Жергиликтүүлөр кытай компаниясына нааразы пикирлер жазылган плакаттарды кармап турушат.
Митингге Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, УКМКнын жана милициянын аймактык жетекчилери, кызматкерлери да катышып жатат.
Жолугушууга келген “Тианди” Кытай компаниясынын өкүлдөрү Шамбесай кенин цианид колдонбой жаңы технология менен иштетишерин айтты.
Жергиликтүү бийлик буга чейин 2-февралда Шамбесай кени боюнча жыйын өтөрүн, анда кенди иштетүүчү компания менен жергиликтүү тургундар жолугуп, иштөө тартиби жөнүндө элге маалымат берилерин айткан.
Шамбесай кенинде болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар.
Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.
Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Шамбесай айылында кенди иштетүүгө каршы митинг болуп жатат.