Октон жарадар болгон жабырлануучу Таалайбек Исаев 15-августта президент Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында эл менен болгон жолугушуусунда арыз-муңун айткан.
- Урматтуу Сооронбай Шарипович, өзүңүзгө маалым болгондой, 2015-жылдын 13-ноябрында Мамкаттоонун Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн жетекчиси Эмилбек Тарыхчиев иш бөлмөсүндө мени травматикалык тапанча менен төрт жолу башка аткан. Мага кол салган адам азыр Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу катары залда отурат. Биздин жазбаган, барбаган жерибиз калган жок. Акырында акыйкаттык издеп сизден жардам сурап келдик. Ок менен кол алдындагы кызматкерин аткан жетекчи кайрадан кызматка келгени уят. 30 миңден ашык калкы бар чоң айыл өкмөттү криминалга башкартып отурган жетекчилерге да уят. Мунапыс менен аны актаган облустук соттун судьясы Бакыт Султанкунов да ушул залда отурат. Бири төмөндө, экинчиси төрдө мени шылдыңдап отурушат. Ошол себептен бул ишке көңүл буруп, акыйкаттык орнотуп берет деген үмүттөмүн.
Исаев соттон адилеттүүлүк болбогон соң акыркы чара катары президентке кайрылууга туура келгенин айтты. Ал президент менен жолугушууга кирүүгө да бир топ тоскоолдуктар болгонун кошумчалайт.
- Президентке кайрылууга мажбур болдум. Мен туура чечим чыгарына үмүттөнүп турам. Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренеси (“Кылмыш далалаты”), 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон адамды соттор актап жатат. Ал киши сөзсүз өз жазасын алышы керек. Учурда телефон уурдаган адамдар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылып жатса, оор кылмыш жасагандар акталса, ал акыйкаттык эмес да. Президенттин ушул жылдын февраль айында Коргоо кеңешине койгон талаптары азыр толук аткарылбай жатат.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Эмилбек Тарыхчиев 2015-жылдын ноябрь айында кол алдында иштеген бөлүм башчысы Таалайбек Исаевди травматикалык тапанча менен төрт жолу атып, ок жабырлануучунун башын жарып, кулагы менен колун айрып кеткен.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, Тарыхчиев камакка алынган. Ошол эле кезде окуяга тиешеси бар эки кызматкер тең жумуштан бошотулган. Бирок райондук жана облустук соттун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери, “Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү” беренеси (105-беренеси) менен алмаштырылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Андан соң президенттин жарлыгы менен мунапыс аркылуу жазадан бошотулган. Тарыхчиев өзүн күнөөсүз деп эсептейт.
- Ал адам менен эки жыл, төрт ай соттошуп, ушул убакка келдик. Мунапыс аркылуу бошогонум соттолду дегенди билдирбейт. Экөөбүз тең жумуштан четтетилип, кайра мен сынак аркылуу башка кызматка келдим. Ал жок жерден мага жалаа жаап жатат. Президенттин алдында айткан сөздөрүнө такыр кошула албайм. Ишти кайра ким карап чыкса да акыйкат иликтеп чыгышы керек. Сотторду менин тааныштарым деп күнөө коюп жатат. Андай болсо 40 күндөн ашык убактылуу кармоочу жайда отуруп, ушунча убакыт соттошпойт элем. Балким анын артында да кимдир бирөөлөр шыкак берип турушу мүмкүн. Ал учурда аны өлтүрүү таптакыр оюмда жок болчу. Травматикалык тапанча менен киши өлтүрөт деген акылга сыйбаган көрүнүш.
Эмилбек Тарыхчиев өткөн жылдын август айында Мамлекеттик кадр кызматынын сынагынын негизинде Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган. Бул чөлкөмдө айыл өкмөт башчысы убактылуу иштен четтетилгендиктен район акиминин буйругу менен ошол учурдан тартып Эмилбек Тарыхчиев айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарып келет.
Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү туруктуу комиссиянын мүчөсү Абдыкадыр Раев Тарыхчиевди сынакка катыштырууда мыйзам бузуу болбогонун билдирди.
- Тарыхчиев райондук соттон акталып, облустук сотто Кылмыш-жаза кодексинин "Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү" беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Бирок мунапыс менен кылмыш иши кыскартылган. Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык мунапыс колдонулган адам соттолгон болуп эсептелбейт. Ошол себептүү биз ага ушул сынакка катышууга уруксат бердик.
Ок аткан жетекчини соттогу досу куткарды
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын аймактык төрагасы Бекболот Ибрагимов ок аткан жетекчинин үстүнөн мыйзамдуу чара колдонулушу керек деп эсептей турганын айтты:
- Мыйзамдуу жол менен карай турган болсок, кол алдындагы кызматкерлерин тапанча менен аткан ал кызматкер сөзсүз камалышы керек. Курал колдонгон жетекчини кайра кызматка көтөрүп койгону туура эмес. Президент ишти көзөмөлгө алып, аягына чыкпаса болбойт. Бул жагдай Мамлекеттик кадр кызматынын жана муниципалдык кызматтын аброюна шек туудурат. Мунапыс менен жазадан бошотулганы менен анын соттолгону жоюлган жок да. Биринчи өкүм кабыл алып, андан соң мунапыс менен жазасын жеңилдетип жатат. Бул жагдайдан улам анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөгө укугу жок болчу. Кадр кызматынын да балким катачылыгы болсо керек. Криминал башкарып жатабы?
Мамкаттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Эмил Тарыхчиев бул кызматты 1999-жылдан бери жетектеп келген. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо КСДПнын аймактагы штаб жетекчиси болуп иштеген.
Жабырлануучу Таалайбек Исаевдин кайрылуусун президент карап чыгып, Коопсуздук кеңешине тапшырган. Коопсуздук кеңеши Эмилбек Тарыхчиевдин соттогу мурдагы иштерин карап чыгып, укук баа берүү жагын прокуратурага тапшырды.