Акция тууралуу жана өлкөдөгү ВИЧти алып жүргөндөргө болгон мамиле жөнүндө БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын Кыргызстандагы ыктыярдуу элчиси Эркин Рыскулбеков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
“Азаттык”: Эркин мырза, сиз жакында эле Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча атайын программасынын (UNAIDS) Кыргызстандагы ыктыярдуу элчиси болуп дайындалган турбайсызбы? Кандай милдетти аркалап жатасыз?
Рыскулбеков: Ыктыярдуу элчи экенимди ырастаган сертификат жакында эле ЮНЭЙДСдин кеңсесине келди. Бирок мен жыл башынан бери эле ыктыярчы болуп иштеп жатам.
Ушул убакыт ичинде кыргыз коомунун бул оору жөнүндө түшүнүгү тайыз экенин байкадым. Элге бурмаланган маалыматтар жетип жатканы өкүнүчтүү.
Айрымдар ВИЧ/СПИДди террорго теңейт экен. Ал ооруну алып жүргөндөрдү кодулашканын көрдүм. Маселен, мындан мурда түштүк тараптагы бир бассейндин ээси ВИЧ илдетине чалдыккан окуучуну киргизбей койгон. Дагы бир мектептин директору бул ооруну алып жүргөн баланы “мектептен чыгарам” деп коркуткан экен.
Жакында эле Ысык-Көлдө жыйын өттү. Биз да ага барып катышып келдик. Жыйынды белгилүү, чоң пансионатта уюштурушту. Ал жердин администрациясы ВИЧке чалдыккан балдар да келгенин уккандан кийин “кетиргиле, башка эс алуучулар коркот” деп чыгышты.
Ушундай көрүнүш ар бир шаарда, ар бир айылда жана көчөдө бар. Кимден сураба “бул илдет мага жукпасын, иши кылып менден алыс болсун” дешет.
Мына ушундай жаңылыш түшүнүктөн улам оорукчан адамды басмырлоо, бөлүп-жаруу жана башка терс көрүнүштөр келип чыгат.
“Азаттык”: Коомдогу мындай жаңылыш түшүнүктөрдү, басмырлоону жоюу үчүн кандай иш-чаралар өтүшү керек? Эмне жетишпей жатат?
Рыскулбеков: Маалымат жетишпейт деп ойлойм. Анализдеп көрсөм, биз ВИЧ/СПИД жөнүндө 1-декабрь жакындап калганда гана айтат экенбиз.
Ошондо маалымат каражаттарында бир-экин гана макала чыгып, ар кандай иш-чаралар өтүп, ошону менен эле чектелебиз. Элге маалымат жетишпейт. Оору жана андан сактануу жөнүндө дайыма айтып турганда балким башкача болмок.
Экинчиден, буга чейин калыптанып калган көз карашты өзгөртүү кажет. Эсиңердеби, бир кезде “СПИД - 21-кылымдын чумасы” деген жазуусу бар плакаттар чыккан, ошонун баары элге сиңип калган экен.
СПИД - бул эч кандай чума эмес. Бүгүнкү күнгө чейин бир топ балдар менен жолуктук, тренингдерди өткөрүп жатабыз. Эл менен сүйлөшкөн сайын алардын аң-сезими өзгөргөнү байкалат.
“Азаттык”: Ушул жайда ВИЧ оорулууларга карата стигма (калыптанган терс түшүнүк) жана басмырлоону жок кылуу максатын көздөгөн “Боорукер бол” аттуу медиа өнөктүгү башталыптыр. Бул ошол аракеттердин бириби?
Рыскулбеков: Бул “Сен жалгыз эмессиң” деген акциянын уландысы. Бир жыл мурда ал өнөктүктүн алкагында Кыргызстандагы айрым өнөр адамдары чогулуп, атайын видеоролик тартканбыз. Анда “ВИЧке чалдыккан балдар жалгыз эмес” деген маалыматты жеткиргенге аракет кылдык эле. Андан кийин ал балдар менен иштештик. Эми буюрса, “Боорукер бол” акциясы да өз жемишин берет деп ишенем.
"Азаттык": Сиз ошол элди боорукер болууга, ВИЧти алып жүргөндөрдү басмырлоону токтотууга чакырып жаткан учурда өзүңүз да алар менен бирге отуруп, кучакташып, чогуу тамактандыңызбы?
Рыскулбеков: Сөзсүз түрдө. Балдар менен жайкы лагерде чогуу жашадык. Алар менен иштешкениме бир жарым жылдай болуп калды.
Баары “ВИЧке өз каныңды тапшырып кет” деген акциядан башталган. Алгач мени ошол акциянын жүзү болууга чакырышты. Анан балдар, кийин алардын ата-энелери менен чогуу иштештим.
Кийинчерээк ВИЧке кабылган кош бойлуу айымга жолугуп, ал көз жарганча жанында боло албасам да, кабарлашып турдум. Бактыга жараша, дени сак наристе жарык дүйнөгө келди.
Азыр Ошко байма-бай барып турам. 2008-жылы ооруканадагы шалаакылык айынан бир нече балага бул илдет жукпады беле. Ошол балдарга жолугуп, тренингдерди өткөрүп, концерттерди коюп, кино көрсөтүп турабыз.
“Азаттык”: Сизге ыктыярчы болуу сунушу түшкөндө кандай кабыл алдыңыз? Эмне себептен сизди тандашты деп ойлойсуз?
Эркин Рыскулбеков: Эмне себептен мени тандашканын билбейм. Бул уюм менен көп иштегенден улам болсо керек. Өзүм теледе алып баруучу болуп жүргөн кезде да бул маселени көп көтөрчүбүз. Ошондон баштап эле тыгыз иштешип калдык.
Былтыр КМШ жана Чыгыш Европа боюнча UNAIDSдин элчиси Вера Брежнева келип, жогоруда айткан “Сен жалгыз эмессиң” деген акцияга катышып, чогуу видео роликке тартылдык. Ошондон кийин “сиздин жарандык позицияңыз туура келет экен” деп мага сунушташканда, алдыда чоң жоопкерчилик турганын сезип, милдетти аркалоого макул болдум. Азыр да бул чоң милдет экенин сезип турам.
"Азаттыктын" архиви: Дарт тооруган балалык
"Азаттык": Ыктыярдуу элчи катары калкка маалымат берүү, илдет тууралуу түшүндүрүүдөн башка эмнелерди аткаруу керек. Сизге дагы кандай милдеттер жүктөлгөн?
Рыскулбеков: Биринчиден, ыктыярдуу элчинин өзүнүн эл аралык эрежелери бар экен: өзүңдү туура алып жүрүү, коомго үлгү болуу деген сыяктуу.
Экинчиден, социалдык баракчаларыңа жайгаштырган билдирүүлөрдүн бир нече бөлүгүн ушул нукка багыттоо, кандайдыр бир бир долбоорлордун башталышына демилгечи болуу. Эң эле негизгиси коомчулуктун пикирин туура багытка бурууга көмөкчү болуу милдети турат.
"Азаттык": Маегиңизге рахмат!
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.