Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Бөтөн элдин жакшы сапаттарын үйрөнөлү


Кайрат Искендеров.
Кайрат Искендеров.

Кайрат Искендеровдун "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Мен Москва шаарында көп жыл эмгектендим. Жумуштан бош убактымда шаар кыдырдым: көптөгөн музейлерге, спорттук жана маданий иш-чараларга катыштым.

Ошол жерлерге барганда менин Кыргызстанымда патриоттуулук, сылыктык, адептүүлүк аларга салыштырмалуу төмөн экенин байкап, ыза болдум. Колдон келчү иштерди жасаганга аракет кылбаган адамдардан экенбиз деген ой келди. Албетте мээнеткеч мекендештерибиз деле бар деңизчи. Бирок...

Москвада жүргөндө орус калкынан көп нерселерди үйрөндүм, аларда кыргызстандыктар үлгү алчу иштер, сапаттар, принциптер бар экенине ынандым.

Эгемендүүлүктүн 26-жылында биз көптөгөн жакшы нерселерге жетиштик, реформаларды жасадык, жаңы формаларда иштерди алып барып атабыз. Сыймыктана турган эмгектерибиз, жетишкендиктерибиз бар. Ошол эле кезде кемчиликтер да толтура. Эң олуттуусу - инсандык маданий калыптануу көңүл жылытарлык эмес. Маданияттын деңгээли төмөн жерде экономика көтөрүлбөйт. Биз көп нерсени оңдоонун үстүнөн иштешибиз керек.

Бир жылы Москвада жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатты. Ошол “Лужники” стадионуна даңазалуу жөө күлүк, бир нече жолку олимпиада чемпиону, ямайкалык Усейн Болттун чуркаганын көргөнү атайын бардым.

Стадиондо башка мамлекеттердин желектерине катарлаш илинип турган Кыргызстандын желегин көрүп сүйүндүм. Менин өлкөмдөн да мыкты спортчулар, олимпиада чемпиондору чыксын деп тилек кылып койдум.

Стадион толтура күйөрмандар. Өз өлкөсүнүн спортчулары чыкканда сүрөөнгө алып кыйкырышып, ышкырып жатышты...

Эркектер арасында 200 метрге чуркоо кезеги келип атлеттер тизилишти. Алар менен легендарлуу, дүйнөлүк рекорддордун ээси, спринтер Болт да турду. Старт берилди. Куюн болуп Болт марага биринчи келди!

Кайрат Искендеровдун блогуна
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Мен анын чуркап баратканын сүрөт, видеого тартып отурдум. Эх, чиркин! Укмуштуу Болт! Анын чуркаганын караңызчы! Мейли спортто болсун, мейли өндүрүштө, экономикада болсун Усейн Болттой алдыда болсок кандай сонун болмок!!!

Мен тарткан сүрөт.
Мен тарткан сүрөт.

Биз искусствону, көркөм өнөрдү, адабий баалуулукту, спортту анча баалабайт экенбиз. Айрыкча жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү маданий-руханий жактан деградацияга учуроодо. Ошол кризисти жоюу зарыл.

Учурдан пайдаланып чет жерлерде иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктарга кайрылгым келет. Урматтуу мекендештерим, силер чет өлкөнүн жакшы жактарын, сапаттарын үйрөнүп келип Кыргызстанда ишке ашыралы, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулалы, талбай жакшылыктарга умтулалы! Колдон келчү иштер көп.

Достор аракечтик, баңгилик, кылмыштуулуктан алыс бололу. Искусствону, адабиятты окуйлу, аң-сезимдүүлүк жөнүндө ойлонолу. Өсүп келе жаткан муунга жакшы жашоону үйрөтүп, маданияттуу өмүр кечирели. Сергек, позитивдүү жашайлы!

Кайрат Искендеров, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Миң-Өрүк айылы

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG