Абактагы Аскаров эл аралык коомчулукка кайрылды

Азимжан Аскаров сотто, 24-январь, 2017-жыл.

Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров эл аралык коомчулукка ачык кайрылуу жолдоду. Ал №19 абактын жетекчисинин аракеттерине нааразылыгын билдирип, өзүнүн жана камакта жаткан башкалардын укуктары бузулуп жатканын айтты.

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров ачык кайрылуусун БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын төрагасына, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борборуна жолдоду.

Кайрылууда Аскаров жакындары менен жолугушуулары чектелип, пенсияга байланыштуу талаптары аткарылбаганын, башкалардын укуктары да бузулуп жатканын жазган. Бул тууралуу "Voice of Freedom" коомдук фондунун башчысы Абдумомун Мамараимов кабарлады:

Абдумомун Мамараимов

- Аскаров жакындары менен айнек менен тосулган тосмодон телефон аркылуу сүйлөшүп жатыптыр. Муну ал мыйзамсыз деп жатат. Мен анын мыйзамдуулугун так билбейт экенмин. Менинче, алар бетме-бет, тосмо жок сүйлөшүш керек. Ошол маселени көтөрүп чыгыптыр. “Мени жаза жайына мыйзамсыз эле киргизишти” деп жазыптыр.

Мамараимов Аскаровдун бул жолку кайрылуусуна да бийлик эч кандай реакция кылбашы мүмкүн деп эсептейт. Анткени буга чейин Аскаров өзү, адвокаты жана айрым укук коргоочулар ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу президентке кайрылышкан.

- Бул кайрылуу коомчулукка чыккандан кийин мага 1-2 эл аралык уюм чалды. Менимче, бул кайрылуудан кийин кандайдыр бир иш жүрөт. Бирок эл аралык уюмдар, укук коргоочулар, журналисттер гана демилге көтөрүп, аракет кылышы мүмкүн. Ал эми бийлик дароо реакция жасайт дегенден алысмын. Анткени мындай нерсени биз көп жолу башыбыздан өткөрдүк. Жазганы, айтканы менен жыйынтык чыкпайт.

Ал эми Жаза аткаруу кызматы Аскаров бул жазаны абакта тартип бузганы үчүн алган деп жатат. Бирок кенен комментарий бере элек.

Бириккен Улуттар Уюму баш болгон абройлуу эл аралык укук коргоочу уюмдар Азимжан Аскаровдун иши кайра каралышы керектигин Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери айтып келатышат. Ал кездеги бийлик "эл аралык уюмдар ички иштерге аралашпашы керек" деген таризде жооп беришкен.

Дагы караңыз Тор артында талкаланган ден соолук

Юрист Нурлан Исмаилов камакта жаткан адамдын мындай кайрылууларын мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт:

- Бул маселе боюнча биздин соттордун чечими бар. Алар бул ишке чекит койгон. Абакта өзүн алып жүрүү боюнча тартиптери бар. Эгер ал тартиптерди бузса, абактын уставы боюнча жоопко тартылат. Кайрылуу - камакта жаткан кишинин мыйзамдуу аракети.

Аскаровдун кайрылуусунда 2010-жылдагы июнь коогасына айыпталып камалгандар эл аралык уюмдардан көз карандысыз иликтөө күтүп жатканын кошумчалаган.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров июнь окуясына байланыштуу «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаров куру доомат менен камалганын, ден соолугу начарлап кеткенин, аны бошотуп, дарылоого жөнөтүү керектигин айтып келатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.