ЕБ Кыргызстанга 30 млн. еврону бергени калды

Кыргызстандын Европанын төрт өлкөсүндөгү элчиси 30 млн. еврого байланыштуу маселе жакын арада чечилерин айтты.
Жыргалбек Азылов - Кыргызстандын Батыш Европанын төрт мамлекети: Бельгия, Нидерландия, Франция жана Люксембургдагы толук ыйгарымдуу элчиси. Мартабалуу дипломат Кыргызстан жана ушу төрт өлкөнүн маданий-экономикалык кызматташтыгынын абалы, 3-октябрь күнкү Бишкектеги Өкмөт үйүнү алуу аракети, Анья шаарындагы Бельгия-Кыргызстан ортолук "Жибек Жол" маданий борбору жана башка темада “Азаттыкка” интервью берди.

“Азаттык”: Урматуу элчи! Эсиңизде болсо керек, Евробиримдик Кыргызстанга 2010-жылкы апрель ынкылабынан кийин 30 млн. евро убада кылып, бирок сөзүндө турбады сыягы? Кытай, Орусия жа кээ бир бай араб мамлекеттери Кыргызстанды экономикалык долбоорлор менен кызыктырып жатканда, Батыш кандай жардам же колдоо сунуш кылууда?

(Маекти толук бойдон мына бул тиркелген жеринен угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Элчи Ж. Азыловтун маеги


Жыргалбек Азылов: Европа Биримдиги (ЕБ) 2008-жылы “Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштын стратегиясы” деген программа кабыл алган. Бүгүнгө чейин бул программанын алкагында Кыргызстанга 118 миллион евро акча бөлүнгөн. Мисалы, билим берүү тармагына 20 млн, сот системасыны жакшыртуу боюнча программага, анын ичинде конституцияны өзгөртүүгө 5 млн. евро бөлүнгөн.

20-27-ноябрда Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен ЕБнын тышкы саясат боюнча комиссары К. Эштон айым баш болгон топтун жолугушуусу болот. Анда ошо стратегияны мындан ары өнүгүүсү да каралат.

Жанагы 30 млн. еврого байланышкан маселе азыр зарыл тепкичтердин баарын басып өттү. Европарламентте бекитилди. Эми эрежеге ылайык, Европарламент менен ЕБнын Советинин макулдашууусу гана калды. Экөө консенсуска жетсе эле ошол акча Кыргызстанга берилет.