Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Иллюстрация

Экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокуратура кызматкерлерине люстрация мыйзамын киргизмейинче сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин сотунда көрсөтмө берип жатып, сот реформасына нааразылыгын билдирди. Ал мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган судьяларды жоопко тартмайынча сот адилеттиги орнобойт деп, бул үчүн люстрация мыйзамын киргизүүнү сунуштады. Отунбаева Текебаевдин ишин карап жаткан судья Эрнис уулу Айбекке кайрылып мындай деди:

- Мынабу сот деп аталган "клоунаданы" бүтүрүү керек. Силер миллион доллар пара бердим деген башка өлкөнүн жаранын кызыл килем менен алып келип, биздин саясий ишмерди камап отурасыңар. Эмне үчүн Маевскийди жоопко тартпайсыңар? Мен азыр сот-прокурорлорду электен өткөрө турган люстрация долбоорун даярдап жатам. Силер эми кетип жаткан президенттин көлөкөсүндө боло албайсыңар. Жаңы президент келгенде да иштебейсиңер. Силер акыйкатсыз чечимдериңер үчүн жооп беришиңер керек.

Деген менен Отунбаеванын бул билдирүүсү коомчулукта эки ача пикирлерге жол ачты.

Булар сот адилеттигин орнотобуз деп эл алдында ант беришкен. Азыр уялбай люстрация тизмесин киргизебиз деп жатышат. Өздөрүнүн башына иш түшкөндө гана билип жатышат.
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов экс-президенттин сөзүн кескин сындап, аны сот реформасын убагында ишке ашырган эмес деп айыптады. Байсалов саясатчылар өлкөдөгү адилетсиз сот системасын баштарына иш түшкөндө гана сезип жатканына капа.

- Ушундай сөздөрдү айтардан мурда Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баш болуп калгандары дагы кыргыз элинен, кыргыз жаштарынан тизелеп кечирим сурашы керек. Булар сот адилеттигин орнотобуз деп эл алдында ант беришкен. Азыр уялбай люстрация тизмесин киргизебиз деп жатышат. Мурда эле айтпадык беле, эч кимиси уккан эмес. Өздөрүнүн башына иш түшкөндө гана билип жатышат. Буга чейин канча окуялар болду? Миңдеген замандаштарыбыз мыйзамсыз камалып, түрмөдө чирип жатат. Булардын эми көзү ачылып жатканы таңгалдырат.

Нарымбаевдин өкүнүчү...

Ушул эле соттук отурумга катышкан президенттик апппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып соттор күнөөсүз адамдарды далили жок камап жатканын, муну ал өз жон териси менен сезгенин айтты. Ал кызматта турганда сот реформасын ишке ашыра албаганы үчүн өкүттө экенин моюнуна алды. Нарымбаев убагында соттук реформа боюнча кеңештин төрага орун басары болуп турганда бул система жакшы жакка өзгөрдү деп көп айтчу.

Данияр Нарымбаев сот реформасы жакшы жагына өзгөрдү деп айтып келген.

- Мен өкүнөм. Өз убагында сот реформасына кабинеттик көз карашта болуп калган экем. Азыр эми көп нерсени түшүндүм. Көрсө биздин адвокаттардын укугу тебеленет экен. Сот алардын өтүнүчүн кабыл албай, четке кагат экен. Үстүнөн бирөө-жарым көзөмөл кылганга эч кандай механизм да жок экен. Иш жүзүндө адвокаттарга прокурорлордой укуктарды теңме-тең бербесек сот реформасы ишке ашпайт экен. Мен ушуну туура түшүндүм.

Данияр Нарымбаев Алмазбек Атамбаевдин аппараттын жетектеп турганда ошол кезде камакта отурган экс-мэр Нариман Түлеевдин жакындарынан ири суммада пара талап кылган деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылып, кийин үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Бирок Нарымбаев ак жеринен курмандыкка чалынганын айтып келет.

Анткен менен мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев сот реформасы ийгиликтүү ишке ашып жатканын айтып келет. Ал сот реформасы боюнча кеңештин соңку жыйынында жаңы мыйзам, жаңы соттор иштеп, бул тармакта олуттуу жылыштар болуп жатканын сыймыктануу менен айткан.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Атамбаевдин сөзүн Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев толугу менен колдойт. Ал реформалоо аракети аз убакытта үзүрүн бербесе да, соңку беш жылда көп жылыштар болгонун айтууда.

- Жаңы мыйзамдар жаңы эле кабыл алынды. Жаңы Жарандык кодекс 1-июлдан баштап гана ишке кирди. Азыр соттордун 66 пайызы жаңы. Мурда такыр эле башкача соттор болчу. Эми болсо акыркы төрт жылда жаңы мыйзамдар иштеп, реформа өз жемишин берет. Реформа деп жаңы эрежелердин ишке ашуусун түшүнүшүбүз керек.

Кыргызстан башынан кечирген эки ыңкылаптын башкы талаптарынын бири сот реформасы болгону белгилүү. Апрель ыңкылабынан кийинки бийлик сот реформасын жасоого ынтызарлыгын билдирип, 2012-жылы президентке караштуу атайын кеңеш түзүлгөн.

Расмий маалымат боюнча ушул кезге чейин 447 судьядан турган соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңырды. Төрт жыл аралыгында пара талап кылуу жана соттун жүрүм-турумуна туура келбеген аракеттери үчүн 20дан ашык судьяга кылмыш иши козголгон.

"Ыңгайсыз суроолор": Сот реформасы ишке аштыбы? 7-июнь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.