Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына арналган жыйын өттү.
Жаңы жетекчи, жактырылган отчёт
Бул коомдук уюмдун жетекчиси ассамблеянын IX кезексиз курултайында алмашты. Анын мурдагы төрагасы Токон Мамытовдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Абдыганы Эркебаевди ассамблеянын 55 адамдан турган кеңеши шайлады.
Ал эми Мамытов өзү өткөн жылдын сентябрь айында акыйкатчы болуп шайланганда эле төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Жетекчинин милдетин аткаруучу болуп ушул күнгө чейин Зухра Шидакова иштеп келген. Бирок тартип боюнча ассамблеянын төрагасын кызматтан алуу жана шайлоону кеңештин мүчөлөрү чечкендиктен, Мамытов бүгүн гана кызматтан расмий кетти.
«Мурда аталган кеңеште 65 киши бар болчу. Аларды республиканын бардык аймагынан чогултуу өтө оор. Анткени мурда бул кеңешке айрым министрлер, облус жетекчилери, шаар мэрлери, этникалык уюмдардын башчылары мүчө болчу. Менин кызматтан кетүү боюнча арызымды кеңеш эми карады. Бирок менин ордумда убактылуу жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Зухра Шидакова иштеп жаткан. Эми кеңеш мени чакырып, төрагалыктан бошотту», деди Мамытов.
Ал Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагалыгына 2016-жылы келген. Курултайда бул убакыт ичинде аткарган иши тууралуу отчёт берип, кеңеш аны «канааттандырарлык» деп тапты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ушул эле күнү, 3-майда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын жыйыны өттү. Ага бир катар улуттардын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз тилинде түш жоруган Татьяна Балаева Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштейт.
«Менден көп киши «кайсы жерден болосуз?» деп сурашат. Ат-Башыдан болгонумду айтсам, «түпкү жерлигиңизчи?» дешет. Мен Ат-Башыда төрөлүп өскөм, демек ошол жерденмин, кыргызстандыкмын. Нарында көп адамдар менен катышам. Алардын ичинде татар, уйгур, өзбек, кыргыз досторум бар».
Балаеванын эки баласы Орусияда жашагандыктан мындан эки жыл мурун ал да жер которууну чечкен. Бирок ал жактын жашоо шартына көнө албай, Кыргызстанга басып келе берген экен.
Ал эми Александр Степанюк «Гармония» аттуу маданий борборду жетектейт. Ал баштаган чыгармачыл адамдар Кыргызстандын булуң-бурчун аралап орус элинин маданиятын жайылтышат. Ал кайсы жерге барбасын эл аларды жылуу кабыл алганына сүйүнөт.
«Биз уюштурган маданий иш-чараларга адамдар көп келгени биз үчүн жагымдуу. Ушундай иштер бизди бириктирет. Бизге болгон колдоодон кийин мындан дагы жаңы нерселерди ойлоп тапкың келет экен. Бул коомдо бири-бирибизди түшүнүү, эртеңки күнгө болгон ишенимди арттырат».
«Кыргыз тили достуктун көпүрөсү»
Улуттук статистика комитетинин жыл башындагы маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. 400 миңден ашат. Анын ичинен 4 млн. 700 миңге жакыны кыргыздар. Миллионго жакыны өзбек тектүү, 350 миңден ашыгы орус улутундагы жарандар жана 70 миңден ашыгы дунган тектүүлөр.
Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин мурдагы төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, ассамблеяга бюджеттен каражат бөлүнбөйт, каржылык жактан эл аралык уюмдар колдоо көрсөтөт.
Уйгурлардын «Иттипак» бирикмесинин жетекчиси Артык Хаджиев Кыргызстан элинин ассамблеясына бийлик көңүл бурушу керек деп эсептейт.
«Кыргызстан элинин ассамблеясына өкмөт тарабынан колдоо болушу керек деп ойлойм. Анткени бул - күчтүү, келечеги бар ассамблея».
Кыргызстандын түштүк аймагында 1990-жылы жана 2010-жылы этнос аралык араздашуу чыкты. Эки окуяда тең адам өмүрлөрү кыйылды. 2010-жылдагы июнь окуясында Ош жана Жалал-Абадда 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул адам ар кандай жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон.
Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Кыргызстан элинин ассамблеясынын жыйынына 400дөн ашык адам катышып, 15 өлкөдөн өкүлдөр келди. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакырды.
«Өлкөнүн тарыхы көрсөткөндөй, биз элдин биримдиги жана ар түрдүү этностордун достугу менен ийгиликтерге жеттик. Биздин тарыхый милдетибиз - Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөө. Биз бир болгондо гана глобалдуу атаандаштыкка туруштук берип, өлкөнү өнүктүрүү боюнча максаттарга жете алабыз. Ал эми кыргыз тили биримдиктин жана достуктун көпүрөсү болушу керек».
Кыргызстан элинин ассамблеясы Кыргызстандын элин түзгөн этностордун улуттук кызыкчылыгын көздөгөн коомдук уюм. Ал 1994-жылы Бишкек шаарында, Кыргызстан элинин 1-курултайында уюшулган.