Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу жөнөкөй дарыгерден башталган камоо жогорку кызматта турган мурдагы аткаминерлерге чейин жетти. Батукаевдин бошотулушу боюнча акыркы окуялар - бийликтин коррупцияга каршы күрөшүбү же экс-президентке каршы чабуулбу?
2013-жылдары вице-премьер-министр катары күч түзүмдөрүн координациялап турган Шамил Атаханов 21-майда суракка чакырылып, Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Атаханов камалаар алдында эле жергиликтүү сайттар менен маектешип, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча дооматтарга жооп берген. 24.kg маалымат агенттигинде ал Азиз Батукаев учуп кеткен «Kyrgyz Handling Company-APR» компаниясына баласы Данияр Атахановдун эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Ошондой эле Батукаевди бошотуу боюнча коррупциялык схема Атаханов кызматка келгенге чейин эле он жыл мурда башталганын айтып берген.
Дагы караңыз Калмаматов: Батукаевди бийлик бошотконАзырынча ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган, азыр парламент депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун сурак берип жатканы белгилүү. Рысалиев бул окуяга эч кандай тиешеси болбогонун, Батукаевдин бошотулушуна катышкан аткаминерлер жазасын алышы керек экени айтып жүрөт. Ал эми ошол кездеги кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун бул ишке түздөн-түз катышы бар адам катары экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болгон аткаминерлер тууралуу айтып берип жатканын маалымдады.
Кийинки окуялардан соң «экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бул чуулгандуу окуяга тиешеси бар-жогу тергелиши керек» деген талаптар да айтыла башталды. Мындай кырдаал президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттердин кол тийбестигине байланыштуу мыйзамга кол койгон учурга туш келүүдө.
Саясий талдоо жүргүзгөн журналист Айданбек Акмат уулу Атамбаевдин суракка чакырылып калышын четке какпайт. Журналист экс-президенттин мыйзам алдында жооп бериши сурак берген аткаминерлердин көрсөтмөсүнөн көз каранды экенин белгиледи:
«Бул көрсөтмөлөргө байланыштуу болот. Азыр Турсунбек Акун «Данияр Нарынбаев жана жана экс-президент тууралуу көрсөтмө бердим» деп жатат. Ошол кезде президентке жакын Данияр Нарымбаев, Бусурманкул Табалдиев, Шамил Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө берсе экс-президенттин үстүнөн кылмыш ишин козгоого туура келет. Жакында кабыл алынган мыйзам боюнча мурдагы президентке Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, Башкы прокуратуранын айып коюусу менен кылмыш ачууга мүмкүнчүлүк бар».
Ал эми парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина алты жыл мурунку окуя азыр кайра тергелип жатканы бекеринен эмес деп эсептейт. Эл өкүлү Батукаевдин бошотулушу боюнча жүрүп жаткан окуялар жана Атамбаевге карата айтылган сөздөрдүн артында азыркы бийлик турарын айтты:
«Эмнеге азыр Батукаевдин ишин башташты? Бүгүн атайын Батукаевдин бошотулушун териштирип, аны Алмазбек Атамбаев менен байланыштыргысы келип жатышат. Анткени азыр саясий буюртмалар аткарылууда. Азыр Атамбаевдин жанындагыларды отургузгусу келип жатышат».
Бирок жарандык активист Шайырбек Маматокторов депутаттын мындай пикирине кошулбайт. Ал коомчулукта чуу жараткан окуя боюнча коррупциялык системанын бетин ачууга эми убакыт келди деп эсептейт.
«Бул жерде саясат бар, - деди ал. - Бирок бул Атамбаевдин жакындарын куугунтуктоо эмес. Учурда коррупциялык иштерди кылган аткаминерлер кызматтан кетип, таасирин жоготкону үчүн Батукаевдин иши башталды. Кримтөбөлдү баары чогулуп чыгарып жибергени - одоно мыйзам бузуу жана буга кимдир-бирөөлөр жооп бериши керек».
Ошол убакта кызматы боюнча президентке түз баш ийген Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин аты кримтөбөлдүн бошотулушуна байланыштуу атала баштады. Табалдиевдин өзү менен байланышканыбызда ал кыскача гана комментарий берди:
«Эми ар ким ар кандай деп айта берсин. Азыр тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы көрсөтөт...»
Ал эми Данияр Нарымбаев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошондой эле жогорку кызматтардын бири болуп саналган башкы прокурор Аида Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн кеткенден кийин гана билгенин, кримтөбөлдү түрмөдөн чыгарууда мыйзам жагынан мүчүлүштүк болбогонун билдирген.
Ал эми 2013-жылы Мамлекеттик чек ара кызматын башкарып турган, азыр акыйкатчы Токон Мамытов Батукаевди өлкөдөн чыгарууда жогору жактан буйрук болбогонун билдирди:
«Биз жарым саат, кырк мүнөттөй кармап турдук. Андан ашык кармап турууга негиз жок болчу. Анан айла жок коё бердик. Негизи жарандардан соттун чечимин жана башка документтерди сурабайбыз. Бирок биз дагы бир балакет болуп кетпесин, кепилдик үчүн деп ошол кагаздарды сурадык».
Мамытов ага Батукаевдин өлкөдөн чыгып баратканын аэропорттогу чек ара бөлүмү кабарлагандан кийин кримтөбөлдүн документтерин жакшылап текшерүүгө буйрук бергенин кошумчалады.
Учурда кримтөбөл бошотулган учурда жогорку кызматта тургандардан ошол кездеги саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана ЖАМКтын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган. Ошондой эле беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган. Батукаевдин бошотулушун иликтеп жаткан Ички иштер министрлиги кармалгандар боюнча тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын да ачыкка чыгара элек.
Жогоруда аты аталгандардан тышкары кримтөбөл бошотулган 2013-жылы ким кайсы кызматта болгонун тизмектей келсек ички иштер министри болуп турган Абдылда Суранчиев Батукаев боюнча эч кандай деле билдирүү жасаган эмес.
Батукаев жаңы паспортун бошотулган күнү колуна алган. Буга ошол маалда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп турган Эрлан Сапарбаев бардык мыйзам сакталганын билдирген. Ал эми кримтөбөлдү шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов 2016-жылдан бери Нарын облусу боюна район аралык сотто иштеп жатат.
Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.