Той менен кошо обужок "салттар" көбөйдү

Иллюстрация

Ак төөнүн карды жарылган күз менен кошо кыргыздын дээрлик ар бир үй-бүлөсү жапатырмак тойдо жүргөн кези.

Ала жаздан баштап жер иштеткен дыйкан түшүмүнүн пайдасын тойго төксө, айлыкка отургандар карыздап деле барып жатышат.

“Той бергендин эмнеси жаман, жакшылыгыбыз көп болсун” дейли, бирок изилдөөлөр кыргызстандыктар бир жылда той-топурга 3 миллиард долларлык каражатты короторун бышыктады.

Жыл өткөн сайын ушунча каражат жумшалган тойлордун түрлөрү да көбөйдү. Мурда жакын туугандар арасында эле өткөрүлчү жентек той, тушоо кесүү, кыз узатуу сыяктуу салттуу үлпөттөр азыр жүздөгөн адам чакырылып, чоң ресторандарда өтө жасалгалуу шаан-шөкөт менен өтчү салтка айланып баратат.

Той-топурдун арты менен арбын киреше гана эмес, каада күткөндөр да көп. Алар - тамада баштаган ырчы, бийчилердин тобу. Айрыкча, “Кыз узатуу” тоюн өткөрүү күч алгандан бери актрисалар театр сахнасынан тойканага түшүп, Умай энелердин, “Жар-Жар” айткан жеңелердин жана аларды жандаган кыздардын ролун аткарууга өтүштү.

Кыргыз элинин салтында кызга түндүк көтөрткөн жосун жок болсо да үй-бүлөлүк жашоонун даамын сезе элек кыздар түндүк көтөрүп кызды узатып жатканын бакыт тилеген ата-эне элес албай, театрлаштырылган оюн-зоокко миңдеген сомун санап берип кала беришет.

Тойдогу обужок жосундар жана чыгымдар тууралуу төмөндөгү видеодон толук көрө аласыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Капчыкты каккан тойлор

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.