Анда - "Кыргызстан мусулмандары да АКШ элчилигинин жанына чыгышы керек. Мен Кыргызстанда болсом ошентет элем" деп жазылган.
Ушундай билдирүүлөр дипломаттардын этикасына, дипломатиялык кызмат жөнүндөгү мыйзамга канчалык туура келет? Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Нуржигит Кадырбековго кайрылдык.
- Тышкы иштер министрлигинин кызматкери, Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин кызматкери Руслан Бекназаровдун өзүнүн жеке Фейсбук баракчасында ушундай пикирди айткандыгы Мухаммед пайгамбардын наамына акарат келтирген фильмдин диндердин ортосундагы диалогго, ынтымактын бекемделишине канчалык терс таасир тйигизгендигин көрсөтөт. Ошол себептен Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасы дагы ошол фильмди катуу айыптайт. Ошол эле мезгилде дипломаттарга фильмдин кесепетинен улам кол тийгизүүгө же зомбулук көргөзүүгө каршылыгын билдирет. Анткени дипломаттар эл аралык келишимдер, эл аралык мыйзамдарга ылайык корголот.
Руслан Бекназаровдун атуул катары, жаран катары позициясына түшүнүү менен карайм. Бирок ошол эле мезгилде дипломатиялык кызматта иштеп аткан адамдын кандайдыр бир саясий маселелер боюнча ачыктан ачык чакырык менен чыгуусу, же болбосо бир иштерди уюштурууга демилгечи болуусу – чындыгында биздин дипломатиялык этикада жок. Бирок бул – атайын бир ниет менен жасалган жок деп ойлойм. Ошон үчүн биз маалымат саясатындагы реформанын алкагында дипломаттардын социалдык тармактагы баарлашуусу, алардын мазмуну боюнча бир оңдоо киргизебиз деп ойлойм.
- Дипломаттарга, өзгөчө чет мамлекеттердеги миссияларыбызда иштегендерге Фейсбук же башка социалдык сайттарды пайдалануу боюнча көрсөтмө берилеби?
- Сөз эркиндиги – демократиянын ажырагыс бөлүгү. Ар бир адамдын жеке турмушуна, жеке пикирине, жеке дүйнөсүнө укугу бар деп эсептейбиз. Ошон үчүн Фейсбук, Твиттердеги жеке баркчаларына кийлигишүү саясаты бизде буга чейин болгон эмес. Бирок, албетте, ар бир дипломат өзүнүн сүйлөгөн сөздөрү, байланыштары, глобалдуу желедеги пикирлерин билдирүүдө жоопкерчиликти толук сезет деп ойлойбуз. Ушуга окшогон маселелер чыга турган болсо, биз реформанын алкагында аны эске алабыз.
- Бир нече жума мурун Болот Шердин айтылуу пресс-конференциясында Түштүк Кореядагы элчи Дүйшөн Чотонов да жүргөнү кабарланган. Албетте мамлекеттик кызматкер, жаран катары барышы мүмкүн. Бирок ошондой учурларда ички эрежелер эмне дейт?
- Сырткы саясат – бул ички саясаттын уландысы. Ички саясий ал-акыбал тышкы өнөктөштөрүбүз менен иштөөдө өтө маанилүү. Ошон үчүн маалымат саясатында иштеп аткан кызматкерлерибиздин ички саясаттагы орчундуу окуяларга байланышкан маалымат жыйындарына, же башка иш-чараларга барып катышуусу – кадыресе көрүнүш. Бирок биздин системада иштеп аткандан кийин ал жерге барганда өзүнүн позициясын билдирип, же болбосо кайсы бир тарапка тартууга эч кимдин акысы жок. Анткени ал жөнөкөй адам эмес, Кыргызстандын тышкы саясатындагы өкүлү. Анын айткан пикири автоматтык түрдө Кыргызстандын тышкы саясатындагы позициясы катары кабыл алынышы мүмкүн.