Өзбекстан Үңкүр-Тоону өзүнүкү деп атады

Үңкүр-Тоо

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Үңкүр-Тоону өздөрүнүкү деп эсептей турганын жарыялады.

Андагы телерадио сигналдарын таратуучу станцияда иштеген төрт кыргыз жаранын мыйзамсыз жүргөн деп айыптап, жоопко тартыларын билдирди.

Кыргызстандын жогорку бийлиги Үңкүр-Тоонун айланасындагы соңку окуялар боюнча азырынча комментарий бере элек. Чек ара кызматы Өзбекстан кармап кеткен жарандарды бошотуу боюнча тынымсыз сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлап жатат.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсү 26-августта, Үңкүр-Тоодогу окуядан төрт күн өткөндөн кийин жарыяланды. Алар 22-августта кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймакка тик учак менен келип, жети өзбек милиция кызматкерин калтырып кеткен. Андан кийин станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаран камакка алынганы маалым болгон.

Ал арада Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкенттеги Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өзбек ТИМинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу 25-августта өтүп, анда эки тараптуу алакадагы айрым меселелер талкууланды.

Чек арачылар менен милицияларды жумшап коюп отурган менен маселе чечилбейт. Такталбаган жерге кирмей жок деген келишим бар деп туруп маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшүү керек.
Абдрахман Маматалиев

​Кыргызстандын төрт жаранынын Өзбекстанда кармалышы боюнча кырдаал, жалпы чек ара боюнча маселелер өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргенин өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

- Белгилүү болгондой, президент Атамбаев Тышкы иштер министрлигине, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Үңкүр-Тоо боюнча Кыргызстандын позициясы белгилүү – аталган тилке макулдашылган эмес. Мындан улам бизге коңшу Өзбекстандын позициясы түшүнүксүз болууда.

Вице-премьер министр өкмөттүн ыйгарым укуктуу түзүмдөрү азыркы учурда өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалаган.

- Кыргызстандын кармалган төрт жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышып жатабыз.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков мындай маселе эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу гана чечилиши шарт деп эсептейт:

- Бул аймак талаштуу, тактала элек болгондон кийин ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөгөн кадамга барат. Биздин сүйлөшүүлөрдө 2006-жылы кол коюлуп калган протоколдон аксап жатабыз. Бирок биз бул талаш жер, процедуралар толук бүткөн эмес деген багытта иш алып барып, чечкенге аракет кылышыбыз керек. Мындай жагдай Кыргызстанга дагы, Өзбекстанга дагы жакшы нерсе бербейт.

Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин баамында, өкмөт мурунку документтерге шылтабай азыркы кырдаалды колдон чыгарбашы керек:

- Буга окшогон протоколдорго өзбектер деле көп койгон. Мисалы, эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо боюнча комиссиянын чечимдери менен бекитилген жерлер бар. Азыр алар 701 чакырымы тууралуу гана кол коелу дешип, калган 300 чакырым тууралуу эч нерсе түшүндүрбөй жатат. Ал жерде мисалы Араван районундагы карьер, Орто-Токой суу сактагычы өңдүү жерлер бар. Ошондуктан ал жерлерди эки тарап тең талашып жатат. Биз деле аларга адекваттуу чара көрсөк болмок. Такталбаган жерге кирип келген Өзбекстандын жети милициясын биз деле кармап алып, кийин коё берсек болмок. Алар бизди азыр да, Орто-Токойдогу милиция бекеттерин алып койгула, ал-бул деп шантаж кылып жатат да. Орто-Токой деген биздин аймакта турат, аны алар жакшы билишет. Ошондуктан өкмөт эми демилгени колго алышы керек. Кааласа Ташкентте барсын, бул жакка чакырсын, сүйлөшүү жүргүзсүн. Чек арачылар менен милицияларды жумшап коюп отурган менен маселе чечилбейт. Такталбаган жерге кирмей жок деген келишим бар деп туруп маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшүү керек.

Өзбекстан менен бир топ келишимдерибиз бар. Ошолордун негизинде баарын орду-ордуна коюп койсо болот эле да.
Исмаил Исаков

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исмаил Исаков мындай жагдайга жол берген деп азыркы бийликти айыптады. Анын пикиринде, Кыргызстан эл аралык келишимдерди колдонуп өз кызыкчылыгын коргогонго толук мүмкүнчүлүк бар:

- Эгер азыркы бийликтин акылдары жетпесе, колдорунан эч нерсе келбесе анда аны элге чыгып “элибизди, жерибизди коргой албай калдык” деп ачык жарыялап туруп кызматтан кетиши керек. Себеби, биздин кызыкчылыгызбызды коргой турган эл аралык келишимдер бар. Ошону тышкы иштер министри менен тышкы саясатка жооп берген адамдардын кереги жок. Өзбекстан менен бир топ келишимдерибиз бар. Ошолордун негизинде баарын орду-ордуна коюп койсо болот эле да.

Президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоого байланыштуу чырлуу жагдайга мурунку бийлик күнөөлүү экенин кыйыткан. 24-августта өзүнүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы менен тышкы иштер министрин кабыл алып жатып чек арадагы тактала элек жерлерди экс-президенттер, ошол кездеги кызмат адамдары коңшулардыкы деп тааныган фактылар чыгып жатканын, алардын кээ бирин өзү деле эми билгенин айткан. Аларга чек ара маселеси боюнча бардык эл аралык келишимдерди, эки тараптуу макулдашууларды, протоколдорду иликтеп чыгууну тапшырган.