Франциядагы кандуу окуя Кыргызстанда да талкууда

Франция баш калаасындагы сатиралык журналдын имаратына жасалган чабуул дүйнө элин дүрбөлөңгө салды. 12 кишинин өмүрүн алган бул кан төгүү Кыргызстанда да кызуу талаштарга жол ачууда.

7-январдын чак түшүндө Париждеги "Шарли Эбдо" сатиралык журналынын редакциясында жана көчөдө 12 кишинин, анын ичинде сегиз журналисттин жана эки полициячынын өлтүрүлүшү дүйнө элин кайгыга салды. Көптөгөн өлкөлөрдүн башчылары, алардын ичинде Алмазбек Атамбаев да Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтып, жасалган чабуулду сөз эркиндигине, ислам динине көлөкө түшүргөн каргаша катары баалап жатышат.

Журналисттерге жасалган бул кол салуу Кыргызстандын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында күндүн баш темасы катары чагылдырылган жок. Медиа эксперт Кубанычбек Абдымен кыргыз журналисттеринин бул окуяга анчейин маани бербей жатышын өлкөдө мындай коркунучтун жоктугу менен байланыштырды.

- Менин байкашымча бул окуяга кыргыз журналисттери анча көңүл бурган жок. Көпчүлүк басылмалар чабуулду жаңылык катары гана беришти жана окурмандар социалдык тармактарда комментарий жазышты. Кыскача айтканда биздин кесиптештер Париждеги кол салууну элдин көңүлүн бургудай чагылдырган жок. Бул бир жагынан бизде элди сестенте турган мындай окуя болушу күмөн дегенди туюнтат.

Анткен менен 12 кишинин өмүрүн алган каргашаны чочулоо менен кабыл алгандар да жок эмес. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев диний радикализм күчөп жаткан Кыргызстанда мындай окуя болбойт деген кепилдик жок экенин эскертет. Анын пикиринде, кыргыз журналистикасында пайгамбарлардын сүрөтүн келекелегендер болбогону менен кайсы бир динди сындаган кабарчылардын өмүрү коркунучта.

- Бизде кайсы бир диний агымды сындаган журналисттерге коркутуп-үркүтүүлөр болушу толук мүмкүн. Буга чейин деле айрым жаш кабарчылар кайсы бир диндин кемчилиги тууралуу жазганда коркутууларга кабылган учурлар болгон. Мындай карасаң дин абдан назик тема. Бирок ошол эле учурда дин тармагындагы маселелерди жазбай коюуга болбойт. Айрым учурда журналисттер бул темада кандайдыр бир ой айтуудан карманышат. Анткени алар өмүрүнө коркунуч келбесин деп коркушат.

Бул кандуу окуяны "Шарли Эбдо" журналы 2012-жылдын сентябрында жарыялаган Мухаммед пайгамбардын жылаңач тартылган азил сүрөтү менен байланыштыргандар басымдуу. Анткени буга дейре карикатура авторлоруна бир нече жолу кол салуу болгон. Журнал редакциясына чабуул жасагандар да кан төгүү Мухаммед пайгамбардын атынан өч алуу экенин айтышкан.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө "Мен Шарли" деген жазуусу бар плакатты кармаган адамдардын митинги өтүүдө

Дин таануучу Бакыт Мурзараимов журналисттерге жасалган чабуулга бир тараптуу мусулмандарды айыптоо туура эмес деген пикирде. Анын ою боюнча журнал кабарчылары мусулмандардын намысына тие турган сүрөттү жарыялоодон мурда ойлонушу керек болчу.

- Бул жерде кайра эле мусулмандарды жамандоо саясаты жүрүп жаткандай. Адамдардын ишеними, ички сезими, жан дүйнөсү менен ойнобош керек болчу. Пайгамбарды келекелөө мусулмандарга катуу тийген. Бул журналисттер убагында миллиарддаган мусулмандардын сезими менен ойноп койгон. Анткени көп адамдар жан дүйнөдөгү боштугун динге болгон ишеними менен толуктайт, пайгамбарды ыйык тутат да.

УКМКнын маалыматы боюнча буга чейин Кыргызстанда динчилдердин журналисттерге кол салуусу катталган эмес. Бирок аталган кызмат мындай коркунуч жок деп кепил боло албайт.

2007-жылы журналист Алишер Саипов, 2009-жылы Геннадий Павлюк киши колдуу болуп өлгөн. Адистердин баамында, Курманбек Бакиевдин убагын эске албаганда акыркы жылдары өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салуулар боло элек.