Бир ай бою шаар тургундары өз көзү менен Түндүк жана Латын Америкада, Африкада, Түштүк-Чыгыш Азияда жана башка экзотикалык жерлерде учуп жүргөн көпөлөктөрдү көрө алышат.
Көргөзмөгө алып келинген көпөлөктөрдүн түрү, чынын айталы, адегенде кишини нес кылат. Эгер кыргызстандыктар көпөлөктүн бирин-экин түрүн, ачык өңдүү жана ашып кетсе эки-үч сантиметрлик көпөлөктөрдү гана көрүшсө, музейден эзели көрбөгөн капкара же аппак өңдүү, кара менен сары, чаар алакей көпөлөктөрдү жолуктурабыз.
Көпөлөктөрдүн канаттары жазы келип, узундугу жети сантиметрге чейин жетет. “Эртең келсеңиз канаттары 15 сантиметрге жеткен көпөлөктөрдү көрөсүз”, - деп ого бетер бүйүрүбүздү кызытты көргөзмөнүн менеждери Павел Дубровченко. Ал “Азаттыктын” кабарчылары үчүн чакан экскурсия уюштуруп берди.
- Маселен, бул жерде көрүп жаткан көпөлөктөр Филиппинде, Кытайда, Түштүк-Чыгыш Азияда жашайт. Мобу Күрүч кагазы деген чаар алакей көпөлөктүн мекени Кытай. Анын уламыштары көп, көбүнчө үлпөткө белек кылышат. Ал эми бул жердеги алтын өңдүү көпөлөк жаратылышта сейрек кезигет: ал бир гана Палаван аралында жашайт. Мына жакында эле америкалык Көгүлтүр моха деген сейрек кезиккен көпөлөгүбүз жаралды. XX кылымдын 20-жылдарында бул көпөлөктөр жок болуп кетүү коркунучуна кабылды. Анткени миллиондору атайын зергер жасалга үчүн өлтүрүлүп, канаты жулунчу; канатынын кооздугун айтпаңыз! Азыр менчик фермалар аларды көбөйтүп жатышат. Биз ошондойлордун биринен сатып алганбыз.
Көпөлөк негизи бир нече сааттан бир аптага чейин жашайт экен. Анын өмүрүнүн узактыгы эмне менен азыктанганына жана аларга кам көрүлгөнүнө жараша болот. Орто эсеп менен көпөлөк үч күндөй жашап, негизинен шире менен азыктанат экен. Көргөзмө залында андайлар жок болгондуктан уюштуруучулар атайын аралашкан бал, бышкан мөмө-жемиш, коктейлдер менен азыктандырышат.
Уюштуруучулардын айтымында, дүйнөдө 160 миңге жакын түрү бар көпөлөктөрдү көп деле окумуштуу изилдебейт экен. Бирок Жер шарынын ар бурчунда көпөлөккө ынак адамдар менчик фермаларда көпөлөктөрдүн сейрек түрлөрүн көбөйтүү менен шугулданышат.
Көпөлөктөрдүн жарыкчылыкка кантип келээри да кызык. Ургаачы көпөлөк чакан, жашыл өңдүү кутучада личинкасын таштап, ал бара-бара куртка айланып, акыры куурчактай болуп чыгат экен. Бул процесс тууралуу Павел Дубровченко айтып берди:
- Бул жерден көпөлөктөрдүн туулуп жатканын көрсөңүздөр болот. Муну төрөт үйү деп койобуз. Мына Көк морфа аттуу көпөлөк төрөлдү. Ал дагы бир жарым сааттай ушинтип илинип, канаттарын кургатып тура берет. Ал эми канаттары болсо ачык көгүш өңдүү болот. Анын жанында болсо Көгүлтүр роза аттуу көпөлөк Африкадан. Тээ тиги жакта Көпөлөк-аары аттуусу жаңы жарыкчылыкка келди. Ал кара-жашыл өңү менен аарыга окшош болгондуктан, канаттуулар коркуп, тийишпейт. Ушундай сактануу формасы десе болот. Ал эми ары жакта бир аз чоңураак кутучадагы Үкүнүн көзү аттуу көпөлөк бар, ал Түштүк Америкада учат.
Көргөзмөдө жүздөн ашык көпөлөк коюлуптур. Күн сайын алардын бир даары өлүп, башкалары жаралып, саны төмөндөп, же жогорулап турат. Бир тирүү көпөлөктүн баасы беш миң сомго чейин жетсе, кутучадагылар бир жарым миң сомго бааланат экен.
Көпөлөктөр жүдөбөшү үчүн көргөзмө павильондун ичинде тропикалык аба ырайына жакындаштырып, абанын температурасы 28 градуска чейин көтөрүлгөн. Учуп кетпеш үчүн көргөзмө чакан павильондо өткөрүлөт, үстү тор менен жабылган.
Бул керемет көргөзмөгө алгачкылардан болуп музейдин кызматкерлери күбө болду.
"Абдан кооз, экзотикалык көпөлөктөр экен. Менин оюмча, биздин тургундар үчүн абдан кызыктуу болот, анткени баары эле дүйнөнүн кыдырып, буларды көрө албайт да. Ал эми бу жерге балдары менен келип, көрүп кетсе болот. Азыр көп деле көпөлөктөрдү көргөн жокпуз. Эртең андан да кызыктуу болот го дейм" - деди "Слово Кыргызстана" гезитинин кабарчысы Дмитрий Щеглов.
Тарых музейинин кызматкери Үсөн Бапышев:
- Бул жерде эң кызыгы - тээ тиги жерде алар төрөлүп жатат. Алар ошол жактан төрөлүп, анан дароо биздин көзүбүчө, балдардын көзүнчө учуп жатпайбы. Эми биз үчүн бул жаңылык да, биринчи жолу келип атат, буга чейин келген эмес.
Краснодарда жайгашкан көргөзмө Бишкекке чейин Беларустун, Украинанын жана Орусиянын шаарларында болгон.
Көпөлөктөр көргөзмөсү Бишкекте 24-октябрда Мамлекеттик тарых музейинде ачылып, бир айга созулмакчы.
Сүрөт баянды толугу менен бул жерден көрүңүз.