Андарактагы чатак

Өткөн жылдын соңунда - 29-декабрь күнү Лейлектин Андарак айылында (Баткен облусу)кыргыз жана тажик улутундагы жаштар ортосунда мушташ чыгып, улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздаган. Милиция чырды дароо басууга жетишти.

Бул чырдан тутанган жаңжалда эки сарай өрттөлүп, эки кичи дүкөн талкаланып, дагы эки үйдү өрттөөгө аракет жасалган.

Жаңжалдын эртеси айыл аксакалдары баштаган эл эки тараптан тең чогулуп, абалды талкуулады.

Жаңжал болгон жерге ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да барды.

Жаңжалдан кийин.

Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.

Жаңжалдан кийин.

Жаңжалдан кийин.