Жергиликтүү милициянын билдиришинче, окуя 30-ноябрда болгон жана христиан дининин баптист агымындагы адамдардын үгүт жүргүзүшүнө каршы чыккан айылдын айрым тургундары алардын беш унаасынын терезесин талкалап салган.
Нарын облусунун Сагынбек аттуу тургуну баптист диний агымында жүргөнүнө 16 жыл болду. Анын пикиринде, коомчулукта башка динге киргендерди кодулап, жээриген көрүнүш азайган жок:
- Андай нерсе бар, калбайт экен. Бирок биз кудайга таянабыз да. Кооптонгондо эмне? Нарында деле маанай өтө жакшы эмес. Эми ар ким ар кандай. Менин айланамдагылар негизи жакшы эле. Бирок коомдо ачык болбосо да, тымызын, көмүскө түрдө кодулоо бар. Бирок биздин айыл жакшы эле. Башка жерлерде болсо мамиле ар кимдин түшүнүгүнө жараша. Эми кыйынчылыктар дайыма эле болот. Бирок биздин ишенимибиз бар. Биз кудайга ишенип, ошого таянабыз да.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнө караштуу Бактуу-Долоноту айылында жергиликтүү тургундар менен кыргыз баптисттердин ортосундагы чыр үгүт ишине байланыштуу чыкканы айтылууда. Айылдын Замир аттуу тургунунун билдиришинче, жаңжалга баптисттердин мектеп окуучуларын динге үгүттөөсү себеп болгон.
- Алар мектептен чыгып келаткан жаш балдарды бир үйгө чогултуп китептерин, белек-бечкектерин берип жатышыптыр. Анан биздин мусулман балдар барып, алардын беш унаасынын, бир үйүнүн терезесин талкалашкан экен. Тигилер болсо милицияга, сотко кайрылышыптыр. Айыл өкмөтүндөгү чогулушка баптисттердин бирөө да келген жок деп айтышты. Алар сотто сүйлөшөбүз деп коюшуптур. Ошол жерде "тынчыбаса ташбараңга" алабыз деген да сөздөр айтылыптыр.
Аталган окуяны Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Асеинов “Азаттыкка” бышыктады. Анын айтымында, соңку окуя боюнча айыл өкмөттө жыйын өткөн, бирок маселе ачык бойдон калган:
- Бактуу-Долонотуда эки үй-бүлө бар экен. Алар жергиликтүү эмес, башка жактан көчүп келгендер экен. Жакыр, колунда жок үй-бүлөлөргө тамак-аш, кийим-кече жактан жардам берип жүрүшчү дешет. Ошентип алар өз динине азгырып жатат деп айтышты. Биздин балдар күпүлдөп “алар көчүп кетсин, элди бузап жатат” дегендей сөздөр айтылды. Чындыгында алардын уставы бар экен. Алардын укугун бузганга акыбыз жок да. Айыл өкмөттө чогулганда жүздөй адам болдук. Бул тарапты да, тиги тарапты да колдогондор болду. Баптисттердин өздөрү келбей койду. Алар милицияга арыз жазган экен, ошол арызын кайра кайтарып алып, көчүп кетсин деген сөздөр айтылды.
Бул факт боюнча Ысык-Көл райондук милициясы “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иш козгоду. Милиция башчы Таалай Нуралиевдин маалыматы боюнча, азыр эч кимге айып тагыла элек:
- Алар Бишкекке кетип калып, чакырсак келбей жатышат. Келсе ушул айдын ортосуна чейин тергеп бүтүрөбүз. Жаш балдар терезелерин чапкылап коюптур. Ар биринин чыгашасы 5-6 миң сомдун тегереги болот. Азыр тергөө иштери болуп жатат, кылмышка кимдер аралашканын тактайбыз. Жабырлануучулар келип көрсөтмө берсе, кылмышка аралашкандарга айып коебуз.
Буга чейин Кыргызстандын башка аймактарында да башка динге өткөндөргө кол көтөргөн, мүлкүн бүлүндүргөн, алардын көчүп кетишин талап кылган окуялар катталган.
Кыргызстанда баптисттердин ишмердүүлүгү 1907-1908-жылдары немис улутундагы үй-бүлөлөрдөн башталган. Ушул тушта алардын үч миңге жакын мүчөсү жана 50 сыйынуу үйү бар.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2800дөй диний уюм бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибаадатканалар кирет. Анын 2000ден ашыгы ислам жаатындагы уюмдар жана мечиттер болсо, калганы христиан жана башка диндерге таандык. Христиан дининдеги уюмдардын басымдуу бөлүгүн протестанттык багыттагы мекемелер түзөт. Протестанттардын катарын акыркы жыйырма жылда кыргыз жана башка улуттагылар толуктаган.