муну баш дарыгер өзү да көзөмөлдөп турган. Бирок эгиздердин энеси Мээримдин абалы оорлошо берген.
- 3-5 литр канын жоготкон аялдар болот. Биз аларды жакшына эле оор абалдан чыгарып алабыз. Операция учурунда келинден 200 грамм эле кан кеткен. Анан эмнеге абалы оорлошуп кеткени бизге белгисиз болуп жатат. Анын себебин билүү үчүн маркумду союш керек болуп жатат. Температура болгону, үйдөн кусуп келгенинин себеби белгисиз. Бирок ага туугандары макул болгон жок.
Ал эми №18 бейтапкананын акушер-гинекологу Айгүл Жээналиева маркум кош бойлуу кезинде дарыгерлердин каттоосуна өтө кеч турганын белгиледи. Анын айтымында, келин төрөткө аз калганда Москвадан келген, ага чейин эч кандай анализ тапшырган эмес:
- Бир ай мурда Москвадан келиптир. Курсагына 28 жума болуптур, колунда бир да кагаз жок экен, текшерилбептир. Ичтеги балдар деген деген УЗИнин аныктамасын көрсөткөн жок. Бул жакта анализдерин текшергенбиз, баары эле жакшы чыккан. Болгону кандын гемоглобини аз, 82 болуп чыккан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдүн чоо-жайын иликтөө боюнча атайын комиссия түздү.
Анткен менен маркумдун сиңдиси Сезим Дайырбекова эжесинин ден соолугу, УЗИ жыйынтыктары жакшы болгонун белгилеп жатат.
- Буга чейин УЗИлери деле жакшы чыккан. Ден соолугу боюнча арызданган эмес, төрөтү деле жакшы өттү. Төрөттөн кийин карабай коюшкан да. Жатынын тазалабай коюшкан же тону калып калган... "Тез жардам" менен барып, мөөнөтүнөн эрте, эгиз төрөгөндөн кийин жакшылап карашы керек болчу.
Маркум Мээрим Дайырбекова эки бир туугандын улуусу болчу. Эгиздерден сырткары артында үч жашар баласы калды.
Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын буга чейин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн өлгөн.
Медицинада кош бойлуулуктун 40-жумасына жакындаган төрөт эне үчүн да, бала үчүн да нормалдуу деп эсептелет. Ага чейин эне ай сайын анализ тапшырып, текшерилип турушу ыктымал ооруларды же башка тобокелдиктердин алдын алууга жардам берет.
"Азаттыктын" архиви: "Төрөттөн ажал тапкандар", 13.11.2015-жыл
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.