Чейрек кылым мурдагы кырсыктын запкысын кыргызстандыктар да тартууда

Чернобыл кырсыгынын курмандыктарын эскерүү. Бишкек, 26-апрель.

Мындан туптуура 25 жыл мурдагы Чернобыл алааматынын кесепеттерин жоюуга миңдеген кыргызстандыктар да катышкан.
Учурда алардын көбү майып, 25 жылдан бери ар кандай илдеттер менен алпурушуп келет.
26-апрелде Чернобыл өзөктүк электр станциясындагы жарылууга 25 жыл толду. Бул күнү Бишкектеги Фучик гүлбагында бул алаамат кесепетинен каза болгондорду эскерүү жыйыны өттү.

Чернобылга үч миңден ашык кыргызстандыктар барган

Адамзат тарыхындагы эң чоң өзөктүк кырсыктын кесепеттерин жоюуга алар мындан чейрек кылым мурда – күлгүн курагында аттанышкан эле. Эми алардын алды ар кандай оорулардын запкысын тартууда.

Жарылуудан кийинки иштерге 3 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алардын жарымына жакыны 50 жашка чыкпай каза тапкан.

Кеңеш өкмөтү Чернобыл кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн начар жабдылган он миңдеген жумушчуларды жана аскер адамдарын өзөктүк апаат болгон аймакка жөнөткөн.

Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Нурлан Мамбеталиев кырсык болгондон кийин 3 күндөн кийин Чернобылга барып, бир жарым иштеген. Анын айынан ал экинчи топтогу майып болуп калган.

- Биз кырсык болгондон кийин 3 күндөн кийин Чернобылга барып, бир жарым жыл ошол аймакта жоокердик кызмат кылдым. Ошол атомдук станциянын, заводдордун айланасына тикенек зым тартып, күзөт кылып, жабдууларды алып чыгуу жана башка жумуштарды аткардык. Аскерден келгенден кийин бир-эки жылдан кийин кесепеттери билине баштады. Ооруй баштадык, чачтар түшө баштады. Башым, анан буту-колум, сөөктөрүм ооруй баштады. Башында бизди эч ким деле карабай, камкордукка алган эмес. Ооругандыктан дарыгерлердин кароосунан өтүп, алгач 3-топтогу, акыркы беш-алты жылдан бери 2-топтогу майып болуп калдым. Ак кан болуп ооругандар бар арабызда. Көп жигиттердин көзү өтүп кетти.

Радиация залакасы 3-4 муунга чейин тийет

Совет өкмөтү чернобылчыларга каралган жеңилдиктердин айрымдары кыскарып отуруп, арзыбаган акчалай жардам эми дары-дармектерине да жетпей жатканын 2-топтогу майып Жоомарт Жумадылов айтат:

- Ошол мезгилде өзөктүк жарылуунун зыянын бизге айтышкан эмес. Жашырса дагы кийин жалпы дүйнө жүзүнө билинди. 4-энергоблок жарылган да. Биз ошол жерде чыккан өрт кырсыгын, түтүндү өчүрүүгө катыштык. Айланасын курчоого алып, текшерүү-көзөмөлгө алып, кишилерди киргизбей турдук. Учурда чернобылчыларга каралган жеңилдиктердин айрымдары кыскартылып, арзыбаган акчалай жардамдар дары-дармектерине дагы жетпей жатат. Жылдан жылга ден соолук начарлап баратат. Бизди ишке, жумушка дагы алышпайт. Чернобылда 32-14 аскер бөлүгүндө кызмат кылып, 2-топтогу майып болуп калдым.Балдарым дагы оорукчан болуп калды. Бир кызымдын мурдунан кан агып, өтө чабал. Дагы бир кызым нерв оорусу менен жабыр тартып, маал-маалы менен жыгылып калат.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, радиациянын залакасы 3-4 муунга чейин тийет. Ошондон улам, Кыргызстанда Чернобылга барган адамдардын 1,5 миңдей балдары дарыгерлердин дайымкы көзөмөлүндө турат. Бирок алар үчүн төлөнүп жаткан жөлөк пул дагы кыскартылып жатат дешет чернобылчылар.

Чернобылда жоокердик кызмат кылган Ишенбек Тайыпов кезинде Кеңеш бийлиги кырсыктын зыянын жаап-жашырганын айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө Украина өкмөтү кун төлөп берүүсү керек деген ойдо:

- Ошол учурда кеңеш бийлиги кырсыктын зыяндуулугун жаап-жашырып турган. Мен станциянын өзүндө болуп, жоокердик кызмат кылдым. Бир жумадан кийин эле ден соолугум начарлап, мурдуман кан кетип, буту-колум шишип, башым ооруй баштаган. Чернобылда бир жыл болдум. 4 балам: 2 кызым, 2 уулум бар. Алар дагы оорукчан болуп калышты. Чернобылдагы кырсыктан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө да Украина өкмөтү дагы кун төлөп берүүсү керек.

Чернобылчы Ишенбек Тайыпов жакында Жапониядагы өзөктүк станциядагы кырсыктын кесепеттери да оор болгонун айтып, анын зыяндуулугу дагы 4-5 жылда билинээрин кошумчалады.

Өзөк өрттөгөн өзөктүк кырсык

Чернобыл жарылуусунан кийинки калыбына келтирүү иштерине 3 миңден ашуун кыргызстандык катышып, алардын жарымына жакыны 50 жашка чыкпай каза тапкан. Бир эле мисал, Каракол шаарынан Чернобылда 108 жигит жоокердик кызмат кылса, 25 жылда алардын 29у гана калган.

1986-жылы 26-апрелде Украинада Чернобыл өзөктүк электр станциясында жарылуу болгон. Чет өлкөлөрдүн окумуштуулары радиактивдүү калдыктарды тапканын далилдеген. Бирок ошол учурдагы Кеңеш бийлиги өзөктүк кырсык болгонун танып турду.

Чернобыл алааматынан жалпысынан 5 миллионго жакын адам жабыр тарткан. Өзөктүк электр станциясындагы жарылуунун радиациясы экинчи дүйнөлүк согуш маалында Хиросима менен Нагасакиге ташталган өзөктүк бомбанын радиациясынан жүз эсе күчтүү болгон. Өзөктүк кубат ишканасындагы жарылуудан улам Украина, Беларус жана Орусиянын ири аймагы жабыркаган. Ушул күнгө чейин Чернобылдагы кооптуу аймак турмуш-тиричилик өткөрүү үчүн эң коркунучтуу бойдон калууда.