Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен түзүлгөн келишимди бузду. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, мындай чечим “келишимде жазылган мөөнөт сакталбай, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалганына байланыштуу” кабыл алынган. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки башкы шаар жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулмак.
Сиздер билесиздерби, кылмыштардын саны кыска убакытта азаят. Анда жасалма интеллект болот. Сиз системага болгону сүрөттү гана киргизип койосуз, система болсо, бүт шаар боюнча адамды өзү издей баштайт. Бул укмуштуу да.Премьер-министр Сапар Исаков, 9-февраль, 2018-жыл
Өкмөт эми долбоорду өзү аткарууга аракет кыла турганын билдирди. Буга чейин да негизги шаарларга жана кан жолдорго видеокөзөмөл орнотуу боюнча долбоор ишке ашпай, келишим эки ирет бузулган.
Буга чейинки өкмөттөр жарыялаган “Коопсуз шаар” долбоору куру сөз бойдон калса, “Акылдуу шаар” долбоору да ошондой тагдырга туш келип отургандай.
«Коопсуз шаардын» биринчи тендери
2012-жылы ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов башында турган кыргыз өкмөтү Бишкек, Ош шаарларын жана Бишкек - Каракол жолуна фото-видео көзөмөл орнотуу боюнча дымактуу иш баштаган.
Анда тендерге 16 компания катышып, биринчи айлампада бешөө утуп чыккан. Маселен, долбоорду ZTE компаниясы (кытайлык) 3 миллиард 56 миллион, “Дельта Профи” (кыргызстандык) 3 миллиард 705 миллион сомго баалаган.
Бирок “Коопсуз шаар” долбоорун тендерге катышпаган Beijing Construction Engineering Group International аттуу кытай компаниясы утуп алат. Алар долбоорду 4 миллиард 505 миллион сомго же башкача айтканда, 85 млн. долларга баалашкан. Бул маселе боюнча “Ата Мекен” фракциясы убагында чуу көтөргөн. Алар тендерге катышпаган компания жеңүүчү аталганын, кытайлар долбоорду башкалардан 25 пайызга кымбат баалаганын, ошол кездеги ИИМдин башчысы Зарылбек Рысалиев бир катар мыйзамдарды одоно бузганын айтып чыгышкан.
«Коопсуз шаардын» экинчи тендери
2014-жылы өткөн экинчи тендерге сегиз компания катышып, кийинки баскычка бешөө өтөт. 2012-жылы кытайлар 85 млн. долларга баалаган “Коопсуз шаар” долбоорун молдовалык Dessa International S. R. L. компаниясы 60 млн., кытайлык Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd 49,8 млн., түркиялык Ozone Iletişim Teknolojileri 72,2 млн. жана швейцариялык Anteo Worldwide 69 млн. долларга баалаган.
Бирок тендердик комиссиянын бүтүмү менен кыргыз-орус "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү аталган. Алар долбоорду 62 млн. долларга бүткөрүшмөк болот. Ал кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев тендер одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн жүйө тутуп, келишимге кол койбой койгон.
Ал ортодо Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өз күчү менен ишке ашырууга киришкенин убада кылган. Атүгүл министр Мелис Турганбаев Молдованын “Коопсуз шаар” долбоору менен таанышып, Кишиневго да барып келген.
"Азаттыктын" архиви
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Исаковдун өкмөтү: «Коопсуз шаардын» ордуна «Акылдуу шаар»
“Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кыргыз өкмөтү менен кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы 11-январда кол койгон. Келишимге ылайык, кытайлык компания Бишкек менен Ош шаарына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жолдоруна жана "Манас" аэропортуна кетчү жолго көзөмөл камераларын орнотууга, аларды техникалык жактан тейлөөгө 60 миллион долларлык инвестиция жумшамак болгон. Ал эми долбоорду ишке ашыруу милдети Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасына жүктөлгөн.
Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган жана анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы.
- "Коопсуз шаар" "Акылдуу шаардын" 10 гана пайызы же андан азы десек болот. "Акылдуу шаар" бул бүтүн бир система.Эсенкул Момункулов
Бир ай мурдараак, же 9-февралда Бишкек мэриясынын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков “Акылдуу шаардын” артыкчылыктарына мындайча токтолгон:
- Сиздер билесиздерби, кылмыштардын саны кыска убакытта азаят. Биз атүгүл акчаны аябастан, инвесторлордон адамдын жүзүн тааныган функцияны киргизүүнү да сурадык. Анда жасалма интеллект болот. Сиз системага болгону сүрөттү гана киргизип койосуз, система болсо, шаар боюнча адамды өзү издей баштайт. Бул укмуш да.
Өкмөттүн атынан "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге кол койгон Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсенкул Момункулов "Акылдуу шаардын" "Коопсуз шаар" долбоорунан айырмачылыгын мындайча түшүндүргөн эле:
- "Коопсуз шаар" "Акылдуу шаардын" 10 гана пайызы же андан азы десек болот. Анткени "Коопсуз шаар" жол эрежелеринин бузулушун каттаган жөн гана фото жана видеокөзөмөл. Алты жыл мурдагы технологиялар менен бүгүнкү технологиялардын айырмасы асман менен жердей болуп калды. "Акылдуу шаар" бул бүтүн бир система. Ал аркылуу технологиялык амалдарды, чечимдерди интеграция кылууга мүмкүнчүлүк ачылат. "Акылдуу шаар" долбоорунда жасалма интеллект болот. Анын ишине адамдар аралаша албайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дүйнөдөгү "Акылдуу шаарлар"
Британияда жайгашкан Juniper Research консалтинг компаниясы жана АКШдагы Intel корпорациясы ушул айда дүйнөдөгү “акылдуу” шаарлардын тизмесин чыгарды. Анда элди тейлөөдөгү мобилдүүлүк, саламаттык сактоо тармагында шарттар, коомдук коопсуздук жана жалпы системанын натыйжалуулугу, кайтарымы сыяктуу критерийлер коюлган.
Изилдөөгө ылайык, дүйнөдөгү эң акылдуу шаар деп Сингапур табылган. Талдоочулар бул өлкө саламаттык сактоо, коомдук коопсуздук, мобилдүүлүк жана натыйжалуулук жагынан дүйнөдөгү башка шаарларды ат чабым алыс калтырганын белгилешкен. Маселен, Сингапурда кары-картаңдардын ден соолугуна көзөмөл кылган мобилдик кызмат-тиркемелер ишке киргизилген. Ал аркылуу дарыгерлер карылардын ден соолугуна онлайн - алыстан болсо да көзөмөл кылып тура алат.
Кыргызстан дүйнөдөгү жол кырсыктары эң көп катталган мамлекеттердин бири. "Акылдуу шаар" долбоорун киргизүүгө өкмөттү жол кырсыктарынын саны жана коомчулуктун сыны аргасыз кылып келет.
Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталып, 907 киши каза тапкан.
Huawei жана кыргыз өкмөтү
Өкмөттүн маалыматына караганда, алар Huawei менен келишимди документте көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбагандыгына, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалганына байланыштуу бузууга барышкан. Huawei азырынча келишимдин бузулушу тууралуу расмий маалымат бере элек. Ушул жерден Huawei ишканасы тууралуу кыскача маалымат бере кетсек.
ТВЕА менен чыккан чырдан кийин "Huawei” компаниясы да Кыргызстан менен иштешүүдөн бир тараптуу баш тартышы мүмкүн. Расмий Бээжин дагы “бизге мындай бекер рекламанын кереги жок, ишти токтоткула” деши да мүмкүн.Экс-депутат Улукбек Кочкоров.
Huawei Technologies Co. Ltd компаниясы Кытайда 1987-жылы негизделген. Интернеттеги ачык маалыматтарга таянсак, 2012-жылы анда 110 миңдей адам иштесе, бүгүнкү күндө 180 миңдей киши эмгектенет.
Анын дүйнөдө сегиз регионалдык бөлүмү,100дөй филиалы бар. Компаниянын Кытай, АКШ, Германия, Түркия, Индия, Швеция, Орусия жана башка өлкөлөрдө 20 илимий борбору негизделген. Ал Европада бир катар мобилдик операторлорго ээлик кылат.
2015-жылы Huawei дүйнөдө эң көп смартфон чыгарган компаниялардын тизмесинде үчүнчү орунду ээлеген. 2007-жылы таза кирешеси - 12,5 млрд. доллар (2006-жылга салыштырганда 48 пайызга өскөн) болсо, 2017-жылы анын жылдык таза пайдасы 92 млрд. долларды түздү. 2017-жылы 153 миллион смартфон саткан.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Улукбек Кочкоров эл аралык компания кыргыз өкмөтү менен тыгыз иштешүүгө кызыкдар болгон эмес деген ойдо. Ал буга Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча кытайлык компания менен болгон келишимдеги коррупциялык схемаларды күнөөлөдү.
- Дүйнөгө белгилүү компанияга ушундай чырлардын кереги барбы? 2010-жылы биздин бир топ аткаминерлер Кытайдан 3 миллион долларлык жабдууну 9 миллион долларга алып келдик деп, 6 миллион долларын сугунуп коюшкан. Күнөөкөрлөр түрмөдө отурушат. Ошондо дагы "Huawei” компаниясынын аты угулган, эми дагы чыгып жатат.
Бишкек жылуулук борборунда иштеген кытайлык ТВЕА дагы жаман компания эмес. Алар биздикилер заказ кылганды жасап беришти. Аттиштерди 600 доллардан жазып койгону - заказ берип жаткан биздикилердин күнөөсү. "Huawei” менен да ушундай эле көрүнүш болушу мүмкүн. 100 доллардык видеокамера 14 миң доллар болуп жазылып калышы ыктымал. Ошондон улам ой туулат, ТВЕА менен чыккан чырдан кийин "Huawei” компаниясы да Кыргызстан менен иштешүүдөн бир тараптуу баш тартышы мүмкүн. Расмий Бээжин дагы “бизге мындай бекер рекламанын кереги жок, ишти токтоткула” деши да мүмкүн.
Кыргыз өкмөтү эми "Акылдуу шаар" долбоорун эл аралык уюмдардын көмөгү жана жана өзүнүн дарамети менен ишке ашырууга ниет кылууда. Маселен, өткөн жумада премьер-министр Сапар Исаков Британиянын Коопсуз жана туруктуу транспорт боюнча чыгыш альянсы (EASST) уюмунун директору Эмма МакЛеннанды кабыл алды. Анда жол коопсуздугун жакшыртуу багытында биргелешкен аракеттерди көрүү маселелери талкууланды.
Сапар Исаков «Таза Коом» программасы тууралуу маалымат берип, “Акылдуу шаар” долбоору боюнча келишимден чыгууга мажбур болгонун, аны эми кыргыз тарап өз күчү менен ишке ашырганы жатканын айтты.
Өкмөттүн чала иштери
“Акылдуу шаар” долбоору - Исаковдун өкмөтү кол үзгөн алгачкы эл аралык келишим эмес. Буга чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курат деп чехиялык "Liglass Trading" компаниясы менен келишим түзүлүп, ушундай эле сценарий менен ара жолдо токтогон. Андан соң “Мегакомду” сатуу боюнча орусиялык Елена Нагорная аттуу жеке ишкер менен макулдашылганы айтылып, кыргыз өкмөтү көп өтпөй андан да баш тарткан. Эң кызыгы - үч учурда тең жарандык активисттер аталган компаниялар күмөндүү экенин айтып чыгышкан, бирок Исаков башында турган өкмөт элди аягына чейин "бул жүзөгө аша турган иш" деп ишендирип келген.