Жыйындын башында маалымдалгандай, анда аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды.
18-октябрдагы ШКУнун антитеррордук түзүмүнүн Бишкектеги 33-отурумуна Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.
Анда кибертерроризмге каршы аракеттенүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы турууну бекемдөө боюнча келишим түзүлгөнү кабарланды.
Жабык өткөн жыйындын соңунда ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев журналисттерге кыскача маалымат берип, Кыргызстан төрагалык кылган учур тууралуу мындай деди:
- Кыргызстандын төрагалыгы астында бүгүн болгон иштер жана бир жыл аралыгында аткарылган жумуштар биздин жалпы коопсуздугубузга жана тынчтыкка өбөлгө болот.
Кыргызстан төрагалык кылган бул жыйындын башталышында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков ШКУ быйыл маани берген негизги маселелерди белгиледи:
- Акыркы жылдары ШКУ аймагында бир топ теракттар алдын алынып, террористтик топторго олуттуу чабуулдар болду. Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тиешелүү органдары менен кошо 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгында жана 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында терроризмге айыпталып издөөдө жүргөн 150дөн ашык адам кармалып, экстрадиция болгон.
Жыйын дээрлик жабык өткөндүктөн кармалган адамдардын жарандыгы жана коюлган айыптар тууралуу маалыматтар белгисиз бойдон калды. Атайын кызмат бул маалымат ачыкка чыгарылбасын билдирди.
Ал эми талдоочулар алардын басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар экенин айтышууда.
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов колго түшкөн 150дөн ашык адам өлкө үчүн чоң коңгуроо экенин эскертүүдө.
- Бул эмнени түшүндүрүп жатат? Экстремисттик маанайдын күчөп жатканынын белгиси. Экстремисттик идеяны алып жүрүүчүлөр, алардын уюмдарынын күч алганы тууралуу сөз болууда. Ошондуктан коомчулукка бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Мамлекет бул боюнча иш алып барбаса болбойт.
Буга чейин УКМК орусиялык укук коргоо органдары менен бирге Орусияда төрт теракттын алдын алганын жарыялаган.
Генерал-майор Кубатбек Кожоналиев ШКУ өлкөлөрүн тооруп турган коркунучтарды мисалга алды.
- Кавказ менен Ингушетияда эки террорист менен катуу атышуу болду. Мындай окуялар Орто Азияга да коркунуч келтирип жатат. Ооганстанда да абал тынч эмес. Анткени талибдер менен "ИМ" тобунун ортосунда пикир келишпестик болуп кармашып жатат. Ошол эле убакта алар Тажикстан менен Түркмөнстандын чек арасына жакындап калды деген маалыматтар бар. Демек бизде да андай коркунуч жок эмес.
Расмий маалыматтар боюнча Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дүн тегерегинде.
ШКУнун курамындагы мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда «Хизб ут-Тахрир», «Талибан», «Ислам мамлекети», «Түркстанды бошотуу кыймылы», «Ал-Каида» кыймылдарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.