Мигранттар ЕАЭБ ичинде эркин иштешет

Кыргыз мигранттары

Эмгек мигранттары ЕАЭБ аймагында өз өлкөсүндөгүдөй иштөөгө мүмкүндүк алышты. Мындан ары кыргызстандыктар үчүн ишке уруксат кагазы, патент, тил билүү сынагы сыяктуу миграциялык тоскоолдуктар болбойт.

Патент “оорусу” жоюлду

Кыргызстандык эмгек мигранттары ЕАЭБге кирген Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения аймагында эркин иштөөгө укук алышты. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз жарандары мындан ары биримдикке кирген өлкөлөрдө ишке уруксат кагазы же патенти жок эле жумушка орношо алышат.

- Мындан ары кыргыз жарандары ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө эч кандай квотасыз ишке орношо алышат. Ошондой эле орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча сынактар да жокко чыкты. Мурда ар бир мамлекетте өзүнчө экзамендер бар болчу. Биздин жарандар эми уруксат кагазы, патенти жок эле жумушка орношо алышат.

Мындан тышкары биримдиктин ичинде Кыргызстандын бардык окуу жайларынын дипломдору жарактуу болмокчу. Ар бир жаранга иштеген, окуган жеринде өз өлкөсүндөгүдөй социалдык камсыздоо каралып, алардын эмгек стажы да сакталат. Бирок бул үчүн сөзсүз түрдө иш берүүчү менен мигрант ортосунда эмгек келишими түзүлүшү шарт, дейт Асанбаев.

- Жетишилген келишимдерге ылайык, биздин дипломдор ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө бирдей таанылат. Болгону мамлекеттик же жеке иш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзүү шарт.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кыргызстандыктар эмгек келишимин түзбөсө, кайра эле миграциялык
“кара тизмеге” түшөрүн эскертип, жеңилдикти жоопкерчилик менен кабылдоого чакырды.

- Мигранттарга жеңилдиктер берилди, бирок ар бир жаран жоопкерчиликти сезиш керек. Эч документтин кереги жок деген болбойт. Сөзсүз түрдө иш берүүчү менен эмгек келишимин түзүп, Федералдык миграция кызматына жөнөтүү керек. Ошондо гана ээн-эркин жүрө алат. Болбосо мурдагыдай эле "кара тизмеге" кирип калуу коркунучу бар.

ЕАЭБ боюнча жетишилген келишимдерге ылайык, кыргызстандыктар отуз күнгө чейин каттоого турбай эркин жүрө алышат. Буга чейин Орусия, Беларус, Арменияда каттоосуз 7 күн, ал эми Казакстанда 5 күн гана жүрүү мүмкүн болчу.

Жеңилдиктерге жетине албай сүйүнүү эрте экенин айткандар арбын. Алардын бири - стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун эксперти Эмил Жураев. Аталган институт Орусияда иштеген мигранттар Кыргызстанга которгон акча сонку бир жылда 33% кыскарганын айтып чыккан. Жураев Орусиядагы каржылык каатчылыктан улам кыскарган иш орундары кыргызстандыктарды мекенине кайтууга аргасыз кылат деген пикирде.

- ЕАЭБдин негизги коркунучу Орусиядагы экономикалык кризис. Анткени каатчылык түздөн-түз миграцияга терс таасир этет. Иш орундары кыскарып, акыркы эки жылда мекенине кайткандардын саны көбөйдү. Ошондуктан жеңилдиктер деле мигранттарга жардам бербеши мүмкүн. Андан көрө Кыргызстанда жаңы жумушчу орундарын көбөйтүшүбүз керек.

Кара жумушчулар кайра кайтабы?

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматында соңку бир жылда Орусиядан кайткандардын саны 50 миңге жеткени белгиленген. Бирок өкмөт жаңы миграциялык келишимдер эмгек мигранттарын бери дегенде 10% көбөйтөт деп боолгоп жатат.

Расмий маалыматтарда Орусияда 510 миң, Казакстанда 70 миң чамалуу кыргызстандыктар жүрүшөт. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны эки эсе көп экени айтылат.

Рубль куну түшүп жаткан чакта жаңы келишимдер кара жумушта иштеп, аз айлык алгандар үчүн пайдасыз. Мындай оюн мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров ортого салды.

- Жетишилген жеңилдиктер кара жумушта иштегендер үчүн пайдасыз. Анткени рублдин куну түшүп, мигранттар мурдагыдан эки эсе аз айлык алып калышты. Жеңилдиктер жогорку квалификациялуу адистерге гана жол ачат. Анткени аларга талап да, айлык да жогору. Ошондуктан мыкты адистер Орусияга агылат деген коркунуч бар.

Кыргызстан ЕАЭБга 12-августтан тарта толук мүчө болот. Бул күнү Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы бажы бекеттери алынып салынат.