16-февралда 20га чукул адам Бишкектеги Ак үй алдына митингге чыгып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Алар Батыралиевдин кадр саясатына нааразы болушуп, тармакта жемкордукка, алешемдиктерге жол берилип жатат деген сын айтышты. Саламаттык сактоо министрлиги болсо акцияны буга чейин иштен алынган айрым жетекчилер уюштуруп жатканын билдирди.
Жашы жетимишке таяп калган Марат Тилекеев экинчи топтогу майып. Ал жүрөк илдетинен жабыркап, ооруканага көп кайрылат экен. Акыркы кезде бейтапканада орун жоктугунан узак убакыт кезек күтүп жатканына нааразы болуп, Ак үй алдына чыкканын айтып берди:
- Кептин баары акчада. Эки ай күт, үч ай күт, анан чакырам дейт. Кезек жетпейт.
Нааразылык акцияга Марат Тилекеев сыяктуу бир катар жарандар, министрликтин аты-жөнүн жашырган айрым кызматкерлери, “Кыргыз чоролору” жана Коррупция менен күрөшкө коомдук көмөктөшүү уюмунун (АКОС) өкүлдөрү чыгышты. Анда Батыралиев медицинаны каалагандай калчап, өз тааныш-билиштерин жогорку кызматтарга коюп жатканы, ишбилги адистер куугунтукка алынып, тажрыйбалуу дарыгерлер жумуштан кетүүгө мажбур болду деген нааразылыктар айтылды.
Дартты жеңбеген дары көп
Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн тармактык маркетинг же пирамида системасы менен алып келген дарыларды айыкпаган дартка даба деп саткан компаниялардын саны арбып, өз катарына кардарларды көбүрөөк тартуусу күчөп баратат.
Аткаминер дары-дармек сатуу тармагын “бизнеске” айлантканын жана кадр саясатында мыйзам бузууларга орун бергенин АКОС уюмунун жетекчиси Кубанычбек Шаршембаев билдирди. Ал Батыралиев кызматка келген үч жылдан бери тармакта реформа болгон жок деген ойдо:
- Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Коррупция керек болсо кайра күчөп жатат. Ооруканаларда бекер дарылоо деген жоголду. Баары акча менен бүтүп калды. Кадрларды өзү каалагандай коюп атат. Мисалы, Батыралиев кайра түзүлгөн Онкогематология кызматына бул тармакты билбеген Эрнис Тилеков аттуу өз кишисин алып келди. Тууганы Кубан Кундашев Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментин жетектөөдө. Дары-дармек менен камсыздоо департаментине медицинадан алыс, эсепчи билими бар Гүлмира Шакирова дайындалды.
"Арзан дарылар кымбат сатылууда"
Ал эми “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Дүйшеев министрди коррупцияга малынып, анын негизинде менчик клиникаларга лицензия берген, мыйзамсыз тендер өткөргөн деп сындады. Ал бөйрөк алмаштыргандар тынымсыз колдоно турган “Програф” дарысы Түркияда 25 доллар турганына карабай тендерде үч-төрт эсе көбөйтүлүп жазылганын, азыр муктаждарга кымбат сатылып жатканын мисал келтирди:
Түркиядан дары алдыргандар арбыды
Түркиядан дары алдыргандар арбыды
Социалдык тармактарда апта сайын кеминде эки-үч мекендешибиздин "Түркиядан дары берип жиберет элем, ала кеткилечи" деген кайрылуусу чыгат.
- Бюджеттен ушуларга 10 миллион сом бөлүнгөн. Түркиянын өзүндө 25 доллардан сатылган дарыны булар 135 доллардан алдык деп жатышат. Бейтаптар үйүн, жерин сатып, ден соолугун карап атышат. Министр ошондон кыянаттык менен пайдаланууда. Мындан тышкары Медициналык академиянын клиникалык базаларын "Ататүрк Ала-Тоо" университетине берип жатат. Аталган окуу жайда жаңы ачылып жаткан медициналык факультетке Медакадемиянын базалары берилүүдө. Алар Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун катынын негизинде берилген. Анда эмне деп жазылганы бизге белгисиз. Жумакадыровдун кандай тиешеси бар? Суроо көп.
Бөйрөк алмаштыргандар бирлигинин өкүлү Анара Керимова да Кыргызстанда дары-дармектин кымбаттыгына нааразы. Анын билдиришинче, орган алмаштырган жарандардын дары-дармек алууга чамасы жетпей жатат:
- 2009-жылдан бери бөйрөк алмаштырган 20 киши каза болду. Он беш адам кайра гемодиализде жатат. Чоң акчага операция жасатып алып, кайра ушундай абалга туш болушту. Анткени, дары таңсык. 200 кишини дары менен камсыздай албай коюшту. Бөйрөк алмаштыргандар үчүн бизде жада калса дарыгер жок. Ар дайым барганда министр күлүп эле узатат, анан жыйынтык чыкпайт.
"Ич күйдүлүктөн чыккан кутум"
Саламаттык сактоо министрлиги болсо жогоруда айтылгандар суу кечпейт деп ишендирүүдө. Мекеменин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Самат Тойматов алардын артында мурда ар кандай кемчиликтери же каржылык мыйзам бузуулар үчүн иштен алынган кызматкерлер турат деп эсептейт:
- Мүчүлүштүктөр бар. Бирок, булар айрым фактыларды көтөрүп алып эле ызы-чуу салууда. Бизден таарыныч менен кеткен жетекчилердин эле уюштуруп жатканын байкап калдым. Мен муну ачык, коркпой эле айтам. Туура эмес иштери үчүн кеткендер буларды көкүтүп жатат.
Тойматовдун пикиринде, министрдин кызматтан кетишин талап кылып чыккан АКОС, “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмелери буга кызыкдар тараптардын кызыкчылыгын коргоп жатат. Коомчулукта Талантбек Батыралиев келгенден бери саламаттык сактоо тармагы бир топ жакшырды деген көз караштар да жок эмес. Бул тармакта мурун иштеп кеткен, медицина кызматкерлеринин кесиптик жамаатынын төрагасы Накен Салиев министрди жаманатты кылуу аракети көрүлүп жатканын боолгойт:
- Буга чейин оорукана курулган эмес. Батыралиев келгени Бишкектеги №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун короосунда түрктөр менен сүйлөшүп курулуп жатат. Иштен жөн жерден албайт да. Мыйзам деген бар. Жумуштан алынгандар мурун өздөрү иштеген эмес, көп нерсеге өздөрү себепкер. Ал эми жетекчилик кызматка сөзсүз медицина тармагындагылар келсин деген түшүнүк туура эмес. Жетекчи жакшы финансист, мыкты менеджер болуш керек. Кызматты министр сунуштап, премьер-министр бекитет да. Жалгыз өзү чечпейт.
Ал тапта нааразы болгондор Батыралиевди кол алдында иштеген жетекчилери менен кошо иштен кетирүү боюнча кол топтоп, президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошту. Коюлган талап аткарылбаса, 22-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына кайра акцияга чыгарын билдиришти.
Министрди иштен алуу демилгеси соңку кезде байма-бай айтылып жүрөт. 15-февралда маселе парламентте да көтөрүлгөн. Көп жыл бою Түркияда иштеген Батыралиев бул кызматты 2014-жылдын ноябрынан бери аркалап келүүдө.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.