Аиданын ажырашкан күйөөсү, Демир Өзгөн аттуу түрк жараны Бишкектеги “Космопарк” эс алуу жайынан баланы ойнотуп келем деген бойдон Түркияга уурдап кеткен. Андан бери ага адам уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Бирок ата-баладан эмдигиче кабар жок.
Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов түрк жараны баланы чек арадан жасалма документтер менен өткөрүп кеткенин, учурда издөө иштери улантылып жатканын айтууда.
- Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар деп эки кыргыз жараны кармалды. Алар уурдалган балага жасалма документ жасоого жана өлкөдөн чыгарууга жардам беришкен. Кармалгандар сурак берүүдө.Түрк жаранына болсо эл аралык издөө жарыяланган.
"Түркиядан телефон чалып жатат"
Баласын уурдаткан Аидага моралдык жана укуктук жактан көмөк көрсөтүп жаткан БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Үмүтай Даулетованын айтымында, изделип жаткан түрк жараны күн сайын телефон чалып, баланы издебе деп энесин коркутууда.
- Андан бери үч ай өттү, бирок милициянын аракетинен эч кандай жыйынтык жок. Күйөөсү Түркиядан күн сайын телефон чалып, Аиданы коркутууда. Негизи телефон аркылуу деле анын кайда жүргөнүн тактаса болот эле да. Милиция бул багытта жакшы иштебей жатат. Түркиядагы элчилик менен бирге иштешсе болмок да.
Аида мурдагы күйөөсүнөн коркуп калганбы, айтор өзү маек берүүдөн караманча баш тартты. Түрк жараны 10 айлык Самирди өткөн жылдын 8-ноябрында жасалма күбөлүк жана ишеним каттын негизинде өлкөдөн чыгарып кеткен.
Юрист Күмүшбек Ыбыкеев кыргыз мыйзамдары боюнча 18 жашка чейинки жарандар чет өлкөгө чыгуу үчүн ата-энелердин экөөнөн тең ишеним кат алынышы керектигин, бирок бала уурдоого жасалма документтер жардамчы болуп жатканын айтат.
- Мыйзам боюнча баланы чет өлкөгө ата-энелердин уруксатысыз алып чыга албайт. Кагаз жүзүндө балдардын укугу жакшы эле корголгон. Бирок иш жүзүндө документтердин бардыгы акчага жасалып жатпайбы. Ошол себептүү балдарды өлкөдөн чыгарып кетүү оңой болууда.
Чет элдиктерге бала гана керекпи?
Кыргыз кыз-келиндери чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгууда жоопкерчиликсиз мамиле жасашат. Мындай пикирин социолог Топчугүл Шайдуллаева билдирди. Ал чет элдиктер көп учурда кыргыз кыздарына балалуу болуу үчүн гана баш кошот деген ойдо.
- Биздин коомдо жалпыга маалымдоо каражаттары чет өлкөлүктөргө турмушка чыгууну аябай идеалдаштырып жатышат. Бирок көп учурда андай болбой, тескерисинче кыргыз кыздар кордолууда. Үй-бүлө бул - социалдык институт. Жубайлар жоопкерчиликтүү болуш керек. Бирок чет өлкөлүктөр балалуу болуш үчүн гана кыргыз кыздарга үйлөнүп жаткандай. Анткени кыздарыбыз чет өлкөлүктөргө караганда өздөрүн баалабай жатат.
Адистердин баамында, үй-бүлө ажырашкандан кийин ортодогу баланы бир гана чет элдиктер талашып, уурдабайт. Мындай окуя Орусия же башка өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары арасында да көп катталып келет. Бирок баары эле милицияга кайрыла бербейт, өз алдынча чечүүгө аракет кылгандар да бар.