12 депутаттан турган убактылуу комиссия ушуну менен экинчи ирет жыйынга чогулду. Буга чейинки отурумда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептери талкууланган болчу. Бул жолу депутаттар "ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 млн. доллар канчалык максаттуу сарпталган?" деген суроого жооп издешти.
Үстөк пайыз - 107 млн. доллар...
Финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков 386 млн. доллар Кытайдан кандай шартта алынганы тууралуу баяндама жасады. Анын маалыматы боюнча, насыя эки пайыздык жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Башкача айтканда, насыяны 2033-жылга чейин Кытай тарапка 107 млн. доллар үстөк пайызы менен 493 млн. доллар өлчөмүндө кайтарууга туура келет.
Отурумда көптөгөн жоопсуз суроолор жаңырды. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев TBEA менен келишим боюнча "Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоонун 1 киловатты 1287 доллар" деп жазылганын, иш жүзүндө 1286 доллардан айланганын айтты.
- Энергетика министри ошол кезде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, "1 киловатт 1286 доллардан айланды" деп айткан. Биз кайра-кайра сураганбыз. Ал дагы 3-4 ирет кайталаган. Ал эми келишимде "1287 доллардан" деп турат. Ошондо айырма 300 миң доллар чыгып жатат. Ошондо келишимден ката кеткенби же министр жалган айтканбы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тилекке каршы, бул суроого келишимге кол койгон “Электр станциялары” ачык акционердик коомунунун жетекчилиги да жооп бере алган жок.
Жыйында мындан сырткары кытайлык TBEA компаниясы 386 млн. доллардан тышкары кайтарымсыз негизде берген 20 млн. 300 миң доллардын кайда кеткени тууралуу да талаш чыкты. Келишим боюнча ал акчанын бир бөлүгүнө 2 мектеп курулушу керек болсо, иш жүзүндө бир эле мектеп курулган. Бул боюнча толук отчет бере албаган тиешелүү жетекчилер "кийинки отурумга камданып келебиз" деп убада беришти.
19-февралда ЖЭБдеги аварияны иликтеген өкмөттүк комиссия өз корутундусун чыгарган. Анда комиссиянын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев авариянын себебин мындайча түшүндүргөн:
- Авариянын себеби Жылуулук электр борборунун кышка даярдык көрбөгөнүнөн улам болду. Комиссия муну толук иликтеп чыкты. Эгер ЖЭБдин айнектери салынган болсо, мындай болмок эмес. Экинчиден, ЖЭБдин кызматкерлери бирдиктүү иш алып барган эмес. Ар ким өз билгенин кыла берген.
Ошентип, комиссия "өз ишин так аткарган эмес" деген жүйө менен ЖЭБдин 20дан ашык кызматкерине сөгүш берүү, айрымдарын иштен алуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Калиевге сөгүш эле жетеби?
Ошол эле учурда бул комиссия “Электр станциялары”, "Улуттук энергохолдинг" сыяктуу энергетикалык мекеме-ишканалардын жетекчилерине катуу сөгүш берүү менен чектелди. Буга коомчулук эле эмес, комиссия мүчөлөрүнүн айрымдары да нааразы. Маселен, энергетика боюнча эксперт Николай Кравцов "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиевдин жоопкерчилигин эске салууда:
- Килем төшөлгөн чоң-чоң кабинеттери бар бул органдын эмне кереги бар? Эгер колунан эч нерсе келбесе. Айбек Рысбекович, сиздин команда ЖЭБ талапка жооп бериши үчүн ошол жерде түнөшү керек болчу. Сиздерде 42 адам иштейт. А сиз болсо булардан жалган отчет алып, аны президентке жеткирип жатасыз. Сиз "кышка даярбыз" деп эл алдында президентти алдадыңыз. Негизи эле "Лигласс" чуусунан кийин бул жерде отурбашыңыз керек эле...
31-январда парламенттеги талкуу учурунда Бишкектеги жылуулукка байланышкан кырдаалдан кийин "Улуттук энерго холдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганы белгилүү болгон. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирип, Калиевдин арызын кабыл албаганын кошумчалады:
- Мага бир киши келип арызын берди. Калиев Айбек Рыспекович. Бирок мен ал арызды кабыл алган жокмун. Аны азыр жактагым келбейт. Бирок аябай аракеттенип, күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай жүрөт. Албетте, көйгөйлөр көп, Айбек Рыспековичте да күнөө бар.
26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, борбор шаардын көпчүлүк бөлүгү беш күн бою жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу борбордун директору жана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары "шалаакылык кылган" деп иштен алынган.