Райондогу айрым тургундар маркумдун сөөгүн христиан мүрзөсүнө коюлушуна каршы болуп, сөөктү кабырдан экинчи ирет чыгарып салышкан. Акыркы демилге да христиандарга эмес, жергиликтүү элге Мындан кийин район бийлиги кеңешип, сөөктү башка жерге жашырышты.
- Эх, кемпир, жайың жанаттан болсун, мынча шордуу болбосоң. Бирок ким кылса өз убалы өзүнө. Мынчалыкка барбаш керек болчу.
78 жаштагы маркумдун жолдошу Акжол Азаев байбичесинин жай башына келип, анын ачылган кабырын көрүп кайрадан көзүнө жаш алды. Бирок ал кемпиринин сөөгү ушул жерде жатат деген таризде ага Куран түшүрүп, дуба кылды.
Беш убак намазга жыгылып, 50 жылга жакын убакыттан бери бирге жашап келген карыя айылдаштарынын жубайы тууралуу айткан сөзүнө кошула бербейт.
- Мен айылдаштарымдын бул кадамына таптакыр түшүнө албай жатам. 49 жыл бирге жашаган жубайымдын башка динге өтүп кетти дегенине такыр ишенбейм. Эгер күнөөм болсо үстүмдө кудай турат. Анын бир айыбы Инжил китебин окуп койгондугунда. Бирок башка айыбын билбейм.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ала-Бука айылындагы Канымбүбү атындагы мазарга мусулмандар жана жергиликтүү христиандар бирге коюлуп келген. Жергиликтүү бийликтин сунушу менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү да 15-октябрда ушул жердеги православ христиандардын жанына коюлган. Бирок сөөктүн буга чейин эки ирет мусулмандар мүрзөсүнө коюлушуна каршы болгон жергиликтүү эл христиан мүрзөсүнөн да казып, чыгартып салышкан.
Мазардын шайыгы Сейдакмат Казиев 17-октябрда элдин нааразылыгынан улам маркумдун табытын жергиликтүү бийлик алып чыгып кеткенин айтты.
- 17-октябрда түштөн кийин отуздан ашык кары-жаш дебей ушул айылдын жашоочулары мазарга келишти. Алар менен жергиликтүү бийлик башчылары жана милиция кызматкерлери сүйлөшкөнүнө карабай алар макул болушкан жок. Андан соң жергиликтүү милициянын жардамы менен сөөктү казып алып чыгып кетишти. Бул жерде райондун акими жана молдолор да бар болчу.
Бул маалыматты райондук бийлик ырастаганы менен, маркумду кайсыл жакка барып жерге жашырганын ачыктаган жок. Болгону эл арасындагы тынчтыкты сактоо максатында ушундай чечим кабыл алышканын билдирди.
Райондун имамы Шумкар ажы Чыналиев башка диндеги жарандар мусулмандар менен бирге көмүлбөш керектигин кошумчалады.
- Булар мурда эле баптистке өтүп кетишкен. Биз канча ирет барып аларга "бул жолуңардан кайткыла, акыбети жаман болот" деп эскерткенбиз. Бирок алар көңүл бурушпаганынан улам кечээ эженин тажыясына эч бир кошунасы барбай коюшту. Молдолор дагы маркумга жаназа окуган жок. Азыр жер дагы кабыл албай, эл каршы чыгып жатат. Имамдар эмес, эл өзү көтөрүлүп жатат, ата-бабабызды ыйманы бузулгандар менен бирге жаткырбайбыз дешти. Кайсы динди карманбасын бардык пенде жерге көмүлүүгө укуктуу. Биз ага каршылыгыбыз жок. Бирок алар мусулмандар мазарына эмес, башка жакка көмүлүшү керек. Анткен менен биз да “бирөөнүн абийирин жашырса, кыяматта кудай сенин абийириңди жашырат” деп хадисте айтылгандай, баарына көз жумуп жерге жашыралы деп элге түшүндүрдүм, бирок менин сөзүмө көпчүлүк макул болушкан жери жок.
Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди
Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди
Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.
Бирок маркум аялдын кыздары бул кырдаалдын түзүлүшүнө молдолорду айыптап жатат. Анткени жашоочулардын баарын молдолор уюштуруп, элге туура эмес маалыматтарды жайылтууда дешет. Алардын бири Жылдыз Азаева:
- Буга чейин айылдаштар жана коңшулар менен ысык-суукта катышып жакшы эле жашап келгенбиз. Бирок айрым бир топтор, элди бузуп ушул жагдайды жаратып жатышат. Апамдын айыбы эмнеде? Болгону ал Инжил, Тоорат, Забур китептерин окучу. Ал китепте уурулук кылба, балдарыңа жакшы тарбия бер, кошунаңдын алмасы жерге түшүп турса да уруксатсыз жебе деп айтылган. Анын эмнеси жаман? Молдолор баарын көрүп туруп маркум апама жаназа окубай коюшту. Бизди ар кандай диний агымдарга байлап жатышат. Баптист дегенине биз түшүнгөн жокпуз.
“Ислам таалими” коомдук уюмунун өкүлү Дилмурат ажы Орозов бул жагдайды мамлекеттин чечкинсиздиги жана дин алымдарынын иш алып барбаганы менен байланыштырат. Ошондуктан бул кырдаалды жергиликтүү бийлик талашсыз чечиши керектигине токтолду.
- Эгемендүү мамлекеттин алгачкы муфтийи Кимсанбай ажы өзү фатва чыгарып, башка диндегилер мусулмандар менен бирге көмүлбөсүн деп билдирген. Азыркы молдолор ошону негиз кылып ушул жагдайды жаратып жатышат. Туура, алар өз динин карманышы керек. Бирок ага өзүбүз күнөөлүүбүз. Совет доору урап, эгемендүүлүктү алган күндөн тартып молдолор нике окуп, жаңы төрөгөн балага азан чакырып жана жаназа окуу менен гана алек болуп, өзүбүз туткан диний ишенимдер боюнча таптакыр сөз болбой калды. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүрбөй калды. Ошол себептүү дин тутуу эркиндигинен пайдаланган жарандар муктаждык жана башка себептерден улам башка агымдарга өтүп кетүүдө. Эртең эки диндин өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал чыкса аны ким токтотот? Ошол себептүү мамлекет башка диндегилерге да уруксат берсе, аларга да жер ажыратып бериши керек.
14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшкан.
Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү Өрүктү айылына таандык жерге жашырылган. Бирок ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган. Мындан соң сөөк Ала-Бука айылындагы жергиликтүү христиандардын мүрзөсүнө коюлган эле.
Кыргызстанда учурда 2400гө жакын диний уюмдар бар. Анын ичинен 378и христиан багытында, басымдуу бөлүгү ислам дини боюнча уюмдар болуп саналат. 1991-жылы эгемендик алган Кыргызстандын Баш мыйзамында дин эркиндигин жарыялаган. Маселен, совет доорунда өлкө аймагында дүйнөлүк дин саналган ислам, христиан жана буддизмдин гана өкүлдөрү бар болсо, азыр диндердин жана конфессиялардын саны отуздан ашты.