Жалал-Абад: жанга баткан чек ара азабы

Жалал-Абад, Аксы району. 2013-жыл

Ала-Бука жана Аксы районунун талаштуу аймактарында жашаган жергиликтүү эл кыргыз-өзбек чек арасын эртерээк тактап, белгилерди коюп берүүсүн суранууда.

Ала-Буканын Баймак айылынын тургундары өткөн жылдын күз айынан тарта мал жайып жүргөн жайытына чыга албай жатышат. Буга Өзбекстандын чек арачылары таш тизип, эч кимди өткөрбөй жатканы себеп болгон. Натыйжада, айылдыктардын 320 гектар жайыты кошуна өлкөнүн чек арачыларынын көзөмөлүндө калды:

- Тээтиги кара чокунун үстүндө былтыр өзбек чек арачылары жүргөнүн көрчүбүз. Чек ара тилкеси ошол жерден өтчү. Бул жерлерге биз мал жайып эле келгенбиз. Быйыл эле өзбек чек арачылары таш тизип, кооптонуп келе албай калдык. Жакын барсаң эле кармап, ары алып кетишет. Ата-бабабыздан бери бул жерлерди биз иштетип келгенбиз. Айылда малдан башка оокат кылчу киреше булагы барбы? Азыр эми малды да жая албай калдык. Үч-төрт адам болуп кайтарбасаң, кармап кетет,- деди айыл тургуну Кадырбек Ташматов.

Ала-Бука районунун Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешкен аймагы 202 чакырымга созулуп жатат. Райондогу 41 айылдын 19у чек ара аймактарында жайгашкан. Алардын ичинде 12 талаштуу участок бар.

Маселен, Өзбекстандын Касан-Сай району менен чектеш жайгашкан Баймак айылында 2 миң 300 адам жашайт. Алар аныкталбаган чек ара кесепетинен көптөгөн кыйынчылыктарга тушугууда. Жакында эле ачык чек ара тилкелерине жайылып кеткен 500 койду өзбек чек арачылары айдап кетишип, араң кайтарып беришкен.

- Чек араны тактамайынча, жашоочулар корко берет. Жок дегенде белги коюп, зым тартып койсо бизге жеңил болмок. Кошунамдын балдары жети коюн жайып жүрсө, чек арачылар айдап кетишкен экен. Аким аркылуу сүйлөшүп жатып араң кайтарып алдык. Кээде алардын чек арачылары биздин аймакка чейин кирип келишет. Аларда бат-баттан күзөттө турса, биздин чек арачылар төрт-беш саатта бир өтүшөт, - дейт дагы бир айыл тургуну Жеңиш Жолдошбаев.

"Азаттык" айылдыктардын арыз-муңунан кийин район башчысы Алымкул Кулуевге суроо менен кайрылды. Акимдин айтымында, бул аймактар боюнча азыр эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат.

- Өзбекстан былтыркы жылы талаш жаратып келген участканы өздүк картасы менен тактап, жакынкы күндөрү таш тизип коюптур. Биз барып көрүп, тиешелүү документтерди топтоп, өкмөткө жолдогонбуз. Азыр алар тактоо жумуштарын жүргүзүп жатышат.

Ал эми Баймак айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Жунусбек Бекишов талаш жараткан жер Өзбекстанга таандык экенин айтып, Кыргызстан аны убактылуу гана пайдаланып келе жаткандыгын билдирди:

- Эки өлкөнү буга чейин жол бөлүп турган, аркы бети өзбек тарап, бери жагын биз колдонуп келгенбиз. Алар да буга чейин чек ара ошол жерде деп ойлоп келишкен. Кийин алар өздүк картасы менен тактоо иштерин жүргүзүп, чындыгында ал жер Өзбекстандын жери экендиги такталган. Бирок алар азыр ал жерге болгону таш гана тизип коюшту. Бизде дагы бир маселе, чек арага жакын жерде 5 гектар жер бар, эки жылдан бери ошол аймакка турак жай курууга жер тилкелерин бергиле деп айтканыбыз менен ал чечилбей келет. Эгер ошол маселе эртерээк каралса, чек арага таасирин берет болчу.

Мындан сырткары Аксынын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Торук айылындагы 21 үй-бүлөнүн турак жайы чек ара тилкесинен 30 метр ары жылдырылат. Өзбекстан менен чектеш аймакта талаш жаратып келген 2900 метр аралык такталып, эл аралык документтерге ылайык, бейтарап аймакты сактоо максатында үйлөр көчүрүлүшү керек дейт район акими Медетбек Айдаралиев. Торук айылында учурда 220 үй-бүлө жашайт.

Жалал-Абад облусунун 9 айыл аймагы Өзбекстан менен 400 чакырымдай аралыкта чектешет. Ал аймактарда 22 участок такталбай турат.