Азиза Абдирасулованын кан басымы жогорулап, жакшы боло электигине байланыштуу өзү менен сүйлөшүүгө догдурлар уруксат бербей жаткандыктан окуя тууралуу кызы, “Кылым шамы” борборунун кызматкери Гүлшайыр Абдирасулова айтып берди.
Кызынын айтымында, 6-декабрда Азимжан Аскаровдун сотунда көрсөтмө берип чыккандан кийин Азиза Абдирасулова башка дагы укук коргоочулар тобу менен жакынкы кафелердин бирине тамактанууга кирген. Алар отурган столдун жанындагы терезе парданын артына катылып коюлган чөнтөк телефонду кетерде байкап калышкан дейт Гүлшайыр Абдирасулова:
- Мага чалды, кызыл кнопка күйгөн телефон турат деп. Мен жазуу жүрүп жатабы деп сурасам каеринде деди. Ылдый жагында десем бир жебе кыймылдап жатканын айтты. Мен алып келгиле, ал диктофон дедим. Артынан аңдып, машина менен кубалашыптыр. Кеңсеге кирип келип, жүрөгү лакылдап эле отуруп калды...
Эртеси күнү Азиза Абдирасулова Бишкекте акыйкатчы уюштурган адам укуктарына арналган жыйынга катышкан. Ошол жерден ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, укук коргоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу өтүнүчүн айтып жатканда өзүн жоготуп, тез жардам менен ооруканага жеткирилген.
Гүлшайыр Абдирасулова тыңшоого байланыштуу соңку окуя үчүн түздөн-түз УКМКны айыптоодо:
- Бирөө кокустан унутуп коюптур дейин десек, бир эле жазуу болмок да. Ал жерде ондон ашуун жазуу жүрөт. Арасынан бир-эки белгилүү адамдын үнүнө окшоштору бар экен. Телефон да, ичиндеги маалымат да ишенимдүү жерге катылды. Биз бул боюнча арыз жазабыз. Кубалап жетпей, ала албай калганда номурду өчүрүп салышкан окшойт, бирок телефондун өзүндө сакталып калган контакттар бар экен. 10, 5, 4-бөлүм деген жазуулар жүрөт. ГП деген да бар экен. Мен адатта ГП деп Башкы прокуратураны жазам. Атайын кызмат мында да ишин эптей албай койгону көрүнүп турат. Тыңшоолор тууралуу бир гана Абдирасулова эмес, көбү айтууда. Столдун түбүнөн таап алдык, кофе ичип жаткан жерден таап алдык деп эле айтып жатышпайбы.
Укук коргоочунун айткандарына байланыштуу атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулаймановго кайрылдык. Ал мекеменин дарегине айтылган айыптоону негизсиз дейт:
- Биздин пикир боюнча, ал Кадыржан Батыровду жактагандан кийин кыргыз элинин алдында күнөөсү бар экенин сезип, оорусу козголуп жаткан болуш керек. Анын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Бирок мында УКМКны күнөөлөгөнү чындыкка коошпой турат.
Белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер тыңшоо, артынан түшүп аңдуу сыяктуу окуяларга кабылганы тууралуу айткан учурлар буга чейин да болгон.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев мындай дооматтар далилденген учур каттала электигин айтып, Азиза Абдирасулова туш болгон фактыга төмөнкүдөй комментарийин берди:
- Кошул-ташыл боёктор кошулуп, өзүнө көңүл бурдуруу үчүн жасалып жатабы дейм ушунун баары. Азиза Бапановна президенттин айтканы боюнча аны сотко берген. Өздөрү каалагандай чечим чыкпай калганын куугунтуктоо катары карагандын өзүн дагы аша чапкандык деп эсептейм. Андай фактылар жок. Кол менен кармап, көз менен көрмөйүнчө бир нерсе деп айтуу азыркы заманда өтө оор. Ар түрдүү саясий оюндар болуп жатат. Азиза Бапановна "бизди коргогула" деп оозеки кайрылды. Аны мен кабыл алдым. Бирок ушул нерсенин алкагында гранттар бөлүнүп жатканын уккам. Ошондуктан мунун баарын калыстыктын же акыйкаттын туу чокусу катары кабыл алуудан корком.
Саясий чөйрөнү дүрбөткөн тымызын тыңшоо
Саясий чөйрөнү дүрбөткөн тымызын тыңшоо
Кыргызстанда адамдын жеке турмушунун кол тийбестиги, кат алышуу жана сүйлөшүү купуялуулугун сактоо олуттуу маселеге айланды.
Мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев кандайдыр бир кылмышка шектүү жарандын артынан тыңшоо нормалдуу көрүнүш экенин, бирок ар бир кыймыл мыйзам чегинде болушу керектигин айтууда. Анын белгилешинче, учурда мыйзамсыз тыңшоону далилдөө өтө оор.
- Бизде ИИМ да, атайын кызмат да баары эле жүргүзүп жатат. Башка мамлекеттерде атайын кызмат гана жүргүзөт. Эгер башка мекемеге кимдир бирөөнү тыңшоо керек болсо алар атайын кызматка кайрылат. Бизде укуктук база начарыраак. Мыйзамсыз тыңшоону далилдеш кыйын. Ошондон колдонуп, туш келди тыңшап жатышпайбы. Прокуратура органдары көзөмөлдөөгө укуктуу. Бирок эгер тыңшаган орган менен прокуратура баары бир киши болсо, албетте, кармап алууга эч кимде мүмкүнчүлүк жок.
Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевди Энелер күнүндө аларды “чет элден алган гранттарын актоону гана ойлогондор” деп атаганы үчүн сотко беришкен. Райондук жана шаардык сот алардын арызын канааттандыруудан баш тарткан. Азыр бул иш Жогорку Сотто.
“Кылым шамы” күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылган жарандардын укугун коргоо максатында түзүлгөн уюм.