Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деген шек менен 14-майда кылмыш ишин козгоп, эртеси күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган.
Ал арада Самаковго каршы көрсөтмө берген депутаттын мурдагы жардамчысы Абай Таштанбеков Башкы прокуратурага берген маалыматтары Самаковдон өч алуу максатында жалган айтылганын мойнуна алган. Бул тууралуу маалымдаган депутаттын адвокаты Икрамидин Айткулов Таштанбеков аталган кылмыш ишинде жалгыз күбө экенин билдирди.
- Айыптоо толугу менен негизсиз. Кылмыш иши бир гана адамдын көрсөтмөсүнө таянып козголгон. Күбө мурдагы көрсөтмөлөрүнөн толугу менен баш тартты. Мен андан түшүнүк кат жаздырып алдым жана аны тергөөгө өткөрүп бердим. Ал буга чейинки көрсөтмөсүндө прокуратурга жалган айтканын мойнуна алды. Күбө башында берген көрсөтмөлөрү үчүн өкүнүп жатканын айтып, Самаковду актап жатат.
Айткулов кошумчалагандай, күбө Башкы прокуратурага барып мурдагы көрсөтмөлөрүнөн толугу менен баш тартууга жана буга чейинки жалган маалыматы үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирген. Анткен менен башкы көзөмөл органы бул боюнча түшүндүрмө бере элек.
Самаков жер сатып байыганбы?
Тергөөнүн материалдарына таянсак, Самаков 2007-2008-жылдары Бишкектин четиндеги Лебединовка, Байтик жана Кара-Жыгач айылдарынан жалпысынан 262 гектар жерди сатып алып, айдоо аянттарын мыйзамсыз түрдө калкттуу пункттарга айланткан. Прокуратура Самаков аталган жерлерге гольф талаасын, аквапарк жана башка көптөгөн курулуш объекттерин курам деген шылтоо менен элди алдап, кийин жер тилкелеринин көбүн сатып, 8 млн. доллар пайда көргөнүн жүйө кармоодо.
Башкы прокуратуранын маалыматында Самаков жер тилкелерин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныштын жардамы менен менчиктеген жана ыраазычылык иретинде аларга хан сарайларды куруп берүүнү убада кылган.
Деген менен депутатка “тор жаюу” шайлоо алдындагы саясий оюн экенин айткандар да болууда. Самаков парламентке “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен келген, бирок былтыр июль айында Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей, өзүнчө партия түзүп кеткен. Самаковго иш козголушуна Текебаевдин да таасири болду деген кептерге саясат талдоочу Кубан Абдымен анчейин кошула бербейт.
- Эми Текебаев Башкы прокуратурага түздөн-түз таасир эткидей кызматта эмес да. Андыктан муну Текебаев кылды деп айтканга болбойт. Кыйыр түрдө таасири болушу мүмкүн, бирок аны далилдеш керек. Самаков менен Текебаевдин жолу эки айры кеткени ушундай кептерге жем таштап жатат. Бирок козголгон кылмыш иши экөөнүн мамилесине байланышы бар экенин айтуу кыйын.
Чаташкан беренелер
Айдоо аянттарына курулуш курууга уруксат берген аткаминерлерге эмес, жерди сатып алган кишиге иш козголгону түшүнүксүз. Мындай пикирин коомдук ишмер жана белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев ортого салды. Анын пикиринде, Самаковго алдамчылык беренесинин негизинде айып тагылса, чындыкка жакындашмак.
- Бул иште коррупциянын жыты да жок. Жерди трансформация кылып жатканда Самаков кызмат абалынан кыянат пайдаланды деген туура болбой калат. Менин жеке баамымда аталган иште алдамчылык – 166-беренин 4-пунктунун элементтери толук көрүнүп турат. Бирок бул берене менен Самаковду камай алышпайт болчу. Анткени анын кол тийбестиги бар. Бирок 303-берененин негизинде айып тагып жатканы анчейин ынандырарлык болбой калды.
Буга чейин жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев камакка алынган. Ал Самаковдорго ишти жабууну убада кылып, 200 миң доллар талап кылып, паранын жарымын алып жаткан жеринен кармалган.
52 жаштагы Карганбек Самаков парламенттеги экономика жана фискалдык саясат комитетин жетектейт. Ал ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары катары Кыргызстандын улуттук баалуулуктарын аталган уюмдун маданий мурастар тизмесине киргизүүдө эмгеги зор болгонун айтып келет.