"Журтташтардан жүз сунуш": жеңүүчүлөр сыйланды

Баш байгени алган Сагындык Эмилбек уулунун карындашы Диана менен "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Айзада Касмалиева. 

Жеңүүчүлөрдүн көбү чет өлкөдө жүргөндүктөн сыйлыкты алардын Кыргызстандагы жакындары келип алып кетти. 

"Чет элдик мигранттын акчасы казынага түшсүн" деп  Дубайдан блог жиберген жеңүүчү Эгембердиев Мураттын эжеси Алтынай Масалиева. 

"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин жетекчиси Айзада Касмалиева менен "Азаттыктын" орус сайтынын веб-редактору Болот Көлбаев. 

“Каково жить в чешском общежитии?” деп Прага шаарынан блог жөнөткөн Айгерим Бирназарованын тууганы Анар Муканова. 

"Маданияттуулук улуттун - жүзү" деп Питерден блог жөнөткөн Асел Молдоболотовага китеп жана футболка тапшырылды. 

"Мен көргөн Питер" аттуу блогдун автору Сайпидин Султаналиев, кызыктыруучу сыйлык - китеп жана футболка менен сыйланды. Сыйлыкты тапшырган "Азаттык" радиосунун башкы редактору Бурулкан Сарыгулова. 

Жеңүүчүлөргө "Азаттык" радиосунун Үркүндүн 100 жылдыгына арналган “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” деп аталган эскерүүлөр топтому берилди. Китеп "Үркүн элдин эсинде" жана "Окумуштуулар Үркүндүн изи менен" деген эки бөлүмдөн турат.

"Жапондордой шарт түзүү кыйын эмес" деп Жапониядан блог салган Осмоналиев Разактын эжеси Гүлсара Шабданова. 

“Азаттыктын” журтташтар менен кызматташуусу токтобойт. Омоктуу ой, керектүү сунуштарыңар болсо баяндап жазып, дагы деле жөнөтө бериңиздер. Арасынан биз менен кызматташууга мүмкүнчүлүгү бар, каалоосу күчтүү талапкерди Прагадагы баш кеңсебизге чакырып, иштешүү маселесин талкуулайбыз.

 Журналистикага чындап кызыккан, жазган ойлору, сунуштары аркылуу биздин коомго туруктуу пайда келтиргиси келген жердештерге мындан ары да бизге блог, макала, сүрөт, видео салып турууну сунуштайбыз. Байланышабыз дегендерге эшигибиз дайыма ачык.

Сүрөттө: "Азаттык" радиосунун Бишкек бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева жана башкы редактор Бурулкан Сарыгулова. 

Эскерте кетсек, "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына элүүгө жакын материал жарыяланган. 

Жеңүүчүлөрдүн атынан Сайпидин Султаналиев сөз сүйлөп, мекенден алыс жүргөн журтташтарга колдоо көргөзгөнү үчүн "Азаттык" радиосунун жамаатына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.