Бишкек менен Ташкенттин бийик максаты

Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 13-декабрь, 2017-жыл.

Өзбекстан кыргызстандык ишкерлерге 100 млн доллар насыя берет. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Ташкенттеги расмий иш сапарында макулдашылды. Кыргызстан менен Өзбекстан Ташкентте экономикалык кызматташтыктын дагы кандай өңүттөрүн талкуулашты?

Өзбекстан кыргызстандык ишкерлерге 100 млн доллар насыя бермей болгонун Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков журналисттерге президент Сооронбай Жээнбековдун Ташкенттеги иш сапары аяктагандан кийин билдирди. Министрдин айтымында, 100 млн доллар өзбек өндүрүмүн импорттогон ишканаларга берилмекчи.

- Бардык насыялык акча каржылык мекемелер аркылуу жүрөт, өкмөт бул насыялар боюнча эч кандай мамлекеттик кепилдик албайт. Анын майда-барат шарттары Кыргызстан менен Өзбекстандын насыя мекемелеринин ортосундагы макулдашууда каралып жатат.

Новиков кошумчалагандай, бул Өзбекстан менен соода кылган кыргыз ишкерлеринин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Бирок насыя качан бериле баштай турганын министр тактаган жок.

Кыргыз-өзбек расмий адамдарынын айтымында, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 250 млн доллардын тегерегинде. Эки өлкө буга канааттанбай турганын Өзбекстандын президенти Шавкат Миризиёев Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди:

- Биздин соода-экономикалык кызматташтыгыбыздын тарыхында мындай соода жүгүртүү болгон эмес. Азыркы учурда эки тараптагы кесиптештерибиз Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 250 млн. доллар деп айтышты. Биз урматтуу Сооронбай Жээнбеков экөөбүз аны 500 млн долларга жеткирүүнү максат кылып жатабыз. Анткени бизде бул үчүн негиздер бар.

Транспорттук-логистикалык кызматташтыкка токтолгон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакында эле ачылган Ташкент-Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар багыты боюнча автожол каттамын "тарыхый" деп баалады:

- Эгер биз 25 жыл бою ушул маршрутту колдонсок, бизде кандай гана ийгиликтер болмок. Эми бул маселенин чечилгени эле көп нерседен кабар берет. Биз урматтуу Сооронбай Жээнбеков менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча да макулдаштык. Бул тарыхый долбоор.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол добоору боюнча эки тараптуу жумушчу топтор 25-декабрда биринчи жолугушуусун өткөрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы эки күндүк расмий иш сапары аяктап, мамлекет башчы жетектеген делегация Бишкекке кайтып келди. Сооронбай Жээнбековдун Ташкенттеги жолугушууда айтканына караганда, эки өлкө биргелешкен ишканаларды түзүүгө аракет кылат.

- Эки өлкө ортосунда туруктуу, эл ташыган автомобил каттамдарын уюштурганы жатабыз. Бул боюнча тапшырма берилди. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишканалдарды түзүү жагы ишке аша баштаганы кубандырат. Кыргызстанда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени биз Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсүбүз. Ошондой эле ВСП+ макамыбыз бар. Ага ылайык биз Евробиримдиктин базарына алты миң аталыштагы товарды бажы төлөмүсүз экспорттой алабыз. Биз биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу ушундан да колдонсок болот.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сапарына тушташ эле, 13-декабрда Ташкентте кыргыз-өзбек ишкерлери катышкан бизнес-форум да өттү. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлери келишимдерге да кол коюшканын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсен Момункулов билдирди:

Эсен Момункулов.

- 200дөй ишкана катышты. Анда сүйлөшүүлөр, суроо-жооптор болду. Жеке ишкерлер бири-бири менен таанышып, табышты. Азыркы маалымат боюнча эки тараптын ишкерлеринин ортосунда 139 млн долларлык экспорт-импорттук келишимдерге кол коюлганы жатат.

​Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанда 13-14-декабрда расмий иш сапары менен болду. Тараптар чек ара, бажы, транспорттук байланыш, экономикалык жана маданий кызматташтык тууралуу сүйлөшүп, бир катар документтерге кол коюлду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.