Кышты эстеткен кыламык кар
Бүгүн Бишкек аппак карга көмүлдү.
Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл баш калаага кар эрте түштү. Былтыр күз мезгилиндеги алгачкы кар 17-ноябрда жааган.
Сапырылган сары жабырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап. (Б.Сейитбекова)
Буга чейин Кыргызстандын түштүк өрөөндөрүндө жана Талас жергесине кар түшкөн.
Кыргызгидромет кабарлагандай, бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында кар аралаш жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкек шаарына жылуулук бүгүнтөн тарта бериле баштайт.
Аба ырайынын болжолуна ылайык, кийинки апта жылуу болот. Абанын күндүзгү температурасы 18-20 градуска чейин жылуу болот.
Түнкүсүн Бишкекте -3 градус суук болушу күтүлүүдө.
Калаа көчөлөрүндө кышты күтпөгөндөй үшүгөн адамдар. Шаарга жылуулук берилет деген алдын ала маалымат аларды соороткон сыягы.
Алтын күз жалбырактарын толук күбүп бүтө электе кар түшүп, “Тазалык” кызматкерлеринин түйшүгүн көбөйттү.
Кар Баткенде да жаады.
Кар жамынган анар. Баткен.
Баткен.
Баткен.
Роза да үшүдү. Баткен.