Өткөн жылдан тарта "Кара жорго" бийи кыргыз менен казактын талашына түштү. Бий изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул бийди Кытайдагы кыргыздар жоготпой сактап калган. Казакстанга да бий ошол Кытайда жашаган казактар аркылуу тараганы айтылып жүрөт. Учурда "бул бий кайсы улутка таандык?"деген суроонун тегерегинде интернет аркылуу талашып-тартышкандар арбын.
Бий изилдөөчү Кубанычбек Эсенбаевдин айтымында, кыргыздын "Кара жоргодон" башка бир эле эмес, бир нече бийи болгон.
- Кыргыздын "Кара жоргодон" сырткары, сынма бий, жылкычы бий, кыз- келиндер бийлеген ийин бийи да болгон. Андан сырткары арстан бий, жоокер деген эркектердин бийи бар. "Кара жорго" кыргыздардын этнографиялык бийлеринин өнүгүшүнө өбөлгө түздү. Бул биринчи гана кадам. Ар бир улуттун бийи, улуттун жашоо-образына, ой-мүдөөсүнө, санаасына, чарбасына жараша болот. Ошондуктан этнографиялык кыргыз бийлерин мындан ары өнүктүрүү керек.
Казактар "Кара жоргону" патенттеп алганга байланыштуу, кыргыз фонддору да улуттук бийлерди ЮНЕСКОго каттатуу демилгесин көтөрүп чыгышты.
1924-жылы Каркыра жайлоосунан немис окумуштуулары тартып алган тасма.
Алардын бири "Улут жүзү" фонду Маданият министрлиги менен биргеликте жакында эле калың катмардын арасында кыргыз бийи боюнча сынак жарыялаган. Бул тууралуу аталган фонддун мүдүрү Рустам Маманов мындай деди:
- Ар бир маданияты бар элдин бийи да болгон. Ал эми кыргыз элинин бийлери абдан эле көп. Биздин максат мына ошолордун баарын бириктирип, заманбап аранжировкасы бар, той-топурларда бийлей турган, кыргыздын улуттук бийин аныктап алуу.
Уюштуруучулардын айтымында, аталган сынакка бир топ эл көзүнө көрүнгөн ыр ышкыбоздору катышат, эл элегинен тандалып өткөн бий ЮНЕСКОго каттоого сунушталат.
Ал арада дагы бир коомдук ишмер Ырысбек Жабировдун демилгеси менен 7 дубанды айланып, кыргыз кандай бийлеген деп, улуттук бийди аныктоого камылга көрүлүп жатат. Анын айтымында, бул фонд тандаган бий да ЮНЕСКОго катталып калышы толук ыктымал:
- Биз даярдап чыккан кыргыз бийди да ЮНЕСКОго каттатканга камылга көрүлүүдө. Бул иш менен патриот агабыз Карганбек Самаков алек болуп жатат.
Адатта мындай ЮНЕСКОго каттатууга мамлекет тараптан атайын өтүнүч жиберилет. Маданият министрлигине караштуу улуттук маданий борбордун башкы директору Рыскул Боромбаев кыргыз бийин ЮНЕСКОго каттатуу маселеси мамлекет тараптан карала электигин билдирди:
- Азырынча кыргыз бийин ЮНЕСКОго кирет деп айта албайбыз. Себеби, бул туурасында мамлекет тарабынан эч кандай маселе көтөрүлө элек. Эгер кыргыз бийи жогорку деңгээлде чыгарылса, балким ЮНЕСКОго расмий түрдө кайрылабыз.
Өткөн жылы Кыргызстан ЮНЕСКОнун каттоосуна "Манас" эпосун киргизген. Быйыл жыл башынан бери Казакстан боз үйдү киргизүүгө камылга көрүп жатышат.