Биометрика: мигранттар шайлоого кайдыгерби?

Биометрикалык маалымат үчүн манжанын изин тапшыруу.

Биометрикалык маалыматты тапшырбагандар саны 1 миллиондун тегерегинде экени айтылууда.

Бир жыл мурда башталган биометрикалык маалыматтарды топтоо өнөктүгүнө 2,5 миллион кыргызстандык катышканы маалым болду. Буга чейин өкмөт парламенттик шайлоого чейин жок дегенде, үч миллиондон ашык адамдын өздүгү такталышы керектигин айткан. Ошого карабай биометрикалык маалымат топтоо иши солгун жүрүп жатканы сынга алынууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Орусияда жүргөн миллионго чукул мигранттын араң эле алты миңи биометрикалык маалымат тапшырган. Бул сыртта жүргөн мекендештердин шайлоого катышпай калуу коркунучун жаратууда.

- Иш жандуу жүрбөй жатканы көрүнүп турат. Биз азыр 70 пайыз маалымат чогулду деп айтып жатабыз. Негизи 3 миллион 800 биометрикалык маалыматты чогултуп үлгүрүү керек. Азыр болгону 2,5 млн. гана адам тапшырды. Дагы канча убакыт талап кылынат? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул боюнча тыкыр иш алып барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл.

Анткен менен биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалымат чогултуу иши илең-салаң жүрүүдө деген дооматтарга кошулбайт.

- Бул иш солгун жүргөндөн болгон жок. Мигранттардын көпчүлүгү кош жарандыгы барлар. Алар каттоодон өтүүнү өздөрү каалаган эмес.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева коомдук жайларда атайын пункттар ачылганы менен ага кайрылгандар аз экенин тастыктады. Анын пикиринде, мигранттардын бул жараянга активдүү катышпай жатканынын себептери бар.

-Учурда 192 миңден ашык жаран бул жакта мыйзамсыз жүрөт. Документтери туура эмес болгондуктан элчиликке келип, каттоодон өтүүдөн кооптонушат. Эшикке чыксак, милиция кармайт дешет. Албетте, бул негизги себеп эмес. Эки жумушта иштеген жарандарыбыз да толтура. Алардын убактысы тар, колу бошобойт.

Биометрикалык маалымат шайлоонун тазалыгын камсыздай аларын президент Алмазбек Атамбаев БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен болгон жолугушуу учурунда да белгиледи.

Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар үчүн азырынча административдик же кылмыш жазасына тартуу каралган эмес. Болгону бул милдеттүү иш-чара. Бирок каттоодон өтпөгөндөр шайлоодо добуш бере албайт.