Мен учурда Түркияда иштейм. "Азаттыктын" "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына өз оюмду билдирүүнү туура көрдүм. Глобалдык нерсени көтөрүп чыга албасам да өлкөмдүн өсүп-өнүгүүсүнө ийненин учундай болсо дагы кошкон салымым болсун деген ниетим бар. Эл катары жакшы жашоо издеп, мекенден алыс жүргөн мигрантмын.
Көпчүлүк журтташтар экономиканы көтөрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, туризмди өнүктүрүү жөнүндө сунуштарын беришиптир. Менин сунушум тарбия, адеп, адамдын өзүн алып жүрүүсү жана бири-бирине жасаган мамилеси тууралуу болот.
Өнүккөн өлкөлөрдө бул нерсе абдан маанилүү. Жапонияны "күлүмсүрөгөн адамдардын өлкөсү" деп жөн жеринен аташпаса керек.
Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө адамдар күлүп жүрүшөт. Мисалы, Түркияда бул нерсе сен учактан аба майданына түшкөндө эле байкалат. "Кош келиңиз", "кандай жардам бере алам?", "кутман таң", "кутман кеч", "тамагыңыз даамдуу болсун", "ишиңиз илгери болсун", "жакшы түш көрүп жатыңыз" сыяктуу сылык-сыпаа сөздөрүн бири-биринен аяшпайт.
Жөнөкөй эле дүкөнгө кирип соода кылып койгонуң үчүн рахмат айтышат. Көчөдө түртүшүү-жөөлөшүү, бөлүнүп-жарылуу, кемсинтүү дээрлик жокко эсе.
Албетте маданият же темирдей тартип жагынан Европа же Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жетпейт. Ошентсе да боордош, маданияты жакын калк катары өрнөк алчу жакшы жактары көп. Эли эмгекчил келет. Эркектер тапканы аз болсо да бир иш менен алек болушат. Биздегидей болуп аялы базарда картошка сатып, күйөөсү жамбаштап телевизор тиктеп жаткан үй-бүлө жокко эсе.
Жакында Кыргызстанга бардым. Мекенге болгон сагыныч тоодой. Жүрөгүм элеп-желеп. Таңкы саат төрттө учагыбыз "Манас" аба майданына келип конду.
Беш саат учуп чарчап-чаалыгып эле аба майданынын ичине кирип бардык. Күлүмсүрөгөн бир дагы кызматкерди көргөн жокмун. Орусча сүйлөшөт баары эле. Урушуп кетчүдөй болуп оңурайып карашат. Документ текшерип жаткан жерден кызыл сызыктан өтүп кеткен эжеге "Кайда барасың? Сызыктан өтпө",-деп кыйкырып салса болобу бир кызматкер.
Сыртка чыксам жаныма беш-алты адам чуркап келди. "Мекенге кош келдиңиз" деген бири жок. "Эже, кайда барасыз? Чоң кыз, мен жеткирип коеюн" деп чурулдап жатышат. Бирөө сумкамды колуман жулуп алып эле машинасын көздөй жөнөп калды. "Мени тосуп алганы үйдөгүлөр келди" деп сумкамды алып жолумду уладым. Туристтерге ушинтсе эмне болот деген ой кетти.
Дүкөнгө кирип бир нерсе алайын деп кармап калдым. "Алсаң ал, албасаң коюп кой" деди. Ушундай одоно мамилелер келгиче уланды.
Бизде бала бакчадан баштап мектепте, жогорку окуу жайларда адам коомдо өзүн кантип алып жүрүү керек экенин, сылыктык-сыпаалык эмне экенин үйрөтүү керек деп ойлойм.
Самара Жумаева
Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.