«Коопсуз шаар» 170 миллион сом чогултту

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек шаары.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 300 миңдей жол эрежесин бузуу катталып, андан 170 миллион сомдой айыппул чогулган. Жазананын жарымынан көбү чогула элек.

Өкмөт дээрлик жарым жылдагы бул көрсөткүч жол кырсыктарын кескин азайтканын билдирүүдө.

Бирок ошол эле кезде долбоордун алгачкы жыйынтыктарына карата сын азайган жок.

Төрт-беш айдын жыйынтыгы

Эгер «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген беш айдан ашыгыраак убакыттан берки жол эрежесин бузуу фактыларын санасак, толук 312 миң 158ди түзөт. Мунун 4-мартка чейин катталган 18 миң 600үнүн айыппулу алгач кечилип кеткен.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев андан берки көрсөткүчтөрдү эсептеп берди.

«Бүгүнкү күндө «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 110 аппараттык-программалык комплекс штаттык режимде иштеп, жол эрежелерин бузууларды каттап жатат. 4-марттан бүгүнкү күнгө чейин 293 миң 558 жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен 130 миң 578 факт боюнча айдоочулар айыппулун мамлекеттин эсебине төлөштү. Ошентип жалпы жонунан 171 миллион сомдон ашык акча казынага түштү», - деди ал.

Дагы караңыз Өкмөт: Камералар жоопкерчиликти күчөттү

Исаев аталган сумма жалпы айыппулдардын 44% түзөрүн, калган бөлүктү чогултуу түрдүү себептерден улам кечеңдеп жатканын кошумчалады.

Ал жазаналардын тууму өсүп, негизги айыппулдун көлөмүнөн ашып кеткен фактылар бар экенин, алар боюнча иштер жакын арада сот аткаруучуларга жиберилерин билдирди. Мындан сырткары мекеме өкүлү айыппулду убагында төлөбөгөндөрдүн автоунааларына чектөө киргизилерин эскертти.

Тилек Исаев.

Тилек Исаев жалпы жонунан төрт-беш айдын жыйынтыгы менен «Коопсуз шаар» долбоору өзүн актады деп ишендирүүдө.

«Аппараттык-программалык комплекстер коюлгандан бери Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктары 65-70% кыскарганы белгилүү болду. Жана ошол камера орнотулган жерлерде адам өмүрүн алган кырсыктар жокко эсе болду. Бул долбоор адам өмүрүнө коркунуч келтирген жол кырсыктарын алдын алууга жана болтурбай коюуда өтө чоң мааниге ээ болду жана ушул аралыкта өзүн толук актаганын көрсөттү», - деди Исаев.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы кырсыктар азайганын айтканы менен толук сандарды келтирген жок.

Мунун алдында өкмөткө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында мас абалында жол кырсыктарына кабылуунун саны саны жарым жылдын жыйынтыгы боюнча үч эсеге азайганы айтылган.

Дагы караңыз Милиция аралашкан жол кырсыктары

Былтыр бул көрсөткүч 5 миң 911ди түзсө, быйыл жыл башынан бери 2 миң 211 факты катталганы айтылган. Бирок бул жалпы өлкө боюнча алынган көрсөткүч экени жана анын кыскарышына негизинен Тартип бузуу жөнүндөгү кодекске аталган категория үчүн айыппул 17 500 сом деп көрсөтүлгөнү себеп болгону белгиленген.

Кемчиликтер жоюла элек

Албетте, «Коопсуз шаардын» камералары иштей баштагандан бери эле долбоор бир катар кемчиликтердин башын ачты жана мамлекеттик органдар аларды чечүү аракеттерин көрүп жатканына ишендирүүдө.

Бирок адамдардын жана автоунаалардын каттоосуна байланыштуу жагдай курч бойдон калып келет. Башкача айтканда, тургундар катталган жерде жашабаганы жана ишеним каттын негизинде сатылган транспорттор ээлерине толук өткөрүлбөгөнү көйгөй жаратууда.

Дагы караңыз Санариптин санаага салган түйшүгү

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын почта кызматы жана логистика бөлүмүнүн башкы адиси Ырыскүл Жазакова бул көйгөйлөрдүн айынан 50 миңдей эреже бузуу боюнча кабар айдоочуларга жете электигин мойнуна алды.

Ырыскүл Жазакова.

«Негизи биз «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 7-марттан тарта иштеп баштаганбыз. 21-июлга чейин 246 миңден ашык кат алдык. Анын 60% Бишкек шаарынын ичинде, 30% Чүй облусуна жана калганы өлкөнүн башка аймактарына туура келет. Ошентип, жалпы “Бакыт каттарынын” 147 миңден ашыгы колдоруна берилди. Мындан сырткары 50 миң кат Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнө кайтарылды. Анткени алардын даректери туура эмес чыккандары бар, көбү кат жөнөтүлгөн даректе башка киши жашаган болуп чыкты. Каза болгон, каттоодон убактылуу чыгып кеткен адамдар бар. Мындай учурларда биз катты мыйзамга ылайык 30 күн кармап турабыз да, кайра кайтарабыз. Машинесин сатып жибергенин айтып, катты алгандан баш тарткан адамдар бар. Башында баш тарткандар көп болуп жаткан, бирок азыр автоунааны өзүнүн атынан чыгаргыча мүлк аларга тиешелүү экенин түшүндүрүп, тапшырып жатабыз».

Мындан сырткары коомчулукта жол белгилери, аларды аткаруу талаптары жана айыппулдардын өлчөмү тууралуу да нааразылык көп болуп келди. Айдоочулар Кыргызстандын реалдуу шартында 2-3 миң сомдук жазананы төлөө оор болуп кеткенин, катар-катар орун алган учурда анын суммасы акылга сыйбай жатканына даттанып жатышты.

Кыргызстандык айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов «Коопсуз шаар» жол кырсыгын төмөндөтүү максатында эмес, коммерциялык максатта иштеп калганын айтууда.

Дүйшөналы Токтакунов.

«Албетте, долбоорду жеңип алган компания акча табуу максатында иштеп жатат. Бирок бул жерде мамлекеттин позициясы акча табуу эмес, жол кырсыктарын азайтуу, адам өлүмүн алдын алуу болушу керек эле. Мамлекет «мынча акча таптык, мынча акча түштү» деп коммерцияны көздөп жатканы өкүнүчтүү. Буга далил катары жөнөкөй эле жол кесилишинде токтоо линиясына (стоп линия) 3 миң сом айыппул коюп койгонун мисал келтирем. Ал жерде дөңгөлөк өтөбү, же машиненин тумшугу өтөбү, параметрлер көрсөтүлгөн эмес. Мисалы бир жерде оңго же солго бурулса гана болот деген гана белги коюшту дейли, ал киши түз өтүп кетсе деле 3 миң сом айыппул жазылып жатат. Ал жерде жол чырак бар, линия бар, кооптуу тилке эмес, айдоочуга айып салуунун кереги жок болчу. Видеобайкоолор тууралуу алдын ала эскертүүчү жол белгилери коюлган эмес, камеранын жанына коюлган. Ал белги эскерткен жок да, анын эмне кереги бар? Бул да баары тартылсын, акча түшсүн деген максатта коюлганбы деген ойго түртөт экен».

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерди былтыр утуп алган орусиялык «Вега» концерни» компаниясы долбоордун биринчи этабын быйыл 12-февралда баштаган.

Экинчи этабына карата тендер ушул айдын башында өтүп, ага төрт компания катышкан. Бирок анын жыйынтыгы жарыялана элек. Утуп алган компания 2019-жылдын аягына чейин долбоорду республиканын бардык аймактарында иштете башташы керек. Долбоордун экинчи этабы ишке ашса, жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.