Биринчи кар баарыбызды сынады

Кыргызстанда эки күн мурун жааган алгачкы кар өкмөттүк кызматтардын жана жарандардын чукул кырдаалга чабал даярдыгын ашкерелеген.
Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек-Ош жолунда алгачкы курмандыктар катталды. Кар тозоңунан ашуу жолдордо жүздөгөн жолоочулар калып, үшүккө кабылды. Айдоочулар тиешелүү мекемелерге кине артса, өз кезегинде мамлекеттик мекемелер айдоочулардын энөөлүгү себеп болгонун айтып, актанышууда.

Бишкектин тургуну Бактыбек Орозбаев “жол азабы - көр азабы” деген сөздү жон териси менен сезгенин айтып жатат. Күздүн күнү адатта 12-13 саатта Оштон Бишкекке кирип келген Бактыбек бул ирет Төө-Ашуудагы жүздөгөн машинелердин тыгынынан улам бир суткадан ашык убакыт ызгаар суукта жолдо калып, Бишкекке араң жеткен. Мына ушундай кырдаалдын жаралышын мамлекеттик мекемелердин өз милдетин так аткарбай, шалаакылыгынан көргөн Бактыбек агынан жарылды:

- Төө-Ашунун ар жак бетинде миңдей машине, бери жак бетинде миңге чукул машине канча саат турдук! Тыгын. Биздин мамлекеттик органдар иштебейт турбайбы. Маселен, адатта жолдун четине төгүлгөн кум да жок. Макул, айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрү менен чыгып алыптыр. Алар аба ырайынын өзгөрөөрүн билбей калган чыгаар. Бирок Транспорт министрлиги мунун баарын билип, кум төгүп, унааларын алып барып койсо болот эле да. Канчалаганы балдар менен чыгып алышыптыр, тоңуп сыртта турушту. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги деле мындай учурда тиешелүү жардамды уюштура албаптыр. Төө-Ашуунун бери жак бетинде бир машинеси жүрдү. Ал деле жарылытуу жардам көрсөтө албайт экен.

Жолоочуларды түйшүккө салган мындай абал эки күн мурун Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жаралды. Калың түшкөн кардан улам 17-октябрда түш оогондон тарта Бишкектен Ошко, Оштон Бишкекке сапар алган миңдеген машинелер Төө-Ашуунун эки тарабында каз катар тизилип, тыгынга кабылган.

Абалдан чыгуу үчүн бейшемби күнү Бишкек-Ош жолун толугу менен жабылган болчу. Мындан кийин тыгын бир аз сээлдеген соң жол ачылып, бирок оор жүк ташуучу машинелердин жүрүүсүнө тыюу салынды.

Дал ушул күндөрү жолдун тайгактыгынан жол кырсыктары көбөйдү. Маселен, 17-октябр түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 160-чакырымында "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү унаа КАМАЗ менен кагышып, беш адам мерт кетти.

Анткен менен жолоочулардын мамлекеттик мекемелердин дарегине айткан дооматтары четке кагылды. Бишкек - Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын директорунун милдетин аткаруучу Жаныбек Алиязовдун жүйөсүндө, жолоочуларды түйшүккө салган тыгындын себеби башкада:

- Мындай тыгындар биздин ишке байланыштуу болгон жок. Чиркелген тележкасы бар чоң машинелер жолго туураланып токтоп калган экен. Ошонун айланасында тыгын пайда болду. Анан жолго чыккан машиненин баары жайкы дөңгөлөктөрү менен экен. Тыгын пайда болгондон кийин биздин жол тазалоочу машинелер да өтө албай калды. Болбосо, биздин кызматтан эч кандай күнөө кеткен жок. Биздин кызматкерлер күн-түн дебей кум сээп иштеп жатат.

Алиязовдун айтымында, учурда жолдун баары жөнгө салынды. Жолчулар кышка ойдогудай даярдык көрүп, жол тазалоочу машина, күйүүчү майды жетишээрлик камдаган.

Дал ушундай эле жүйөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен да кайталап жатышат. Министрликтин ыкчам чакырыктар боюнча башкармалыгын жетекчиси Мухаммед Сваровдун айтымында, синоптиктер менен тиешелүү органдар күн мурунтадан улам-улам эскерткенине карабай, жолго даярдыксыз чыккан айдоочулардын энөөлүгү тыгындын пайда болушуна алып келди:

- Биз телевизор аркылуу улам-улам эскертип жатабыз. "Жолго чыкпа, чыксаң даярданып чык" дедик. Бирок жайкы дөңгөлөгүн алмаштырбай эле, 7-8ден киши салып чыгып жатпайбы. Бир машине тыгылса, артындагы 10-15 машине чыга албай, тыгын пайда болуп жатат. Анан да айдоочулар тыгын пайда болгонун көрүп, анын жылышын күтпөй эле жан талашып тегеренип өтүүгө аракет кылышат да андан да жаман абалды өздөрү жаратып жатышат. Болбосо, биздин куткаруучулар ал жакты көзөмөлдөп карап турушту.

Ошол эле кезде өлкөдөгү стратегиялык жол болгон Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда да дал ушундай кырдаал жаралды. Анда алгачкы кар түшкөн соң жол убагында тазаланбаганынан улам тыгын пайда болуп, жолоочулар бир топ убара тартышкан.

Мындай маалыматты тастыктаган Нарын облустук жол коопсуздугу башкармалыгын башчысы Бакыт Касымов абал бүгүн жөнгө салынганын “Азаттыкка” айтып берди:

- Ооба чындыгында эле кечээ Долондо ушундай абал түзүлгөн. Көк жылгаяк болуп, тыгын пайда болгон. Бирок азыр анын баары тазаланды. Учурда жол ачык.

Кыргызстанда кыштын түшүшү менен өлкөнүн аймактарын байланыштырган жол каттамдар жабылып, көйгөй жаратышы көнүмүш адатка айланган. Мындай кырдаалдарда айдоочулар жолду тазалабаганы үчүн мамлекеттик органдарга кине такса, өз кезегинде мамлекеттик мекемелер айдоочулардын энөөлүгүнө шылтап актанып келишет. Бирок жыл тайгактан жана кар көчкүдөн бир канча адам курман болот.