Прокуратура ортомчу болгон жер талаш

Талашка түшкөн жер.

Базар-Коргон районунун тургуну көп жылга ижарага алган мөмөлүү бакты жана эгин айдап жаткан үч гектарга жакын жерин айыл өкмөтү менен прокуратура мыйзамсыз тартып алууда деп президентке кайрылды. Эгин айдаган, курма, алма жана башка мөмөлүү бактары бар жерге курулуш ишин жүргүзүүгө болобу?

Бактын ээси, райондун Кеңеш участкасынын тургуну Эмилбек Сейиткулов кийинки жылы өз колу менен өстүргөн көчөттөрү кыйылып, турак жайга айланып кетеби деп чочулап турат. Ал былтыртан тартып көп жылдан бери ижарага алып иштетип жаткан жерин мыйзамсыз басып алууга аракеттер болуп жатканына капа.

- Эки жылдан бери соттошуп, жаңы көчөттөрдү такыр өстүрбөй жатышат. Майсал Кадыркулов, Санжар Осмоналиев аттуу адамдар 2006-жылы бакты 30 адамга бөлүп берип, 70 миң сомдон пулдап жибергенин Москвадан келип уктум. Айрымдары ушул жерге шагыл төгүп, курулуш баштоо алдында турган экен. Буга жер адистери менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн жетекчилиги аралашып, ошол балдарды курал катары колдонуп жатат. 2017-жылдын май айында жер басып алган балдар райондук прокуратурага менин үстүмдөн "жерди мыйзамсыз алган" деп кайрылышкан. Ошол учурдан тартып жер талаш маселеси азыркыга чейин уланып келет.

Эмилбек Сейитбеков.

Сейиткуловго Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде 2001-жылы 2,8 гектар жараксыз абалдагы жер 40 жылга Кеңеш айыл өкмөтү менен келишимдик негизде ижарага берилген. Ошол эле жылы ижарачы жерге ээлик кылган күбөлүккө ээ болгон.

- Мен алган кезде бул жер саздак болчу. Шаардагы батиримди сатып, жалпы жонунан 2 млн. сомдой каражат жумшап жерди өздөштүргөм. Кетмен менен дөңсөө жерди тегиздетип, араң дегенде бак кылууга жетиштик. 80 сотых жерге минералдык эмес жер семирткич төгүп, быйыл биринчи жолу дарбыз эктим. Акыркы учурларда бакты жок кылууга катуу аракет көрүп жатышат. Былтыр арыктагы сууга дары төгүп, анын кесепетинен мөмө байлаган бактар соолуп калды. Өзбекстандык багбандардын кеңеши менен ууландырылган бакты сактап калдым. Прокуратура жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн жетекчилиги "ижарачы бакты кууратып карабай койду, ошол себептүү андан алыш керек" деген талап коюп жатышат. Бирок кызылдай мээнет менен түптөгөн бактын турак жайга айланышын каалабайм. Былтыркы жылы эле Орто-Сай участкасынан биздин айылдан 60 адам жер тилкесин алып, элүүсү кайра сатып жиберди. Бул жерде да жер бизнеси жүрүп жатат ,- деди Эмилбек Сейиткулов.

Ал эми Базар-Коргондун прокуратурасы арыз ээлеринин укугун коргоп, сотко даттанганын жүйө келтирүүдө.

Прокуратуранын маалыматында, 2017-жылы айылдыктардын кайрылуусу менен райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, мурдагы келишимдер менен буйруктарды жокко чыгарган. Район прокурорунун жардамчысы Рысбек Мокуев буларды кошумчалады.

- Прокуратурага Көкчөгөз айылынын 15 тургунунун атынан кайрылуу түшкөн. Анда Сейиткуловдун жерди мыйзамсыз алганы, ал жер турак жай үчүн бөлүнгөнү айтылган. Биз текшерип чыгып, 2,80 гектар жер Эмилбек Сейиткуловго мыйзамсыз берилгенин тактаганбыз. Ишти кароо мөөнөтү өтүп кеткендиктен аны калыбына келтирүү үчүн район аралык сотко кайрылып, 2017-жылдын январь айында сот биздин өтүнүчүбүздү канааттандырып берди. Ошонун негизинде биз Сейиткуловго берилген жер күбөлүгү менен район акиминин буйругун жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылганбыз. Бардык инстанциядагы соттор биздин өтүнүчтү канааттандырды. Учурда Сейиткуловдун айыл өкмөт менен жерге түзүлгөн келишимин жокко чыгаруу боюнча соттук кароо жүрүүдө. Биз бул жерде коомдук кызыкчылык үчүн жарандардын кайрылуусунун үстүндө иштедик. Бул иштин 17 жылдан кийин каралышы прокуратурадагы кадр тартыштыгы менен байланыштуу. Биз тарапка айтылып жаткан дооматтардын баары негизсиз.

2016-жылы Сейиткулов иштетип жаткан бактын айланасы белгисиз адамдар тарабынан 30 кишиге жер тилке катары бөлүнүп берилип, айрымдары курулуш ишин баштап жиберген. Ошол жылы райондук прокуратура мыйзамсыз жер басып алды деп кылмыш ишин козгоп, ички иштер органына тергөөгө өткөрүп берген жана ал иш аягына чыкпай кыскарган. Жогорудагы кылмыш иши боюнча райондук прокуратура маалымат бере албасын билдирди.

Мамат Каратаев.

Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн юристи жана Сейиткуловдун жактоочусу Мамат Каратаев прокуратура кызмат абалынан мыйзамсыз пайдаланып жатат деди:

- Бул иш боюна сотко кайрылуу прокуратуранын ыйгарым укуктарына кирбейт. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамдуулукту камсыздоосун талап кылса болмок. Прокуратура кимдин, кандай кызыкчылыгын коргоп жатканын негиздеши керек эле. Азыр түшүм берип жаткан бакты кыйып, там салса мыйзамдуубу? Прокуратура көптөгөн арыздарды мөөнөтү өтүп кетти деп албайт. (Жарандык кодекстин 215-беренеси - “Доонун эскиришин колдонуу”), анан эле буларга мөөнөтүн калыбына келтирип беришти. Ошол эле учурда 2001-жылы келишим менен алынган жер тилкесине 2005, 2008, 2010-жылдары кабыл алынган жаңы эрежелерди байлап, мыйзамсыздыкка түртүп жатат. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн трансформация боюнча №262 токтому кабыл алынган. Ал ошол учурда эле аткарылып, жер тилкелери берилген. Эми ошол токтомду прокуратура жана Кеңеш айыл өкмөтү экинчи ирет колдонуп, мөмөлүү бакты жер тилкеге бөлүп берүүгө камынып жатат. Анын артында чоң суммадагы акча турганын да айтып жатышат. Прокуратура бул жерде өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын район аралык башкармалыгы Кеңеш айыл өкмөтүнө 2005-жылдагы өкмөттүн токтомун аткарууну талап кылган кат жолдогон. Анда мөмөлүү бак эгилген жер туура эмес пайдаланылып жатканы жана жер тилкеге бөлүнүшү керектиги көрсөтүлгөн. Каратаев Мамэкотехинспекциянын бул аракети да мыйзамсыз экенин айтты:

- Бул инспекция техникалык коопсуздукка, экологиянын сактоо маселелерине гана жооптуу. Өкмөттүн жер боюнча токтомунун аткарылышын көзөмөлдөгөнү мыйзамсыз.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман Өмүрзаков ишкердин багы жер сурагандарга бөлүп берүү аракети жүрүп жатканын айтты.

- 2017-жылы бизге Мамэкотехинспекциянын Базар-Коргон жана Ноокен район аралык бөлүмүнөн кат келген. Анда бул жер аянты өкмөттүн токтому менен жер тилкеге бөлүнгөнү айтылып, анын аткарылышын камсыздоо суралган. Бизде ага чейин мындай маалымат жок болчу. Бул маалыматты жергиликтүү тургундар билип калып, анан өздөрү прокуратурага кайрылышкан. Биз болгону ижарачыга бакты өткөрүп берүү багытында эскертүүлөрдү гана берип жатабыз. Эл бакты жер тилке катары бөлүп берүүнү суранып жатышат. Азыр айыл өкмөттүн аймагында 5 миңден ашык адам жер тилке алууга кезекте турат.

Багбан иштетип жаткан жерде 400дөн ашык мөмөлүү бак, 700гө чукул дарак, 2500гө жакын көчөт өсүп турат. Прокуратура жана Кеңеш айыл өкмөтү бул жерге 2005-жылы өкмөттүн токтому менен турак жай курууга уруксат берилген деген таризде аны жер тилке катары бөлүп берүүнү пландаган. Бул иш азыр облустук соттун кароосунда жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.