Кесибин туура тандаган келечекте адашпайт

Иллюстрация

Быйыл Кыргызстанда 62 миңден ашык окуучу 11-классты, 93 миң бала 9-классты аяктап жатат.

Быйыл миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдында кесип тандоо маселеси турат. Кесип тандоо жеңил-желпи иш эмес, келечекке карай жасалган биринчи кадам туура башталса, андан ары иш табуу, ал жумушта кесипкөй болууга шарт түзөт. Бирок адистердин айтымында, бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөр кесип тандоодо жакындарынын, ата-энесинин айтканына карап, ошого жараша чечим чыгарышат. "Азаттык+" бул жолу кесип тандоо маселесина токтолду.

Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр мектепти аяктагыча кесибин аныктай алышпайт. Алар ата-энесинин айтканына карап чечим чыгарып, мугалим бол десе мугалим, дарыгер бол десе дарыгерлик кесипке окууга барышат. Ошондой эле алдыңкы жылдары кайсы кесипке талап жогору болорун, кайсы окуу жайда татыктуу билим берерин айылдагы, ал эмес шаардагы бүтүрүүчүлөр деле биле беришпейт. Серепчилер мектепте кесип тандоо жөнүндө маалымат аз берилерин сындап жүрүшөт.

Адистердин айтымында, окуучулардын шык-жөндөмүн мектептен эле болжолдоп, ошого жараша кесип тандоого багыт берилиши керек. Анткени, кесибинен адашкан окуучу ал тармакта ийгилик жаратуусу арсар. Бул маселеде өлкөдөгү жеке менчик мектептерде жакшы тажрыйба бар экенин айтылат. Аларда атайын адис окуучулардын кесип тандоосу менен иш алып барат.

Кесип тандоодо ата-эненин ролу эң маанилүү. Бирок бизде улуулар улан-кызга каалоо айтканда эле "болочокто "депутат" же "президент болсун" дешип сөзсүз чоң жерде иштөөнү каалашат. Учурда кыска мөөнөттүү билим мезгил талабы экендиги далилденүүдө. Экономика, укук, бажы адистиктери эмес, инженер, техник, механик, мал дарыгери, агроном, сантехник, сыяктуу заманбап кесиптер замандын талабы. Айтор, кесип тандоодо жети өлчөп бир кесүү керек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кесибин туура тандаган келечекте адашпайт