Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

Ош: "мыйзамсыз сатылды" деген жер тилкелери текшерилет


Ош шаары, Курманжан датка кичи району. Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тургундардын нааразылыгын жараткан тилке. 1-июнь, 2018-жыл.
Ош шаары, Курманжан датка кичи району. Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тургундардын нааразылыгын жараткан тилке. 1-июнь, 2018-жыл.

Ош шаардык мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгинде аукцион аркылуу берилген жерлерди текшерген комиссия түздү. Мекеменин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "Азаттыкка" билдиргендей, комиссия "шаарды көрктөндүрүү үчүн" деп жер алып, бирок үй, кафе, дүкөн куруп алгандарды текшерип чыгат. Жыйынтыгында жерди өз багыты боюнча иштетпегендерге тиешелүү чара көрүлөт:

- Мэр Таалайбек Сарыбашев аукционго берилген жерлер канчалык деңгээлде мыйзамдуу иштетилип жатканын аныктоону тапшырды. Мисалы, "аукцион аркылуу "көрктөндүрүүгө" деп документ жасап, үй, кафе, дүкөн куруп алган болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктагыла" деди. Чын эле өз максатында иштетилип атабы же башка максатта иштетилип жатабы, бул маселе иликтенет.

Буга чейин Оштогу Ак-Буура суусунун корукка алынган жээгинде жер талаш чыккан. Дарыянын жээгин тосуп жаткандар менен ага нааразы тараптын ортосунда мушташ да болгон. Шаар тургандары жээкти тосууну кескин сындаса, Ош шаарынын мэриясы ага уруксат берилбегенин билдирген.

Ак-Бууранын корук зонасында 700дөн ашык курулуш бар экени белгилүү болуп, Башкы прокуратура да териштирүү жүргүзө баштаган. Укук коргоо органдарынан турган мекеме аралык топ бул маселе боюнча элден түшкөн арыздарды териштире баштаганы расмий кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG