Чокморова: ВИЧ жаштар арасында жайылууда

Үмүт Чокморова.

Ооруканадан балдарына, алардан энелерге ВИЧ жуккан жагдайлар кайра текшерилет.

Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморова «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал Кыргызстандагы жагдай, илдетти аныктоонун жаңы ыкмалары, жаштар арасында көбөйгөн себептери туурасында айтып берди.

«Азаттык»: - Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдетине кабылгандар боюнча жагдай кандай?

Үмүт Чокморова: - Канчалык алдын алуу иштерин жүргүзсөк да ВИЧке чалдыккандар көбөйүп жатат. Апрелдин башына карата өлкөдө бул илдет менен 9010 киши катталып, алардын ичинен 1952си каза болду.

Жалпысынан 658 бала ушул илдет менен катталса, анын 386сына дарт ооруканада жуккан. Кыргызстанда оорунун көрсөткүчү 100 миң кишиге деп эсептесек, 13 учур туура келет. Ошондо жыл сайын өлкөдөгү элдин 8%, башкача айтканда 450 миңге чейин адам текшерилип турат.

Дагы караңыз Дарт тооруган балалык

«Азаттык»: - Маалымат берилип, алдын алуу иштери жүрүп жатканына карабай, бул дартка чалдыккандар эмнеге көбөйүп жатат?

Үмүт Чокморова: - Он жыл мурда ВИЧ оорусу баңгилердин арасында көп катталчу. Азыр ийне аркылуу жуккандар 28 пайызды эле түзүп калды. Алардын арасында алдын алуу программалары үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун базасында, түрмөлөрдө көп иштейт. Ийнелерин алмаштырат, ийне ордуна метадонду кабыл алышат. Ошондуктан баңгилер арасында жугуу жолу азая баштады.

Бүгүнкү күндө оорунун жыныстык жол менен жуккан учурлары көбөйүп жатканы кооптондурат. 2008-жылы мындай жол менен ВИЧ жуккан учурлар 28% түзсө, бүгүнкү күндө 61-62% болуп калды. Айрыкча 20 жаштан 39 жашка чейин көп катталууда. Маалыматтар жетиштүү эле берилип жатат.

Бирок жаштар өзүнүн ден соолугуна кайдыгер караган, туш келди жыныстык катнашка барган, ичкилик ичип же баңгизат сайынып алып ким менен жатканын билбей калган учурлар көп болуп жатат. Биз ар бир учурга талдоо жүргүзөбүз. Ар бири киши ден соолугун бааласа жакшы болот эле.

Дагы караңыз Интернетке көчкөн сойкулук

«Азаттык»: - Анда ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын жыныстык өзгөчөлүгү деле теңелип калган турбайбы?

Үмүт Чокморова: - Мурда он жыл мурда дарт эркектердин арасында көбүрөөк катталып, аялдар 11-12% эле түзчү. Азыр аялдар арасында 35% көбөйдү. Эркектер аялдарга жуктуруп жатат десек болот.

«Азаттык»: - Алдын алуунун жолдору кандай болуп жатат? Мисалы «миграциядан келип же чыгып жатканда милдеттүү түрдө текшерилсин» деген демилге көтөрүлгөн эле...

Үмүт Чокморова: - Союз убагында, андан кийин деле башка өлкөгө виза менен кирчү эмес белек? Анда аэропортто, поезд менен кетип жатканда деле текшерилчү. Азыр визасыз режим болгон үчүн эч ким текшербейт. Чет мамлекетке барганда жумушка орношор алдында ВИЧ менен кургак учукка сөзсүз текшерилет, оору жукканы ошол убакта билинип жатат. Чет мамлекетте иштеп жүргөн мигранттардын арасында бул илдет менен 480дей киши катталган.

«Азаттык»: - «Азыр жаштар арасында ооругандар көбөйдү» деп айтып жатасыз. Демек ата-эне да ушул багытта сабаттуу, маалыматы бар болушу керек да. Балким алдын алуу иштерине ата-энелерди да кошуш керекпи?

Үмүт Чокморова: - СПИД оорусу менен күрөшүү жалаң эле медицина кызматкерлеринин иши эмес. Бул жерде бүт министрликтер, мекемелер бирдикте көп багытта иш алып баруу зарыл. Мектептерде ден соолук сабагында бул оорулар, тамеки чегүүнүн, баңгизаттын зыяны туурасында азыноолак айтылып кетет. Көп катталып жатканынын дагы бир себеби - текшерүүнүн жаңы ыкмалары киргизилип жатат. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп шилекейден аныктоо ыкмасы кирген.

Ушул багытта 19 өкмөттүк эмес уюм иштейт. Ошонун негизинде деле миңдей учур табылды. Мурда биринчи кан тапшыргандан жыйынтыкты алганга чейин бир айдан эки айга чейин убакыт кетип калчу. Ошол убакта деле ички миграциянын айынан оорулууну таппай калган учурларыбыз болгон. Азыр бир-эки жумада аныктап калдык.

Мындан сырткары ВИЧ илдеттүү энеден төрөлгөн баланын согончогунан кан алып текшеребиз. Кош бойлуу энелер дарыланган соң балдары таза төрөлүп жатат. Көп балдар каттоодон чыгарылды. Мисалы, башынан бери бизде 1200дөй кош бойлуу аял каттоого турса, 920дай бала каттоодон чыкты. Дарысын үзбөй ичип турса эле кандагы вирустун кыймыл-аракети азайып калат дагы, жыныстык катнашта болгон кишиге жукпайт. Иммунитет алсыз болсо адамда болгон оорунун баарын козгойт.

Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча ооруканада жаткандар арасында кимде-ким узак убакыт бою дене табы көтөрүлүп түшпөй койсо, ичи өтсө, жөтөлү басылбаса ВИЧке текшеребиз.

Дагы караңыз "ВИЧтин айынан Орусиядан куулдум..."

«Азаттык»: - Дарыгерге эрте кайрылса дарт өтүшүп кетпейт да. ВИЧтин алгачкы белгилери кандай?

Үмүт Чокморова: - Биринчи белгилери - бир айдан ашык ичи өтөт, дене табы көтөрүлөт. Башка оорулардан айырмаланып дене табы көтөрүлгөндө дары берсең түшпөйт, 37-38 болуп жүрө берет. Моюндагы, колтуктагы, такымдагы бездер чоңоёт. Көптөрү алсырап калганда гана дарыгерге кайрылып, ошол учурда гана билинип калат. Ошондуктан бир жылда бир жолу гепатитке, ВИЧке текшерилип коюш керек. Вирус организмге киргенде эки жумада эле аныкталат. Мурда кишиге жукканда антителону гана аныктасак, азыр вирустун өзүн аныктайбыз.

«Азаттык»: - Азыр «балдарына ооруканада ВИЧ жугуп, андан өздөрүнө жукту» деген энелер нааразы болуп чыгып жатышпайбы. Айрымдары «ооруканада жукту» дегендердин катарына кошулбай калганын айтып жатышат. Аларга илдет ооруканада жукканын аныктоонун жолу барбы?

Үмүт Чокморова: - Ошондой энелер «бизге да ооруканада жуккан» деп жылда эле чыгып жатышпайбы. Ошол кезде соттук-медициналык эксперттик комиссия түзүлүп иликтөө жүргүзгөн. Жакында дагы чоң комиссия түзүлүп, биз барып келдик. Ошол карталардын бардыгын иликтеп жатабыз.

Оштун ички иштер башкармалыгы, прокуратура кошулуп кайрадан иликтөөнү баштады. Бирок акыркы чечимди сот чыгарат. 17дей балага энесинен жуккан, энесине болсо жыныстык жол менен жуккан деп коюлган. Бирок ал энелердин күйөөлөрү таза болуп жатат. Жаңы комиссия иликтеп жатат. Ошол кезде ооруканага ВИЧ илдети жуккан балдар менен бир палатада дарылангандар бар экен. Айрымдары ошол жылдары 7-8 жолу ооруканага жаткан экен. Архивге өткөн документтерди кайра көтөрүп жатабыз.

Дагы караңыз ВИЧ жуккан балдардын өкүтү жана кыялы

«Азаттык»: - Демек азыр дарылоонун, дартты аныктоонун жаңы ыкмалары колдонулуп жатканы статистиканын көбөйүшүнө таасирин тийгизип жатат десек туура болобу?

Үмүт Чокморова: - Эрте аныктап, эрте дарылагандан кийин башкаларга жукпай калса эпидемияны токтотуп коюшубуз деле мүмкүн. Мисалы, 2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында «дүйнө жүзүндө ВИЧ/СПИД эпидемиясын жок кылабыз» деген резолюция кабыл алынган.

Ошонун алкагында быйыл өзүн өзү тестирлөө деген ыкманы киргизип жатабыз. Муну алгач өкмөттүк эмес уюмдардын базасында Ош жана Бишкек шаарларында эркек менен жыныстык катнашка барган эркектердин арасында текшерүү жүргүзгөнү жатабыз. Анын жыйынтыгы менен тесттер дарыканада сатыла баштайт. Анын алдында «тест кантип текшерилет, эгер дарт аныкталып калса кимге, каякка кайрылыш керек» деген чоң маалымат өнөктүгүн жүргүзөбүз.

Мисалы, азыр аялдар кош бойлуу экенин тест аркылуу эле алдын ала аныктап жатышпайбы. Ошондой эле кандагы канттын өлчөмүн текшерип жатышат. Биздин максат - 2030-жылга карата ВИЧтин жаңы толкунун жок кылуу. «Дарыларды үзбөй ичсе жукпайт» деп жатпайбызбы, демек өнөктөшүнө жукпай калат.

«Азаттык»: - Кыргызстанда эркек менен жыныстык катышка барган эркектер көппү?

Үмүт Чокморова: - Биз аларды аялуу топтор деп коёбуз. «Секс кызматын көрсөткөндөр, баңгилер жана эркек менен жыныстык катнашта болгон эркектер канча?» деп калк арасында изилдөө жүргүзүп, эсептеп турабыз. 2016-жылдагы эсептөөгө караганда, 25 миң баңги, 7,1 миң сойку бар деп эсептелген. Мындан сырткары эркек менен жыныстык катнашка барган 16,9 миң эркек бар деп эсептелген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.