Апта: Алмаматовду качырган схема

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Райондук сотто 12,5 жылга кесилип, кийин шаардык сотто жазасы жеңилдеп абактан чыгып кетип, азыр кайда экени белгисиз болуп жаткан мурдагы аткаминер Насирбек Алмаматовдун жаңжалы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө көлөкө түшүрө турган окуя катары бааланууда.

Жогорку сот 30-октябрда Насирбек Алмаматовду 12,5 жылга соттогон райондук соттун чечимин калыбына келтирди, бирок укук коргоо органдары анын өзүн таппай отурган чагы. Кайра камалууга тийиш болгон Алмаматов табылбай жатканын 4-ноябрда милиция кабарлап, ага издөө жарыялаган.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, 2018-жылдын ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага далил катары видеотасма да жарыялаган.

Дагы караңыз "Алмаматовдун иши жоопсуз калбашы керек"

Бишкектин Октябрь райондук соту Алмаматовду 12,5 жылга соттогон. Бирок Бишкек шаардык соту 9-июлда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен аны эркиндикке коё бергени коомчулукка октябрь айында гана белгилүү болду.

Соттун Алмаматовдун жазасын жеңилдетип койгонун учурунда сот бийлиги да, Башкы прокуратура да, Улуттук коопсуздук комитети да кабарлаган эмес.

Кийин маалым болгондой, прокуратуранын өкүлү Алмаматовдун жазасы жеңилдегенине каршы болгон эмес.

Коомчулукта бийликтин коррупциялык күрөшүнө көлөкө түшүргөн бул окуяга сын айтыла баштаган соң гана Жогорку сот 30-октябрда Бишкек шаардык сотунун Алмаматов боюнча чечимин жокко чыгарып, аны 12 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бирок Алмаматовду кайра камакка алууга келгенде ал жок болуп чыкты. 4-ноябрда милиция ага издөө жарыялаганын кабарлады.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Насирбек Алмаматовдун изи табылбаса, аны эркиндикке чыгарган шаардык соттогу судьялардын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт.

- Ал киши качып кетсе, райондук соттун чечимин жокко чыгарган шаардык соттун судьяларын жоопко тартуу керек. Андай болбосо шаардык соттун артында чоң күчтөр турганы ачык болуп калат.

Юридика илимдеринин кандидаты Кайрат Осмоналиев «Вечерний Бишкек» гезитиндеги маегинде Алмаматовдун жазасын жеңилдетип, абактан чыгарып жиберген чырды 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоткон схемага окшоштурду. Батукаев ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 20га жакын адам айыпталып жатканы маалым.

Ал эми коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Алмаматовдун ишин диверсиялык аракет деп баалаган:

- Конкреттүү бул кишини деле билбейм, бирок пара алып, өздөрү айткандай туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнү үчүн 12 жылга соттолгон киши бир жылга жетпей боштондукка чыгып кетти дегендин өзү "коррупцияга каршы күрөш жарыяладым" деген президенттин саясатына каршы диверсия. Президенттин сөзүн, ишин жокко чыгарып жатпайбы. Башкача айтканда, тилин кыскартат. Мисалы, эртең президент эл алдына чыгып, "мына эки жылдан бери коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат" десе, кайсы киши болбосун "күрөшүңөрдү көрүп жатабыз, пара алып соттолгондор сайрандап эркиндикте эле жүрөт, кайра байлыгын көбөйтүп жатат" деп ачык эле айтышы мүмкүн. Эгер коррупцияга каршы күрөш десе, ал жалпы жүрүшү керек.

Адам жүзүн тааныган камералардан кооптонууга негиз барбы?

Кыргызстандагы “Жарандык көзөмөл комитети” кыймылы адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотууга каршы чыкты. Курамына белгилүү укук коргоочулар жана жарандык активисттер кирген кыймыл 6-ноябрда тараткан билдирүүдө мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” деп аталды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, бул ыкманын ачыктыгы жана жарандар үчүн коопсуздугу камсыздалмайынча адамды бетинен тааный турган системага мораторий жарыялоо керек:

- Азыр соттор коррупцияга малынганы, милициянын мурдагы кызматкерлери киши өлтүрүүгө барып, кылмышкерлер менен байланышта экени айтылып жатат. Ошолор алты миллион кыргызстандыктын ар бири тууралуу маалыматка ээ болсо аларды кандай максатта колдонорун ким билет?

Бишкекте 31-октябрдан тарта «Командалык борбор» иштей баштаган. Анын алкагында шаарга 60 видеокамера орнотулса, анын жыйырмасы адамдын жүзүн тааный турган камера экени маалым болгон. «Командалык борбор» Кытайдын жардамы менен ишке ашты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте патрулдук милиция ишин баштады


Кыргызстан Кытайдан - кредит жана грант көп алып жактан мамлекеттердин бири. Экономикалык изилдөө боюнча Кэмбриж улуттук борбору «Кытайдын чет өлкөгө карыз бериши» деген темада иликтөө жүргүздү. Изилдөөчүлөр Бээжинге карыз болгон өлкөлөрдүн рейтингин чыгарып, Кыргызстан сап башындагы беш өлкөнүн ичинде экенин эскертишкен.

20-орунда Тажикстан, 23-орунда Түркмөнстан, 40-орунда Өзбекстан турат. Америкадагы Гарвард университетинин изилдөөчүсү, саясат талдоочу Сэм Паркер Кытайдан карыз алуунун коркунучу бул өлкөнүн адам жүзүн тааный турган көзөмөл камераларын бекер бериши, Бээжиндин Шинжаңдагы саясаты тууралуу «Настоящее времянын» кабарчысы Дарья Тимофеева менен болгон маегинде айтып берди.

Бабалар эскерилген күн

Кыргызстанда үч жылдан бери 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келе жатат. Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, аны парламент колдогон.

Бул күндүн урматына 7-ноябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде бийлик өкүлдөрү катышкан эскерүү иш-чарасы өттү. Чогулгандар 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерүү мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, куран окулду.

Дагы караңыз Тарыхтан сабак албаган өлкө оңолбойт

Бул эскерүү - майрамдарга оро-пара Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган мамлекеттик салтанат Улуттук филармонияда өттү. 6-ноябрдагы иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги эски аянтка жана борбор калаанын райондорунун бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу пикирин айтты.

Турдакун Усубалиев совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу» жана башка ордендерин алган.

Усубалиевдин кыргыз тарыхындагы орду карама-каршы пикирлер менен талкууланып келе жатат.

Президент журналисттер менен жолукту

7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү да белгиленди. Аны утурлай, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга видеокамера, микрофон жана фотоаппаратты алып кирүүгө уруксат берилген жок. Буга Жээнбековдун медиа өкүлдөрү менен ачык баарлашууну каалаганы себеп болгону айтылды.

Бирок мындай ачык баарлашууну коомчулукка көрсөтүүгө эмнеге шарт түзүлбөгөнү түшүндүрүлгөн жок. Президент жолугушууда кландык башкарууга жол берилбей турганын кайталады:

- Кыргызстанда эч качан кландык башкаруу болбойт. Мен үй-бүлөмдү да, аппаратты да катуу кармайм. Ар ким өз ордунда иштеши керек. Албетте, менин атымды саткан жасалма тууган, жасалма кудалар чыгып жатат. Андай кабарларга тез реакция болуп жатат. Бирок азыр мага кеңеш берген киши жок. Менин өзүмдүн жеке оюм бар. Элдин баарын угам, бирок өзүм чечим чыгарам, - деген президент аны көзөмөлдөгөн оппозиция бар экенине токтолду..

Жээнбеков менен жолугушууга келген редакторлор.


Жолугушууда Жээнбеков Кой-Таштагы чыр, парламенттик шайлоо босогосу тууралуу так позициясын айтуудан карманды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалган Кой-Таш окуясы тууралуу суроого учурда атайын комиссия түзүлүп иштеп жатканын айтып, соттун чечимин күтүү керек деп белгиледи. Ал эми шайлоо босогосу тууралуу пикирин кийин айта турганын кошумчалады.

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссия негизги ишин 31-октябрда жыйынтыктады. Бул жумада корутундусунун долбооруна анын эки мүчөсү каршы чыкканы маалым болду.

- Комиссиянын бүтүмүнө караманча-каршы болуп, макулдугумду берген жокмун. Өзгөчө пикир да айтпай комиссиянын андан аркы ишине катышуудан баш тарттым. Комиссиянын жыйынтыгы менен макул эмесмин, - деди комиссиянын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков.

Дагы караңыз Кой-Таш комиссиясынын эки ача жыйынтыгы

Буга чейин комиссиянын корутундусунун долбооруна комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да каршы добуш берген.

Учурда комиссиянын корутундусу даярдалып жатат. Комиссиянын бүтүмү эми Жогорку Кеңештин депутаттарына тааныштырылат.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

Тажикстан: чек арадагы кол салуу

Тажикстандын Өзбекстан менен жакын аймагындагы чек ара бекетине куралдуу кол салуудан курман болгондордун жалпы саны жыйырмадай болушу мүмкүн.

«Азаттыктын» тажик кызматы милициядагы ишенимдүү булактарына таянып, «Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» чек ара бекетиндеги кол салууда төрт чек арачы жана бир милиция кызматкери өлгөнүн жазды жана алардын аты-жөнүн, тек-жайын жарыялады. Мындай кабарды чек арачылар туулуп-өскөн аймактын башчылары да жарым-жартылай ырастап, маркумдардын сөөгү жерге берилгени маалым болду.

Буга чейин тажик бийлиги кол салууда бир чек арачы менен бир милиция кызматкери гана өлгөнүн расмий маалымдаган.

Тажикстандын чек ара бекетине кол салуудан курман болгон милиция кызматкери Бахром Косимзоданын сөөгү 6-ноябрда түштөн кийин жерге берилди. Бахром окуя болгон Рудаки районунун Эсанбой жамаатынын аймактык тескөөчүсү болчу.

Дагы караңыз Жоочулар менен күрөшкөндөр жерге берилди


Ал эми чабуулда курман болгон чек арачы Иззатулла Латифов менен коштошуу зыйнаты 7-ноябрда Дүйшөмбү шаарында өттү. 25 жаштагы прапорщик аскердик милдетин өтөгөндөн кийин «Султанабад» чек ара отрядында кызмат кылууга калган.

- Үч күн мурда балам үйгө келип кеткен. Ал жаңы жоокерлер үчүн абдан кам көрчү. Уулум мага телефон чалып кетип жатканын, аскер бөлүгүндө жаңы жоокерлер бар экенин айткан. Балам жаңы жоокерлер ант беришерин, бул салтанатты уюштурууга жардам бериши зарыл экенин сөз кылган эле. Азыр болсо менин уулум баатырларча курман болду. Биз Иззатулла менен сыймыктанабыз. Анткени душмандар кармалды, - деди маркум чек арачынын атасы Абубакр Латипов.

Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлагандай, куралдуу топ 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын Калаи-Зол аймагы аркылуу мыйзамсыз өтүп келишкен. Алар 6-ноябрга караган түнү саат 3:32тө «Султонобад» чек ара отрядына караштуу "Ишкобод" тозотуна кол салган.

Бийлик өкүлдөрү мындай кара санатайлыкты «Ислам мамлекети» террордук тобу уюштурганын жарыялаган жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдаган. Алардын арасында кеминде бир аял болгону тууралуу кабар тараган.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматы күч органдарына жакын булагына таянып, «Султанабад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» тозотуна кол салгандардын ичинен бешөөнүн тек-жайы аныкталганын билдирүүдө.

Журналисттердин маалыматы боюнча, алардын ичинен үчөө аял киши. Атап айтканда, Тажикстандын күч органдары жүргүзгөн операцияда Малохат Хайдарова, Зулхумор Жумаева, Рахбар Бокиева жана Хусейн Исломов колго түшүп, ал эми Шавкат Исломов атышууда каза болгон. Алар 20-25 жашта экени жана кармалгандарга "терроризм", "адам өлтүрүү", "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери боюнча иш козголгону айтылды.

Тажик бийлиги жана башка булактар азырынча бул маалыматтарды ырастай элек.

Кол салууга катышкан бул беш адам Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен Согди облусунда төрөлгөн.

Колго түшүрүлгөн жоочулар сурак учурунда "Ишкобод" чек ара бекети алар үчүн чабуул коюуга ыңгайлуу жай болгонун билдиришкен.

Тажикстандын бийлиги жоочулар өтүп келди деген Ооганстан менен чектешкен Хатлон облусунун Кубодиен районундагы айылдардын тургундарына сак болууну эскертти.

Дагы караңыз Тажикстандагы кол салуу аймакка коңгуроо

Ал арада Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Рухулла Ахмадзай «Ислам мамлекети» тобунун жоочулары «Кундуз провинциясынын Калаи Зол уездинде жок» экендигин билдирди.

- Бул топтун изин ооган аймагынан тышкары жерден издөө керек, алар Тажикстанга Ооганстандан кирбегени анык. Дүйшөмбүнүн террорчулар Ооганстандын Калаи Зол уезди тараптан кирди деген билдирүүсү негизсиз жана чындыкка дал келбейт.

Оогандык талдоочу Бари Ориз да Ооганстандын түндүк-чыгышында «Талибан» кыймылынын айрым очоктору гана бар экендигин билдирди.

«Ислам мамлекети» террордук уюму чабуул үчүн жоопкерчилик ала элек.

Куралдуу кол салуу болгон чек ара бекети Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жоочулар тажик-ооган чек арасындагы Кубодиен районунан борбор шаарга жакын, «Ишкобод» чек ара бекети орун алган Рудаки районуна кантип жетип келишти деген суроону коюп жатышат. Эки күндө алар 200 чакырым жолду кантип эч бир тоскоолдуксуз өткөн деген суроого азырынча жооп жок.

Кол салууга жана Тажикстандын расмий билдирүүлөрүнө талдоо жасаган эл аралык басылмалар да окуяда күмөндүү жагдайлар жана так эместиктер бар экенин белгилешкен.

Кол салуу Тажикстан Конституция күнүн белгилеп жаткан учурда жана президент Эмомали Рахмон Европада расмий сапары менен жүргөн маалда болду.

Тажикстанда «Ислам мамлекети» террордук тобуна тиешеси бар топтор кол салган окуя 2018-жылы да катталган. Былтыр 29-июлда Дангара-Дүйшөмбү жолунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараланган. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Аталган топ ошондой эле быйыл май айында Вахдат шаарындагы колонияда тополоңго тиешеси бар экенин бир айдан кийин билдирген. Анда 32 киши өлүп, 29у соттолгондор болсо, үчөө түрмө кызматкери экени айтылган.

Кыргызстан кол салууну айыптады

Кыргызстан Тажикстандын чек ара бекетине кол салууну айыптады. 6-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Чыңгыз Айдарбеков “Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу максатында региондун өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерине бекем колдоо билдире турганын” айткан.

Тажикстан Кыргызстандын түштүк-батышы менен чектешет жана эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Бул эки өлкөнүн чек арасында жол, жайыт жана суу талашка байланышкан чыр-чатактын чыгышына себеп болуп келе жатат. Ушул жумада кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жолугушуу өттү.

3-6-ноябрда өткөн кездешүү Тажикстандын Ганч районунда болгонун өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов «Азаттыкка» билдирди:

- Жолугушуу Согди районунда өттү. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр болду. Протокол тууралуу өкмөт маалымат берет. Бир аздан жылыш бар. Баткен жана Лейлек райондорундагы чектеш аймактар тууралуу сүйлөштүк.

Салиховдун маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр дагы уланат. Эмки жолугушуу Лейлек районунун Исфана шаарында болору кабарланды.

3-ноябрь күнү Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жана атайын кызматтары да жолугушуу өткөргөн. Тараптар эки мамлекеттин чек арага жакын аймактарында коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле экстремизм менен терроризмге каршы күрөштө мекеме аралык кызматташтыкты чыңдап, ар кандай иш-чараларды биргелешип өткөрүп турууну сүйлөшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.