Жергиликтүү укук коргоочулар мунун себебин өлкөдө балдарды коргоо саясатынын чабалдыгы менен байланыштырууда.
Чүй облусунун Озерное айылынан аёосуз токмоктолуп, сексуалдык зомбулукка дуушар болду делген эки жашар бала ушул тапта Бишкектеги №3 балдар ооруканасында эсине келе албай, комада жатат. Оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүралиевдин билдиришинче, азыр бала реанимация бөлүмүндө жана абалы дагы эле оор бойдон.
- Баланын абалы өтө оор, эсине келбей жатат. Балага атасы, эки бир тууганы менен келип жатышат. Дары-дармектер бизде жетиштүү.
Чычкандай наристенин катуу сабалып, ар кандай оор жарааттарды алышы коомчулукка белгилүү болгон соң, укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүн президент өз көзөмөлүнө аларын билдирген.
Мыйзамдар эмнеге иштебей жатат?
Бул окуяны талкуулаган парламент депутаттары балдар укугун коргоо маселесинде өлкө бийлигинин аракетсиздигин сындап чыгышты. Депутат Ыргал Кадыралиеванын айтымында, буга чейин балдар зомбулугун алдын алууга багытталган ар кандай сунуштар парламенттин колдоосуна ээ болбой, ал эми бар мыйзамдардын толук кандуу иштебей келгендиги акыры ушундай аянычтуу окуялардын келип чыгышына шарт түздү.
- Айрым учурда биз сунуштаган мыйзамдар парламенттен өтпөй калып жатат, же өкмөт ошол кабыл алган токтом, мыйзамдарды ишке ашырууда өзүнүн кайдыгерлигин көрсөтүүдө. Мисалы, Ширин Айтматова балдардын укугун коргоочу акыйкатчынын атайын бир орун басарлыгын сунуштаган. Андан тышкары Турсунбай Бакир уулу бачабаздарга карата жаза шартын күчөтүү боюнча сунуш берген. Бул эки сунуштун тең парламенттен өтпөй калгандыгынын терс жактарын бүгүн мына коомчулук көрүп жатат. Ушундай кетирген кемчиликтердин айынан бүгүн балдардын укугу тебеленүүдө.
Эки жашар баланын тагдырына Бириккен улуттар уюмунун балдар укугун коргоо комитети тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстанда соңку жылдары балдарга сексуалдык ыдык көрсөтүү көрүнүштөрү көбөйүп бараткандыгын белгилеген.
Болору болуп, боёсу канып калгандан кийин...
Балдар укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, үй-бүлөдө балдардын жакындарынан, туугандарынан зомбулук көргөн учурларын ачыкка алып чыгуу өтө кыйын, анткени бул үчүн атайын керектүү механизмдер иштелип чыккан эмес. Укук коргоочунун пикиринде, балдардын зомбулукка байма-бай кабылып жатышы бул жаатта өкмөттүн саясатынын туура эмес багытта бара жаткандыгын айгинелеп турат.
- Бала деген бирөөнүн үй-бүлөсүндө жүргөндө эмнеге квартал кызматкерлери байкаган эмес? Анын денесинде эски тырыктардын болушу узак убакыт бою уруп-сабоолорго туш болгонун көрсөтүп турат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында балдарды жана үй-бүлөнү коргоо боюнча бөлүмдөр бар. Алар ар бир үй-бүлөнү билиши керек. Кандай үй-бүлө, канча бала жашайт, канчасы өзүнүкү, документтери кандай? Бизде ошол социалдык кызматкерлер жетишпегендиктен, алардын жумуштары да туура эмес түзүлгөндүктөн ушундай окуялар болуп жатат.
Жарандык активист жок дегенде үй-бүлөдө балдарга карата зомбулукту ачыкка чыгаруу үчүн ишеним телефонун ачуу зарылдыгын белгилейт. Бул кызматты запкы көргөн балдар өздөрү деле пайдаланмак же болбосо зомбулукка күбө болгон кошуналар деле чалып койсо жыйынтык болмок. Аталган демилге бир нече жолу көтөрүлгөн менен, каражат жок деген себептен улам ишке ашкан эмес.
Кайдыгерлик жана зөөкүрлүк
Социалдык жактан өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин билдиришинче, укук коргоочулар айтып жаткан социалдык кызматкерлер өлкөдө бар, бирок алардын милдети багар-көрөрү жок, өз алдынча оокат кыла албай калган карыларга кам көрүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө өкмөттүн балдарга карата камкордугу жөлөк пул чегерүү менен чектелет.
Министрдин айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча программа быйыл гана жаңыдан иштелип чыгып, парламенттин кароосунан өттү. Эми аны тийиштүү органдар тарабынан ишке ашыруу милдети турат.
- Балдар укугу боюнча программаны быйыл жаңыдан парламент кабыл алды. Аны Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги жана биздин министрлик биригип, ишке ашыруубуз керек. Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы турушубуз керек, ал үчүн жаңы мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Мунун баары программада жазылган.
2013-жылы Бишкектин жаңы конуштарынын биринде өз атасы зордуктаган үч жашар кыздын абалы, былтыр 1,5 жашар кыздын туугандарынан кордук көрүп, майып болуп калгандыгы, кечээ жакында эле Ошто өзүнүн тайлары тарабынан зордукталган өспүрүм кыздын тагдыры учурда коомчулуктун көңүл чордонунда турат.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, 2014-жылы өлкө боюнча балдарга карата колдонулган зордук-зомбулуктардын саны 900гө жеткен.
Балдар укугун коргоо лигасы өткөн жылы Бишкек шаарында мындай 31 фактынын үстүндө иштеп, жабыркаган балдарга укуктук жардам көрсөткөн. Алардын ичинен 24ү зордуктоого туш болгон балдар болуп саналат.