Кийим сакталган кампаны өрт жалмады

Өрт "Деңиз Текстил" дүкөнүнүн кездеме жана кийим сактоочу кампасынан чыккан. Анын келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.
 

Тилсиз жоо түнкү саат 23.30да чектөөгө алынды. Таңга маал 5.10до ал толук өчүрүлдү.

Аталган кампада Түштүк Кореядан алынып келинген эски кийимдер (секонд-хенд) сакталып турган. 

 Өрт чыккан кампа ушул даректе жайгашкан. 

Өрттү өчүрүүгө беш өрт өчүрүү бөлүмү, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан төрт куткаруучу тартылган.

Кампага жанаша жайгашкан үйдө эч ким жашабай, бош турганы айтылууда. 

Акыркы кезде өлкөдө өрт кырсыгы көп катталып жатат. 

Буга чейин Улуттук филармония, "Ош", "Мадина", "Берекет" базарлары, "Арзу" рестораны, "Супара" этнокомплекси ж.б. коомдук эс алуучу жана соода жайлары өрттөнгөн. 

16-октябрда, Ош шаарындагы Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайында өрт чыгып, кымбат аспаптар күйүп кеткен. 

Өлкөдөгү ири коомдук жайлардын өрттөнүп кеткени, соңку күндөрү коопсуздук тууралуу маселени коомчулуктун көңүл борборуна алып чыкты.

Бишкектеги Элебесов көчөсүндө жайгашкан номер 155 турак жайдагы кийим сактоочу кампа, ага жанаша жайгашкан үч кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн кесепеттери иликтенип жатат.