Баткен: чек арадагы бир күн
Чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр тууралуу маалымат түшкөндө айгай тобу барат.
Баткендеги "Кадамжай" тозотуна 2006-жылы Тажикстандан келген куралдуу топ менен кагылышта курман болгон капитан Курманбек Ыкышевдин ысымы берилген. Тозот Өзбекстан менен тактала элек тилкеден анча алыс эмес жерде турат.
Баткен чөлкөмүнүн чек ара башкармалыгынын жетекчиси Кубат Жээнбаев.
Кичинекей чек арачы Байэл. "Чекелик" тозотунда атасы фельдшер, апасы ашпозчу болуп иштейт. Үстүндөгү формасын апасы тигип берген экен.
Баткенде азыр ушундай үлгүдөгү төрт тозот курулуп жатат. План боюнча алар келерки жылы колдонууга берилет. Быйыл жыл башында Чарбак жаңжалынан кийин өкмөт чек арадагы негизги көйгөйлөрдү чечүүгө 370 млн. сом бөлгөн. Бардыгы болуп 14 объект салынмакчы.
"Айдаркен жети баатыры" чек ара кошуунунун зардалысы Өткүрбек Бапиев. Анын айтымында, Өзбекстандын мыйзамсыз өтүп кармалган жарандарынын дээрлик баары турмуш-тиричиликке байланыштуу шылтоолорду айтышат.
Атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын жоокерлери. Жаз келип ашуу ачылгандан, кар түшкөнгө чейин негизинен тоо-ташта болушат. Чарбак, Ак-Сай жаңжалдарын жөнгөрүүгө катышкан.
Атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын жоокерлеринин бири Азамат Усубалиев.
Жоокер Мыктыбек. Аскер мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин контракттык негизде чек арада кызмат кылгысы келет.
"Чекелик" тозоту мындан үч жыл мурда ачылган.
Бул жерде үч өлкөнүн: Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасы тогошкон. Баткен окуясынан кийин Өзбекстан өзү тарапка мина көмгөн. Ал эми Тажикстан менен чек ара тилкеси тактала элек.
"Чекелик" тозотунун чек арачылары