Мушкерлердин ийгилиги чеке жылытты

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 39-жолу өткөрүлдү. Бул турнирге быйыл алгачкы жолу Алжир, Ирак жана Бириккен Араб Эмирлигинин бокс боюнча улуттук курама командалары келишти.

Спортчулар он салмак даражасында байгелер үчүн таймашты. Кыргыз мушкерлери беш алтын, эки күмүш, жети коло медалды тагынышты.

52 килограммга чейинки салмакта финалда кыргызстандык Азат Үсөналиев менен Алжир командасынын өкүлү Флисси Мохаммед беттешти.

Бул беттеште Азат Үсөналиев Алжир мушкерин 3:0 эсеби менен утуп, Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. 

52 килограммга чейинки салмактын байге ээлери. Сүрөттө: (солдон оңго) Флисси Мохаммед (күмүш байге, Алжир), Азат Үсөналиев (алтын байге, Кыргызстан), Артем Мирзоев (коло, Орусия), Жасурбек Латипов (коло байге, Өзбекстан).

56 килограммга чейинки салмактагылар арасында финалда кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков (көк түстөгү кийимчен) өзбекстандык Сардор Музаффаровду 3:0 эсеби менен таза жеңди.

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргыз мушкерлеринен Азат Үсөналиев жана Өмүрбек Малабековдон сырткары Турат Осмонов (49 кг.), Эрмек Сакенов (64 кг.) жана Сергей Паренколор (91 кг.) жеңүүчү аталышты.
 Күмүш байгелерди Бек Камчыбеков (60 кг.) жана Ыктыяр Шабданбеков (69 кг.) тагынышса, коло медалдарды Рахманкул Аватов (49 кг.), Сирожидин Абдуллаев (56 кг.), Акжол Сулайманбек уулу (60 кг.) Абдурахман Абдурахманов (64 кг.), Адилет Батыралиев (69 кг.) Эркин Адылбек уулу (81 кг.) жана Шермахаммад Хакимов (91 кг.) ээ болушту.

Орусия курама командасынын өкүлдөрү үч алтын алса, Казакстан менен Өзбекстандын боксчуларына бирден алтын медаль буюрду. 

81 килограммга чейинки салмактагылар арасында байге ээлери. Солдон оңго карай: Алделхавед Бинчабла (күмүш, Алжир), Абзал Куттыбеков (алтын, Казакстан), Эркин Адылбек уулу (коло, Кыргызстан), Мурат Байгазиев (коло, Казакстан). Күмүш байге уткан алжирлик боксчу Алделхавед Бинчабла мелдештин "мыкты мушкери" деп аталды. 

Орусиялык машыктыруучулар. Сүрөттө: (солдон оңго) СССРдин жана эл аралык класстагы спорт чебери, СССРдин эки жолку чемпиону, Шопоков атындагы эл аралык турнирдин "мыкты машыктыруучу" наамынын ээси Ринат Тришев жана машыктыруучу Сергей Старцев.

91 килограмм салмактан жогоркулар арасында мушкерлердин финалдык таймашы. Кызыл түстөгү кийимчен өзбекстандык Улугбек Муминов жана орусиялык Артем Сусленков. Бул беттеште 2:1 эсебинде орус мушкери жеңүүчү аталды. 

91 килограмм салмактан жогоркулар арасында жеңүүчү болгон орусиялык мушкер Артем Сусленков.

91 килограмм салмактан жогоркулар арасында күмүш байгесинин ээси өзбекстандык Улугбек Муминов. 

Кыргызстандык Сергей Паренко 91 килограммга чейинки салмакта финалда Орусия командасынын өкүлү Ислам Текеевди 2:1 эсебинде утуп алды. 

Сергей Паренко.

91 килограммдан жогорку салмакта байге ээлери болгон мушкерлер. Солдон оңго карай Улугбек Муминов (күмүш байге, Өзбекстан), Артем Сусленков (алтын байге, Орусия), Шермахаммад Хакимов (коло байге, Кыргызстан) жана Нурсултан Аманжолов (коло байге, Казакстан). Бул мелдеште жетишкен ийгилиги үчүн Шермахаммад Хакимовго Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы ыйгарылды.