Самаркандектеги "Достук" фестивалы

Жергиликтүү тургундар маданий программа даярдап, аны Тажикстандан келген конокторго тартуулашты.

Аркан тартуу таймашы.

​Фестиваль ЮНИСЕФтин колдоосунда "Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн чек ара аймактарынын кызматташуусу" долбоорунун алкагында өттү.

Фестивалда эки элдин достугун даңктаган сүрөттөр коюлду.

Фестивалга коюлган сүрөттөр арасында тажикче жазуулар да бар.

Youth of Osh уюмунун өкүлү Эмил Сагынбаев

Кыргыз кыздар тажикстандык конокторго бий тартуулап жатат.

Ошондой эле кыргыз-тажик жаштарына жарандык журналистика боюнча беш күндүк окутуулар башталды. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн улан-кыздары достукту даңазалаган видеороликтерди даярдашат.  

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш кыштактары эң көп чыр катталган аймактардан болуп саналат. 

Самаркандекте кыргыз-тажик ымаласын чыңдоого багытталган "Достук" фестивалы өттү.