Акчаң болсо - армияны аттап өтөсүң

Кыргыз жоокери ант берүүдө

Коргоо министрлиги аскерде кызмат өтөөнүн кыскартылган 40 күндүк түрүн сунуштап, анын баасы 60 миң сом болот деп билдирүүдө.

Ыктыярдуу аскердик кызмат өтөөнүн бул түрү 18 жаштан жогоркуларга сунушталып жатканын айткан министрлик ал мобилизация убагында сапаттуу жоокерлер менен камсыз болууга шарт түзөт деп ишендирүүдө.

Ошол эле кезде адистер аскердик кызмат өтөөнүн бул түрү коомду бай-кедейге бөлөт, анткени ал акчасы бар адамдар үчүн мекенди коргоодон кутулуунун оңой жолуна айланса, карапайым элдин балдары мурдагыдай эле бир жылдык аскерге барууга аргасыз болот деп тынчсызданышууда.

Коргоо министрлигинин уюштуруу жана мобилизациялоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сыргак Бодобаевдин маалымдашынча, 18 жаштан жогору жарандар 60 миң сом төлөп, 40 күн эле аскердик даярдыкты өтүп, аскер билетин алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

- Жашы 18ден 35ге чейинки жарандар бул кыска мөөнөттүк аскердик кызматты өз каалоосу менен өтөсө болот. Бул 40 күндүк аскердик даярдыктын баасын 60 миң сом деп баалап жатабыз. Аскердик кызматтын бул түрү куралдуу күчтөрдүн мобилизациялык ресурстарын толуктоого жардам берет. Ошондой эле аскердик кызматты өтөбөгөндөрдүн конституциялык талаптарын аткарууга жардам боло алат деп эсептейбиз.

Жоокерлер Оштогу машыгуулар маалында, 4-май, 2011-жыл

Жаны сунуштун баасына келгенде мыйзам ким үчүн жазылып калганын көп талдабай эле түшүнсө болот. Мындай пикирин Жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байкубатова айтууда. Ал аскерде карапайым элдин балдары басымдуу экенин эске алганда, жөнөкөй жарандар 40 күн үчүн миң доллар төлөй албайт деп эсептейт.

- Чынын айтканда, 60 миң сом аябай эле көп. Биздин армияга кедей-дыйкандардын балдары барышат. Аларга аябай эле оор болуп калат. Бизде адамдар иш менен камсыз болбосо, анан аларда каяктан мындай суммадагы акча болсун?

Коргоо министрлиги мындай тажрыйба Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө дагы бар экенин мисал келтирүүдө. Жаңы өзгөртүүлөр менен министрлик коррупция жоюлуп, запастагы офицерлердин саны кыскарып, сапаттуу армия түзүлөт деп ишенип турган чагы. Министрликтин оюнча, эгерде мыйзам долбоору колдоо тапса, акчасына карабай жаштар 40 күндүк армияга келишет. Себеби ушул эле долбоордо жогорку окуу жайлардагы аскер кафедраларын да жабуу сунушталууда.

20-июль, 2015-жыл

Тартип коргоо жаатындагы эксперт Ислам Байгараевдин айтуусунда, министрлик мындай жол менен окуу жайды бүткөн жаштарды аскердик билетти сатып алууга аргасыз кылат. Себеби ишке орношуу үчүн көпчүлүк мекемелерде диплом менен чогуу аскердик билетти дагы талап кылат.

- Муну аябай шашылыш кабыл алып жатышат. Аскер кафедралардын бардыгын жоюп салган болбойт. Анын санын азайтса болот, бирок жокко чыгарууну колдобойт элем. Алар СССРдин учурунда эле ачылган, кээ бир окуу жайда аскердик өнөрдү зарыл түрдө окутушат. Мисалы, Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде артиллериялык аскердик өнөрдү, КУУда байланыш тармагы боюнча адистерди даярдашат. Бул сунушу менен министрлик коомду экиге бөлүп жатат. Акчасы барлар өздөрүнүн бай деген "макамына" таянып, аскердик билетти сатып алууга кепилдик алышууда. Ал эми колунда жоктор окууну бүтүп, кайра дагы армияда бир жыл кызмат өтөш керек болуп калат.

Мындан тышкары министрлик ден соолугуна байланыштуу альтернативдик кызмат өтөөнү жоюп салууну сунуштоодо. Муну алар акыркы жылдары ден соолугуна шылтап, альтернативдик кызмат өтөгөндөрдүн саны ансыз деле кыскарганы менен түшүндүрүшөт.

Кыргызстанда жылына 20 миң адам альтернативдик негизде аскердик кызмат өтөйт.