Баткен: чек арада кайрадан ок атылды

Баткен облусу.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылганы угулду.

Ок Тажикстандын Ворух анклавы тараптан атылып, бир милиция кызматкери жабыр тартты. Учурда аны ооруканага алынып кеткени кабарланды.

Мамлекеттик чек ара кызматы болсо октор эскертүү катары атылганын, абал курчуп кеткенин ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы жарадар болгон адам тууралуу маалымат такталып жатканын кошумчалады.

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар абалды турукташтырууга даярдык билдиришти. Окуяны биргелешип иликтөө зарылдыгы айтылды.

Жогорку Кеңеш бүгүн 14-мартта жалпы жыйынында тийиштүү жетекчилерди чакырган. Мындан тышкары кийинки жумада ушул эле маселени комитеттерде кароо чечими кабыл алынды.

Жыйында өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн орун басары Алмазбек Абытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык кароону сунуш кылган. Натыйжада жыйындан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чыгарылган.

Мамлекеттик чек ара кызматы буга чейин 13-мартта чыккан жаңжалдан эки тараптан тең жабыр тарткандар бар экенин кабарлаган.

Мекеме 14-марттагы расмий билдирүүсүндө жаңжалдан Таш-Тумшук участогунда бир үй, Аudi үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөнү кабарланды. Өрт өчүрүүчү топту Тажикстандын жарандары кое бербей койгону да айтылды.

Чек ара кызматы 13-марттагы жаңжалда тажик жарандары Баткендин Ортобоз айылындагы бир сарайды өрттөп салганын, Кыргызстандын бир жараны жараат алып, Баткендин Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев аймакка жөнөп кетти.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков Баткенде чыр чыккан жерде жол курулуп жаткан аймак Кыргызстанга таандык экенин "Азаттык" радиосуна билдирди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Рустенбеков: Чыр чыккан аймак Кыргызстанга таандык

Элчи маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ал арада Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү Абиш Халмурзаев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы абалды телефон аркылуу талкуулашканы маалым болду.

Эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү жана күч кызматтары Баткен - Лейлек жана Исфара - Ворух жолдорун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Жаңжал чыккан участкалардагы абалды чек арачылар жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Мурдараак Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койгон.

Баткен: чек арадагы кырдаал

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылында Ош-Исфана жолунда бара жаткан 100гө чукул автоунаа, тажик аймагын кесип өтө албай, топтолгон.

Жол жабылганына байланыштуу ушундай эле абал Төрт-Көчө айылында да сакталууда. Көк-Таш айылында Тажикстандын өрт өчүрүүчү автоунаасы турганын көрүүгө болот.

Маматалиев: Чек арага жооптуу аткаминерлердин иши чабал

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Чек арага жооптуу аткаминерлердин иши чабал"

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын чыгышы

Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, 13-март күнү күндүз, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Бирок кырдаал толук жөнгө салынган эмес. Саат 18:30дарда бир эле учурда тажик жарандары Төрт-Көчө аймагындагы жолду (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду (Тажикстандын Варух анклавына барган жол) жапкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал кечки саат 20:30дар чамасында курчуп кеткен. Кыргызстандын Чек ара кызматы чырдан улам кыргыз жаранынын үйү өрттөнгөнүн маалымдады.

"Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти", - деп жазылган Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттыкка" жаңжалдан жабыркаган киши ооруканага жеткирилгенин билдирди.

"Биздин маалымат боюнча бир жаран оор жараат алып, учурда Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал бутунан жараат алган. Мындан тышкары Ортобоз айылындагы жарандын үйү өрттөнүп кеткен, - деди Абдыкариева.

Бейрасмий маалыматтарга ылайык, жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркаган.

Ал эми “Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, жаңжалдан бир адам көз жуумп, 20дай киши жаракат алган. Мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунун Кожоало айылынын тургуну экени кабарланууда. Бул тууралуу атын атагысы келбеген тажикстандык билдирген.

Чырдан жабыр тарткан Кожоало айылынын дагы үч тургуну Исфара шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн.

Ворух анклавындагы “Тожикон” айыл башчысы Гафуржон Журнав “Азаттыктын” тажик кызматына Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары окуя болгон жерге келгенге чейин үч саат бою эки тарап тирешип турганын билдирген.

«Тожикон» айылынын тургундары мамлекеттик чек аранын демаркациясы бүтмөйүнчө жолду салууга каршы чыгышкан.

Тышкы иштер министрлери сүйлөштү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кызматташы Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Министрлер «бир тууган эки элдин достук мамилесин чыңдоо үчүн чек арадагы абалды жөндөө зарылдыгын» белгилешти. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер мекемесинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.