УКМК: Белизден документ келген эмес

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын 14-сентябрдагы жыйынында "Белизгейт" жаңжалы тууралуу укук коргоо органдары маалымат берди. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келгени аныкталган жок деп билдирди.